Депутат Абиров майыптыгы бар балдарга атайын мектеп ачууну сунуштады

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкек шаарында майыптыгы бар балдарга атайын мектептерди ачууну парламенттин 25-ноябрдагы жыйынында сунуштады. Ал 2026-жылдын май айына карата Бишкекте 5 миң бала майыптыгы барлардын тизмесинде турганын, шаарда үч гана муниципалдык көмөкчү мектеп бар экенин белгиледи. Ал эми майыптыгы барларга ыңгайлашкан менчик мектептердин акысы көпчүлүк ата-энелер үчүн кымбат экенин айтты. Мындан улам айрым балдар билим ала албай, коомго аралашпай калып жатканына токтолду.

“Мындай мектептерде балдар билим гана албастан, өз алдынча тамактануу, баарлашууну жана турмушта керек жөндөмдөргө ээ болушу керек. Ошол эле учурда кадимки мектептерде инклюзивдүү билим берүүнү да кеңейтүү керек. Муну менен биз эки маселени чечебиз. Балдар билим алып, өнүгөт. Ата-энелер иштеп, үй-бүлөсүн багууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул маселени Бишкек менен чектебей, өлкөнүн бардык аймактарында этап-этап менен чечиши керек. Мамлекет мындан тышкары дефектологдорду, логопеддерди жана сурдопедагогдорду даярдоого өзгөчө көңүл бурушу керек”,-деди Абиров.

Депутат өкмөт менен Бишкектин мэриясына келерки жылдын бюджетине атайын мектептерди долбоорлоону киргизип, кийинки жылдан курулушка каражат бөлүүнү сунуштады.

Расмий маалыматтарга караганда, 2025-жылдын сентябрына карата Кыргызстанда 218 миңден ашуун майыптыгы бар адам катталган. Алардын 37 миңден ашууну балдар.

2010-жылы өлкөдө майыптыгы бар 22 миң бала катталса, 2023-жылы алардын саны 37 637ге жеткен. Кийинки жылдар боюнча расмий маалымат жарыяланган эмес. Майыптыгы бар 37 миңден ашуун баланын 15 миңге жакыны туруктуу кароого жана багууга муктаж.

Дагы караңыз

Медицинаны окуткан 14 мекеменин жетекчисине сөгүш берилдиАламүдүндүн жогорку аймагында казуу иштерине мораторий киргизүү сунушталдыУкраина: Соңку чабуулда набыт болгондордун арасында ымыркай бар Иранда хижабсыз ырдаган Парасту Ахмадини 74 жолу балак уруп жазалашты