Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов саясатчы Өмүрбек Суваналиевдин мамлекет башчы менен жолугушуусу жана кыргыз тили сынагы тууралуу айткандары боюнча комментарий берди. Ал 17-ноябрда Фейсбук баракчасына Жапаров ар кандай саясий күчтөрдүн өкүлдөрү, анын ичинде президенттикке талапкерлигин коюуну көздөгөн жарандар менен да жолугушууларды өткөрүп келерин, бирок кимдир бирөөнү тесттен өткөрүү боюнча эч кандай тапшырма берилбегенин жазды.
"Мындай жолугушуулардын биринде "Кыргызтесттен" өтпөй калган талапкерлердин маселеси көтөрүлүп, мамлекет башчысы тестти кайра тапшырууга, керек болсо он жолу аракет кылууга мыйзам жол берерин айткан. Бирок кимдир бирөөнү тесттен өткөрүү боюнча эч кандай тапшырма берилген эмес. Суваналиевдин билдирүүсү өз билими жана аракети менен тесттен өткөн башка талапкерлердин эмгегине шек келтирбеши керек. Алардын жетишкендигин кимдир бирөөнүн көрсөтмөсүнө байланыштырып, билимин жана аракетин жокко чыгаруу туура эмес", - деди Алагөзов.
Ал Жапаров бардык талапкерлер үчүн мыйзам чегинде бирдей шарт болушун, шайлоонун ачык-айкын жана атаандаштык негизде өтүшүн колдой турганын да белгиледи. Ошону менен катар шайлоо өнөктүгү учурунда "ар кандай саясий билдирүүлөр, бири-бирине карама-каршы пикирлер, ушак-айыңдар дагы көп болорун жана бул саясий атаандаштыктын ажырагыс бөлүгү" экенин кошумчалады.
Мунун алдында саясатчы Өмүрбек Суваналиев журналист Майраш Базлакуновага курган маегинде Сыймык Жапыкеев экөө президент Садыр Жапаров менен жолугуп чыкканын жана анда тил сынагы тууралуу сөз болгонун айткан.
Президенттикке талапкер болуу ниетин билдирген Өмүрбек Суваналиев менен Сыймык Жапыкеев “Кыргызтест” мекемесинде мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча тест тапшырып, лексика, грамматика, окуудан жана сүйлөөдөн өтүп, жазуудан жетиштүү балл топтой алышкан эмес.
Жапыкеев экинчи жолу сынак тапшырып, жетиштүү балл топтой алган.
Суваналиев кайра сынак тапшырган эмес.
Талапкер мамлекеттик тилди “ортодон жогору” деңгээлде билиши керек жана “Кыргызтест” мекемесинде тапшырган тесттин жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) бериши зарыл.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. (КЕ)