ИИМ жемкорлукка байланыштуу иш козгоду
Ички иштер министрлиги Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда алтынды уруксатсыз казууга байланыштуу ири коррупциялык схема аныкталганын билдирди. Министрликтин 16-ноябрдагы маалыматына караганда, учурда бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө жүрүп жатат.
ИИМдин Тергөө кызматынын маалыматы боюнча, ноябрь айынын башынан тартып бир нече адам алдын ала сүйлөшүп алып, айрым кызмат адамдарынын колдоосу жана калкалоосу менен Чаткал районундагы Куру-Тегерек тилкесинде чачыранды алтынды мыйзамсыз казып алуу иштерин уюштурган.
Тергөөдө аныкталган маалыматтарга караганда, мыйзамсыз кен казуу иштеринде фронталдык жүктөгүчтөр, насостук жабдуулар жана алтынды жууп-тазалоочу техникалар пайдаланылган. Ошол эле учурда иштер жер казынасын пайдаланууга лицензиясы жана башка милдеттүү уруксат берүүчү документтери жок жүргүзүлгөн.
Казылып алынган алтын кийин расмий тартиптен тышкары сатылып турганы белгиленүүдө. Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, алтынды сатуудан түшкөн ири көлөмдөгү каражаттардын мыйзамсыз келип чыгышын жашыруу жана аларды мыйзамдуу киреше катары көрсөтүү үчүн ар кандай финансылык операциялар жүргүзүлүп турган.
Тергөө ошондой эле алынган акчанын бир бөлүгү мыйзамсыз ишмердүүлүктү калкалоо максатында район акиминин жана райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын атына акча которуу системалары аркылуу жөнөтүлүп турганын аныктаган.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында Чаткал районунун акими, 1975-жылы туулган С.А., Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, 1972-жылы туулган Т.Т., ошондой эле 1988-жылы туулган Э.А. жана 1979-жылы туулган Ж.З. кармалганы маалымдалды.
Кармалгандардын бардыгына карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы аныкталганы айтылды.
Учурда тергөө мыйзамсыз казылып алынган алтындын сатуу каналдарын, кылмыштуу жол менен алынган каражаттардын кыймылын жана аларды мыйзамдаштыруу схемаларын иликтөөдө. Мындан тышкары, алтынды мыйзамсыз казып алууну уюштурууга жана сатууга, ошондой эле андан түшкөн кирешелерди адалдоого тиешеси болушу мүмкүн болгон башка кызмат адамдарын жана жарандарды аныктоо иштери уланууда.
Азырынча кармалгандар жана алардын жакындары бул иш боюнча ачык комментарий бере элек. Ал эми укук коргоо органдары тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн кошумча маалымат кийинчерээк жарыяланышы мүмкүн экенин билдирүүдө.
Президент Садыр Жапаров 25-октябрда Чаткал районунун калкы менен жолукканда жергиликтүү тургундар алтын чайкоого байланыштуу маселе көтөргөн. Жаңы-Базар айылынын тургуну Султаналы алтын чайкоонун көлөмүн көбөйтүп берүнүн суранган.
“Чаткалдын ичинде алтын чайкалып аткан жерлерде “техника менен анча-мынча адамдардын иштөөсүнө уруксат” деген башта өкмөттүн токтому болчу эле. Уруксат кагаз берилчү. Азыр уруксат кагаз барбы-жокпу билбейм, эми ошону кайра жандандырып бере аласыздарбы деген үмүт менен кайрылып жатамын”.
Ал жерде райондун акими Алтынбек Сеңирбаев жергиликтүү тургундар алтын чайкоонун көлөмүн көбөйтүп берүүнү өтүнүп жатканын айткан.
“Старателдик боюнча уруксат берип атабыз, 50 сотыхка чейин бергенге биздин компетенцияда бар. Сурап аткандары – “саатына эки кубдан ашпасын” деген кирип калган. Азыр бул кишинин сурап атканы ошону жогорулатып бербесе, булар бир саатта эки кубдан ашпай чайкашы керек. Бул кишинин айтканы ошол болуп атат, техника колдонбош керек”.
Чаткал районунун акими Сеңирбаевге байланыштуу маселе калк арасында буга чейин да айтылып келген.
Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев июнь айында айылдарды кыдырып, эл менен жолукканда бир нече жерде акимдин ишмердигине нааразылык билдиришкен.
Каныш-Кыя айылында аким өзүнүн орун басары жана атайын кызматтын өкүлү менен бирге мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап келатканын айтып чыгышкан. Айгыр-Жал айылындагы жолугушууда Сеңирбаевдин аты аталган коррупциялык иш аягына чыкпай калганына кызыгышкан. Айгыр-Жал айылынын тургуну Абдылдабек Кадыров мындай деген:
“2023-жылы 8-апрелде акимдин жана орун басарынын үстүнөн коррупция боюнча иш козголгон. Ошол иштер ошол бойдон жабылып кала береби? Ушул убакка чейин эмнеге жыйынтык чыкпайт? Бирок, биринчи орун басары жумуштан кетти, аны сиз жакшы билесиз”.
Чаткал району Кыргызстандын алтынга эң бай аймактарынын бири болуп эсептелет. Бул жерде өлкөдөгү ири алтын долбоорлорунун катарына кирген Чаарат, Иштамберди жана Терек-Сай кендери жайгашкан. Терек-Сайда алтындын кору 32 тоннадай деп бааланат. Чааратта 91 тоннадан ашуун, Куру-Тегеректе 100 тоннадай алтын кору бар экени жазылып жүрөт. Кендер түркиялык, канадалык жана кытайлык инвесторлордун катышуусунда казылып келет. Аймакта өнөр жайлык кендер менен катар чачыранды алтын кендери да кеңири тараган.
Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков калк арасында чачыранды алтынды жууп өндүрүү Союз кезинен бери келаткан маселе экенин айтат:
“Чаткал өрөөнүнүн ичи 90-жылдардан бери бир мезгилдерде Чаткал суусунун, ошол Терек-Сайдын ичи, оң жак өрөөндөрү, Чаткалдын суусунун оң жак жээги толугу менен казылып, бир тереңдикке чейин алынган болсо, кийинки жылдары сол жээктери алынып, дагы бир жылдары суунун агымын өзгөртүп, башка жакка буруп, суу аккан жердеги породадан чачыранды алтынды жууп жүргөн мезгилдерин биз угуп эле келгенбиз. Бирок, ошондой болгондо дагы мына бүгүнкү күндө деле ошол жерде чачыранды алтындар бар”.
Чаткалдагы мыйзамсыз иштер
Бул окуя Чаткалдагы алтын кендерине байланыштуу маселени кайрадан күн тартибине чыгарды. Буга чейин президент Садыр Жапаров райондун эли менен жолугушууда тоо-кен тармагы Чаткалдын өнүгүшүнүн негизги булактарынын бири экенин белгилеп, кен иштетүү мыйзам талаптарын сактоо жана жаратылышка зыян келтирбөө шартында жүргүзүлүшү керектигин айткан эле.
Бирок соңку окуялар райондогу алтын өндүрүү тармагында мыйзамсыз иштер дагы эле токтой элек экенин көрсөтүп, мамлекеттик көзөмөлдүн натыйжалуулугу тууралуу суроо жаратып олтурат.
Чаткал районунда жана Жалал-Абад облусунун коңшу райондорунда акыркы жылдары чачыранды алтын кендерин мыйзамсыз иштетүүгө жана аткаминерлердин коррупциясына байланышкан бир катар кылмыш иштери козголгон.
2023-жылы “Чаткал” токой чарбасы мекемесинин кызмат адамдары мыйзам талаптарын одоно түрдө бузганын Башкы прокуратура маалымдаган. Мекеме билдиргендей, Чаткал районундагы “Каратөбө-Бузук” участогунан жер казынасын пайдалануу жөнүндөгү лицензиясында көрсөтүлгөн 24,07 га жер аянтынын ордуна жалпы 42,9 га жер аянтына “Э” ЖЧКсы менен 2026-жылдын 15-июнуна чейин ижара келишимин түзүшүп, ашыкча 18,83 га жер аянтын мыйзамсыз ижарага берип жиберишкендиги аныкталган.
2021-жылы «Азаттык» Чаткалда чачыранды алтын казган компаниялардын дээрлик баары салык төлөбөй жатканы, лицензиялар колдон-колго өтүп кеткени жана экологияга зыян келтирилип жатканы тууралуу көлөмдүү журналисттик иликтөө жарыялаган.
Быйыл июль айында Чаткалга байланыштуу экологиялык мыйзам бузуу фактысы тууралуу кабарланган. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Чаткалдагы алтын кендерин текшерген. Натыйжада калдык сактоочу жайлардын ишинде тиешелүү лицензиялык жана уруксат берүүчү документтер жок экени аныкталып, компанияларга чара көрүлөрү эскертилген.
Бир жыл мурда, 2025-жылдын сентябрында токой чарбасындагы паракорчулук тууралуу маалымат чыккан эле. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Чаткал токой чарбасынын башчысын 5 миллион сом пара алууга шектеп кармаган. Ал кызматтык абалынан пайдаланып, Чоң-Жайык жеринде алтын казуу менен алектенген «Алтын Белги» компаниясынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу мыйзамсыз иштерге барганы кабарланган.
2024-жылы «Сарай-Сай» кенинен көлөмү 1100 тоннадан ашык алтын рудасын мыйзамсыз ташып чыгуу фактысы аныкталган. Укук коргоо органдары руданы мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган топту кармаганы маалыдалган.
23–25-октябрь күндөрү мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Чаткалдын активи жана тургундары менен өткөргөн жыйында жергиликтүү ишкерлер чачыранды алтын казуудагы чектөөлөр жана ири компаниялар менен кызматташуу маселелерин көтөрүшкөн.
Чачыранды алтын боюнча берилген лицензиялар
Кыргызстанда чачыранды алтын казып алууга жалпысынан 96 лицензия берилгенин, анын теңинен көбү, тактап айтканда, 67си казып алууга, калгандары чалгындоо үчүн алынганын өкмөт өкүлү былтыр билдирген. Учурда он гана компания алтын чайкап жатканы маалымдалган.
Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитетинин 2025-жылдын 20-майындагы жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Кубат Касейинов лицензиянын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунда берилгенин белгилеген.
"Чаткал району боюнча 45, Ала-Букада эки, Аксыда алты лицензия берилген. Ушул жылдын башына карата иш жүргүзгөн он компания болду, жалпысынан 166 килограмм алтын казылган. Укук коргоо органдарынын каттарынын негизинде чачыранды алтын казган Жалал-Абаддагы 35 компанияны пландан сырткары текшерүү болгон. Натыйжада мамлекетке, экологияга келтирилген зыянга байланыштуу 1 миллиард 39 миң сом доо коюлган. Бүгүнкү күндө анын 163 миллион сому өндүрүлдү",-деген Касейинов.
Аталган комитет жыйында чачыранды алтын казып алууга байланыштуу кырдаалды, айлана-чөйрөгө тийгизген таасири жөнүндө маалымат алган. Айрым депутаттар бул тармакка көңүл бурууну күчөтүү, лицензиясы бар, бирок кен каза элек компанияларга чара көрүү өңдүү сунуштарды айтышкан.
Өлкөдө чачыранды алтын казуунун пайдасынан зыяны көптүгү тууралуу талаш-талкуу токтобой келет. Мындан улам өкмөт токтому менен чачыранды алтын казууга 2020-жылы мораторий кирген. Бирок ошол маалга чейин берилген лицензиялардын мөөнөтүн узартуу каралып калган.
Улуттук коопсуздук комитети Жалал-Абадда кен казган компаниялардын ишин көзөмөлдөө үчүн атайын мамлекеттик ишкана түзүү каралып жатканын билдирген. Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунда мындай фирмалардын айынан экология зыянга учурап, дээрлик 2 миллиард сомдук чыгым аныкталганын маалымдаган. Мындай ишкана түзүлүп-түзүлбөгөнү тууралуу маалымат берилген эмес.
Мыйзамды жана экологиялык нормаларды сактоо талабы
Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда райондун өнүгүүсүндө тоо-кен тармагынын орду чоң экенин белгиледи.
Анын айтымында, акыркы жылдары Чаткалдын бюджети бир нече эсе көбөйүп, инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорго көбүрөөк каражат бөлүнө баштаган.
«2021-жылы Чаткал районунун бюджетинин көлөмү 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 746 млн сомго жеткен. Башкача айтканда, райондун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу болжол менен 2,5 эсеге көбөйгөн», - деди президент.
Мамлекет башчысы тоо-кен компаниялары социалдык милдеттенмелерден сырткары кирешесинин 2 пайызын өнүктүрүү фонддоруна которуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, дүйнөлүк бааларга жараша бул каражаттар жыл сайын 200 миллиондон 500 миллион сомго чейин жетип, айылдардагы социалдык объектилерди оңдоого жана жаңылоого жумшалууда.
Ошол эле учурда президент кен байлыктарын иштетүүдө мыйзам талаптарын жана экологиялык нормаларды сактоо зарыл экенин өзгөчө белгиледи.
«Биз бир нерсени эстен чыгарбашыбыз зарыл, албетте кен байлыктар казылат, бирок кен иштетилген соң ал жерлерге техникалык жана биологиялык рекультивация сөзсүз түрдө, толук кандуу жасалышы шарт. Жаратылышка, келечек муунга зыян келбеши керек», - деди Садыр Жапаров.
Президенттин айтымында, кен байлыктарынан түшкөн кирешелердин эсебинен жол, билим берүү, энергетика жана суу менен камсыздоо тармактарында бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Ал мамлекет Чаткалдын инфратүзүмүн жакшыртуу жана калктын жашоо шартын көтөрүү боюнча иштерди улантарын белгиледи.
Алтынга эң бай аймактардын бири
Чаткал району Кыргызстандын алтынга эң бай аймактарынын бири болуп эсептелет. Бул жерде өлкөдөгү ири алтын долбоорлорунун катарына кирген Чаарат, Иштамберди жана Терек-Сай кендери жайгашкан. Аймакта өнөр жайлык кендер менен катар чачыранды алтын кендери да кеңири тараган.
Эгемендик жылдарында Чаткалга чет элдик инвесторлор келип, бир катар ири алтын долбоорлору ишке ашырыла баштаган.
Райондогу эң ири долбоорлордун бири болгон Чаарат алтын кенинде акыркы жылдары масштабдуу инвестициялык иштер жүрүүдө. Долбоор боюнча жарыяланган маалыматтарга ылайык, 2026-жылы алтын өндүрүүчү фабриканын курулушуна старт берилип, жалпы инвестиция көлөмү 556 миллион доллар деп бааланууда. Ишкана толук кубаттуулукка чыккан учурда жылына 6-7 тоннага чейин алтын өндүрүү пландалууда.
Чаарат долбоорунун курамына кирген Түлкүбаш жана Кызылташ кендери өлкөдөгү эң ири алтын ресурстары жайгашкан участоктордун бири экени белгиленип келген. Компаниянын маалыматына ылайык, бул кендердеги алтын ресурстары миллиондогон унция менен эсептелет.
Ошол эле учурда Чаткал мыйзамсыз алтын казуу көйгөйү менен да көптөн бери белгилүү. Расмий маалыматтар боюнча, өлкөдөгү чачыранды алтын казууга берилген лицензиялардын басымдуу бөлүгү ушул районго туура келет. Жергиликтүү тургундар менен экологдор акыркы жылдары дарыялардын нугу бузулуп, жерлер талаптагыдай калыбына келтирилбей жатканын айтып келишет. Ушундан улам чачыранды алтын казууну чектөө же ага көзөмөлдү күчөтүү маселеси бир нече жолу көтөрүлгөн.
Шерине