Кыргызстанда телефон алдамчылыгына каршы күрөштү күчөтүү үчүн “Антифрод” системасы иштелип чыкты. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин 24-ноябрдагы жыйынында билдирди.
Бул система Башкы прокуратуранын демилгеси менен “Укук” мамлекеттик ишканасынын, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук банктын ортосунда түзүлдү.
“Эми бул тутум 26 коммерциялык банк менен туташтырылат. Жарандардан арыз түшкөндө милиция анын бардык маалыматтарын алып, тутумга киргизет. Бул маалымат коммерциялык банктарга түшүп, алар эсепти 30 күнгө блокко коюп берет”, - деди Коңкубаева.
Ал система учурда сыноодон өтүп жатканын, андан кийин пилоттук режимде колдонууга берилерин кошумчалады. Буга удаа эле милиция кызматкерлерин окутуу иштери жүрүп жатканын билдирди.
Ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов чет өлкөдө туруп Кыргызстандын аймагында шылуундук кылгандарга каршы ИИМде киберкоопсуздук боюнча башкармалык ачылганын, Интерпол бюросу да иштеп жатканын маалымдады. Анын пикиринде, “Антифрод” долбоору иштей баштаса жарандардан уурдалган каражатты сыртка чыгарып кетүүсүн алдын алууга болот.
Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылы интернет алдамчылыгына байланыштуу 1547 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 837 кылмыш ишинин бети ачылып соттук кароого жөнөтүлгөн. Келтирилген чыгым 826 млн 495 миӊ сом деп эсептелип, анын ичинен 73 млн 896 миӊ сом кайтарылган.