Зеленский Орусия чабуулдун өзгөчө тактикасын колдонуп жатканын айтты

Украина. Орусиянын соккусунан кийин.

16-ноябрь күнү эртең менен Орусиянын соккусунан Украинанын Днепр шаарында бир адам каза болуп, дагы үч киши жаракат алды. Бул тууралуу Днепропетровск облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа билдирди.

Бул акыркы суткадагы шаарга жасалган биринчи чабуул эмес. Буга чейин дрон чабуулунун натыйжасында бир аял жаракат алып, бир нече көп кабаттуу турак жай зыянга учураганы маалымдалган.

Харьков облусунда соңку бир сутка ичинде орусиялык соккулардан тогуз адам жабыркады. Ал эми Одесса облусунда дрондор бир катар инфраструктуралык объекттерге зыян келтирип, өрт чыккан.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия акыркы айларда аймактарды бутага алуунун өзгөчө тактикасын колдонуп жатканын билдирди. Анын айтымында, орус күчтөрү белгилүү бир облусту тандап алып, бир нече күн бою ошол аймактагы энергетикалык тармактарды, көмөкчордондорду жана башка объекттерди тынымсыз аткылоого басым жасоодо.

Зеленскийдин айтымында, сентябрь айынан бери эң көп сокку Днепропетровск облусуна урулган. Бул аймак 131 жолу бутага алынган катталган. Киев облусунда 125ти түзгөн. Житомир жана Сумы облустарында болсо жүздөн ашык сокку катталган. Украина бийлиги бул чабуулдар энергетикалык жана жарандык инфраструктурага олуттуу зыян келтирип жатканын белгилөөдө.

Дагы караңыз

Орусиянын бир катар аймагы дрон чабуулуна кабылдыКыргызстанда айылдардын 41,5% гана ичүүчү таза суу менен камсыздалган Бишкекте баласын көтөрүп турган келинге зомбулук көрсөткөн шектүү кармалдыСот экс-депутат Дүйшөн Төрөкуловго айып салып, камактан бошотту