Быйыл жыл башынан бери өлкөдө 42 өзгөчө кырдаал катталып, андан 42 адам каза болду. Материалдык чыгымы 468 млн 502 миң сомду түздү. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев парламенттин тармактык комитетинин 17-ноябрдагы жыйынында билдирди.
Анын айтымында, былтыр ушул убакта 14 кырсык катталып, 32 адам каза болгон. Маалыматка караганда, быйыл жалпысынан ар кандай 3649 кырсык катталып, андан 302 адам каза болду.
Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин издөө, куткаруу иштерин уюштуруу жана жүргүзүү даярдыгы боюнча маалымат угуп жатат.
7-ноябрдан бери Ала-Арча капчыгайында изделип жаткан Амир Кунакуновдун сөөгү 9-ноябрда табылган. Бул трагедиядан кийин ӨКМдин издөө иштерине сын күчөгөн.
Жакындарынын айтымында, Амир Кунакунов 7-ноябрда эртең мененки саат 7лер чамасында Ала-Арчада чуркоо боюнча мелдешке катышуу үчүн үйдөн чыккан. Уюштуруучулар анын жаш курагына байланыштуу мелдешке катыштырбай коюп, ал Адыгене капчыгайы тарапка басып кеткени айтылган.
Кечке жуук саат 19:00дө ал өзү ӨКМге чалып, адашып кеткенин кабарлаган. Андан кийин байланыш үзүлгөн. ӨКМ “Эдельвейс” куткаруучулар тобу менен ошол күнү 22:00дө гана байланышууга мүмкүн болгонун, ал топ Рацек аймагында эвакуация иштерин жүргүзүп жүргөнүн билдирген. Куткаруучулар тобунун үч куткаруучусу Кунакуновду издөөгө киришкени айтылат.
9-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өспүрүмдү издөө иштерин күчөтүүнү тапшырган. Издөө операциясына ӨКМдин кызматкерлеринен тышкары альпинисттер, дрон учурган ыктыярчылар жана тик учактар да катышкан.
Баланы издөө иштери боюнча коомчулукта талкуу жүрүп, ӨКМдин дарегине ыкчам аракет болгон эмес деген таризде сын-пикирлер көп айтылып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов министрлик бул окуя боюнча "моралдык күнөөсүн сезерин" билдирген.
Президент Садыр Жапаров 11-ноябрда Амир Кунакуновдун өлүмүнө байланыштуу өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевге катуу сөгүш берген.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ушул эле күнү өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асановду жана министрликтин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы Азис Эгембердиевди кызматтан алган. Ошондой эле ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо боюнча мамлекеттик борборунун башчысы Тынарбек Мурашов да кызматынан бошоткон.
Каза болгон бала Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Максат Кунакуновдун уулу. Жаза аткаруу кызматы Кунакуновго уулун узатуу зыйнатына катышууга уруксат берген. (КЕ)