Кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди

Иллюстрациялык сүрөт.

18-ноябрда таңкы саат 6:46да Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында жер титиреди. Силкинүүнүн күчү айрым айылдарда 3 баллга жетти.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн күчү очогунда 4,5 балл болду. Очогу Тажикстандын аймагында, Кара-Тейит айылынан 32 чакырым түштүк-батышта жана Баткен шаарынан 102 чакырым түштүк-чыгышта жайгашты.

Кыргызстандын Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит, Карамык жана Шибээ айылдарында жер титирөө 3 балл болуп сезилген.

Буга чейин 4-ноябрга караган түнү Чоң-Алай жана Алай райондорунда үч жолу жер титирөө катталган. Алардын эң күчтүүсү очогунда 5,5 баллга жеткен. Бор-Дөбө айылында 5 баллга жакын, Талды-Суу, Арча-Булак жана Сары-Могол айылдарында 4 балл, Дароот-Коргон жана Нура айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Экинчи силкинүүнүн күчү очогунда 3,5 балл болгон.

Ошол эле күнү очогунда күчү 4,5 баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталган. Расмий маалыматка ылайык, анын күчү Бор-Дөбө айылында 4,5 баллга жакын, ал эми Талды-Суу, Сары-Таш, Кара-Киндик, Сары-Могол жана Нура айылдарында 3,5 баллга чейин жеткен. (ZKo)

Дагы караңыз

Сох аркылуу өтүүдөгү кезек: Чек ара кызматы маалымат бердиӨкмөт башчы Касымалиев бийлик өкүлдөрү шайлоого кийлигишпей турганын айттыБишкекте жол тескөөчүнү унаасы менен сүйрөп кеткен айдоочуга кылмыш иши козголдуКара-Суу: Соодагерлердин митинги, талаш жараткан маселелерЭкстремизмге айыпталгандар. Коопсуздук чарасыбы же бийликтин басым куралыбы?"Баламды бычакташкан, кечирим жок". Эненин күйүтүн козгогон өтүнүч