Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов жарандарды президенттик шайлоодо талапкер болуу үчүн арыз берген саясатчыларды “Түндүк” тиркемеси аркылуу колдоп коюуга чакырды. Ал кол чогултуу үчүн берилген мөөнөт азайып жатканын белгилеп, мамлекеттик органдардын жетекчилерин да бул маселеде активдүү болууга үндөдү.
“Кызматкерлериңиздерге, кесиптештериңиздерге кол топтоо боюнча туура маалымат жеткирип, алардын бул процесске активдүү катышуусуна шарт түзүп берсеңиздер. Антпесек, 30 миң кол топтой албай жаткан талапкерлер саясатка айлантып, бийлик бут тосуп жаткандай айтышы мүмкүн. “Түндүктө” эч ким бут тосо албайт. Талапкерге добуш берген тизме талапкердин өзүнөн башка эч кимге көрүнбөйт. Жөн эле бийликти жамандап, саясатташтырганды токтотолу”, - деди Алагөзов.
Президенттик шайлоодо талапкер болом деген 11 жаран Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген. 25-ноябрга карата алардын ичинен төрт жаран – Сыймык Жапыкеев, Садыр Жапаров, Исхак Масалиев жана Аймен Касенов 30 миңден ашык кол топтогон. Калган жети талапкер болом деген жарандардын кол топтоо жараяны уланып жатат.
Мыйзамга ылайык, алар талапкер болуп катталуу үчүн 8-декабрга чейин 30 миңден кем эмес кол топтошу керек.
18-ноябрда президент Садыр Жапаров президенттик шайлоодо талапкер болом деген сегиз кишини кабыл алган. Жолугушуудан кийин социалдык тармактар аркылуу кайрылуу жасап, шайлоого аттанган бардык талапкерлерди “Түндүк” тиркемесинен колдоп коюуга чакырган.
18-ноябрда “Түндүк” тиркемесинде талапкерлерге кол чогултуу бөлүмүнүн иши үзгүлтүккө учураган. Талапкер болуу үчүн арыз берген Бактыбек Калмаматов бул көрүнүштү сынга алып, шайлоо процессине карата күмөн саноо пайда кыларын айтып чыккан.
“Кызмат” ишканасы бул техникалык мүчүлүштүк ошол күнү эле оңдолгонун, бул кол чогултуунун ачык-айкындыгына доо кетирбей турганын түшүндүргөн.
Президенттик шайлоо келерки жылдын 27-январында өтөт.