Чехиянын борбору Прагада 15-ноябрда өкмөттүн коомдук телеканалдар менен радиолорду каржылоо системасын өзгөртүү планына каршы массалык акция өттү. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, митингге 400 миңге жакын адам катышкан.
Нааразылыкка коомдук медианы жарандар төлөгөн атайын жыйымдын эсебинен эмес, мамлекеттик бюджеттен каржылоо сунушу себеп болду. Митингге чыккандар мындай өзгөрүү маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгына коркунуч жаратышы мүмкүн экенин айтышты.
Активисттер мыйзам долбоорун чакыртып алууну же аны медиа адистеринин катышуусу менен кайра карап чыгууну талап кылууда. Оппозиция сунушталган реформаны Венгриядагы өкмөттүн коомдук медианы көзөмөлгө алуу тажрыйбасы менен салыштырды.
Өкмөт болсо өзгөртүү жарандардын каржылык жүгүн азайтуу үчүн сунушталып жатканын билдирүүдө. Бирок коомдук телерадиокомпаниялар бюджеттен каржылоо алардын кирешесин болжол менен 15% кыскартарын айтып, буга каршы чыгышууда. Мындан улам ноябрдын башында коомдук медиа кызматкерлери иш таштоо акциясын өткөргөн.