Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:30

Өкмөт милдетин аткарбаган инвестордон жери алынарын эскертти

Алтын казылган жер. Чаткал, Жалал-Абад облусу. (архив)
Алтын казылган жер. Чаткал, Жалал-Абад облусу. (архив)

Инвестор узак мөөнөткө алган жерди он жылдын ичинде иштетпесе жер алынат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова парламентте билдирди.

Анын айтымында, жерди максаттуу пайдаланбаган, кыртышты бузган инвесторлор чет элдик, жергиликтүү экенине карабастан жоопко тартылат. Бузулган жер кыртышын калыбына келтирүүгө милдеттендирилет.

Депутат Айсаракан Абдибаева айрым инвесторлор кен байлык издеп, табиятка зыян келтирип, бирок калыбына келтирбей кетип калып жатышканын, алар айыл өкмөт башчыларын, жергиликтүү бийлик ээлерин тоотпой турганын айтты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев инвесторлор жер кыртышын бузса, кайра калыбына келтирүүгө милдеттендирүү инвесторлор менен жеке келишимге киргизилерин белгиледи.

Амангелдиев да келишимдеги милдеттенмесин аткарбаган инвесторлор жоопко тартыларын айтты.

Жогорку Кеңеш 7-октябрдагы отурумунда Жер кодексине, “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун 1-окуудан карап, кабыл алды.

Министрлер кабинети 14-июлда мамлекеттик жерлерди инвестициялык жана стратегиялык долбоорлор үчүн берүү тартибин өзгөртүүнү сунуштаган. Анда президенттин чечими менен жер тилкелерин жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде чет элдик инвесторлорго, бир жолку төлөмдүн негизинде 50 жылга чейин убактылуу пайдаланууга берүү каралган. Бул демилге коомдо кызуу талкуу жараткан. Мыйзам долбооруна ылайык, жер тилкеси тышкы жана ички инвесторго бирдей шартта берилет. Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жер 10 жылга пайдаланууга берилет. Инвестор өзүнө алган милдеттенмелерди толук жана өз убагында аткарган учурда жерди пайдалануу мөөнөтү 25, кийин 50 жылга чейин узартылышы мүмкүн.

Президент Садыр Жапаров 17-июлда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек куруп, Жер кодексине сунушталган өзгөртүүлөр боюнча коомдогу кооптонууларга жооп берген. Ал чет элдик инвесторлорго жерди 49-50 жылга чейин ижарага берүү механизми Кыргызстанда көп жылдан бери колдонулуп келгенин айтып, инвестор жерге менчик укугуна ээ боло албай турганын, белгилүү мөөнөткө гана пайдалана аларын билдирген.

Мамлекет башчы 21-июлда Фейсбуктагы баракчасында пост жазып, чет элдик инвесторлорго жер убактылуу пайдалануу үчүн гана берилерин кайталаган.

Азыр иштеп жаткан Жер кодекси боюнча чет элдик жаранга жердин үстүндөгү мүлк жеке менчик катары катталат. Ал эми жер тилкеси 49 жылга ижарага берилет. Айыл чарба багытындагы жерлер болсо чет өлкөлүктөргө убактылуу пайдаланууга да берилбейт. Чет өлкөлүктөр калктуу конуштан жана курулуш жүргүзүүгө уруксат берилген жерлерден гана мүлк алса болот. (ZKo)


Шерине

​
XS
SM
MD
LG