БШК 30 миң кол топтой албаган талапкерлердин каражаты кайтарылбай турганын билдирди

БШК.

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодо талапкер болуу үчүн арыз бергендер 30 миң кол топтой албай калган шартта 1 миллион сомдук төлөмү кайтарылбай турганын билдирди. Бул тууралуу "Азаттыкка" БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев 29-ноябрда билдирди.

"Ал акчалар мамлекеттик бюджетке төлөм болуп эсептелет. Алар кайтарылгыс. Мыйзамда төлөм кайтарылат деген механизм жок", - деди Оторбаев.

Президенттикке талапкер болуу үчүн БШКга арыз бергендердин кол топтоо жараяны 7-декабрга чейин уланат. Талапкер болуп катталуу үчүн арыз бергендер кеминде 30 миң кол топтошу керек. 29-ноябрга карата арыз берген 11 жарандын төртөөнүн "Түндүк" тутуму аркылуу кол чогултуусу 30 миңге жете элек.

18-ноябрда президент Садыр Жапаров президенттик шайлоодо талапкер болом деген сегиз кишини кабыл алган. Жолугушуудан кийин социалдык тармактар аркылуу кайрылуу жасап, шайлоого аттангандардын баарын “Түндүк” тиркемесинен колдоп коюуга чакырган. Ошол жолугушууга катышкандар 30 миң кол топтоо боюнча да маселе көтөрүлгөнүн, бул талапты аткара албаган саясатчылардын төккөн каражаты эмне болору тууралуу сөз болгонун билдиришкен.

Президенттик шайлоо келерки жылдын 27-январында өтөт.

Дагы караңыз

Орусияда ракета майын чыгарган завод жана ЖЭБ бутага алындыОрусиянын соккуларынан Одесса жана Запорожьеде эки киши каза болдуСоңку беш жылда 2,5 миңден ашуун жарандын сөөгү Кыргызстанга алып келиндиТҮРКСОЙ уюму 2028-жылды "Айтматовдун Түрк дүйнөсүндөгү жылы" деп жарыялады