Элдар Жакыпбеков коюлган айыпка макул эместигин адвокаты билдирди

Элдар Жакыпбеков. Архив.

23-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков менен УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиевге (ред: каймана аты Пито) козголгон кылмыш иши боюнча алгачкы отурум өттү. Бул процессте алдын ала угуу болду, кийинки отурум 4-декабрга белгиленди.

Процесстен кийин Жакыпбеков коюлган айыптарды мойнуна албай турганын адвокаты Эмил Макешов журналисттерге билдирди.

“Азаттыктын” кабарчысынын: “Жакыпбеков кылмыш ишин Ташиевге байланыштырабы? Коомчулукта ал учурунда УКМКнын мурдагы төрагасынын жакын кадрларынын бири деп сыпатталып жатат”,-деген суроосуна: “Мындай байланыш тууралуу айыбы угузулган эмес. Андай маселе каралган жок”, - деди Макешов.

Аскер прокуратурасы аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

“Эду” деген каймана аты бар Элдар Жакыпбеков 10-февралда Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалыгынан алынгандан көп өтпөй кармалган. Анын артынан эле УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Тилек Абдыкалыков жана Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук коллеждин мурдагы директору Айбек Ташматов кармалган.

Биринчи май райондук сотунун маалыматында, Бердибек Боронбаев 27-ноябрга, Айбек Ташматов 20-декабрга жана Тилек Абдыкалыков 15-декабрга чейин камакта калтырылды.

Июнь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев мыйзамсыз иштерге аралашкан деген негизде УКМКдан 96 кызматкер жумуштан четтетилип, 24үнө кылмыш иши козголгонун билдирген.

Дагы караңыз

Тажикстан Эл аралык кылмыш сотунан чыгуу боюнча БУУга билдирүү жөнөттүЖенсен Хуанг Nvidia компаниясынын жетекчилигине кайтып келдиМинистр Чыныбаев Амир Кунакуновдун өлүмүнө "адам фактору" себеп болгонун билдирдиПрезидент Жапаров аймактардагы маселелер боюнча кеңешме өткөрдү