Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 27-ноябрда Бишкек-Ош жолундагы "Сосновка" өткөрмө бекетинде жүк ташуучу унаа каттамына чектөө киргенин билдирди.
"Мындай чечим № 9 Жол-транспорт инспекциясынын сунушунун негизинде жол кырсыктарынын алдын алуу, жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана жол тыгындарына жол бербөө максатында кабыл алынды", - деп жазылган маалыматта.
ӨКМ айдоочуларды жол эрежелерин сактоого жана жолго чыгардан мурун аба ырайынын шартын эске алууга чакырды.
Кыргызгидромет борбору 27-ноябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлерде жаан-чачын катту жаашы мүмкүн экенин билдирген.