Нарындыктар Максим Бакиевге неге нааразы?

Нарындагы митинг, 2010-жылдын 10-марты

10-мартта Нарында өткөн митингде электр кубатына тарифтерди мурдагы калыбында калтыруу, жеңилдиктерди сактоо сыяктуу талаптарды “Максим Бакиев бир жуманын ичинде өлкөдөн чыгып кетсин” деген талап да коштоду.
Митинг соңунда бул талаптар бир жумада аткарылбаса Бишкекке карай жөө жүрүш жасалаары жарыяланды.

Митингге чейинки чыйыр


24-февралда Нарын шаар элинин көчөгө чыгышына чыйыр жолду оболу айрым коомдук уюмдар салды. Электр наркынын бир кВт.саатынын 1 сом 50 тыйынга кымбатташы тууралуу сурамжылоо, иликтөө иштер жүргүзүлдү. Бишкек-Нарын телекөпүрөсү аркылуу да «демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы талкуу уюштурду. Эл арасында кол топтоолор башталды.

Бирок тилекке каршы жергиликтүү бийлик мындай жөрөлгөгө тымызын бут тосуп, а түгүл айрым адамдарды суракка алды, кысым көрсөттү. Качан январь айынын электрге эсептелген баасы кардарлардын колуна тийгенде учкундан жалын тутанып, отко айлана баштады. Кышы катаал аймактын тургундары ошондо электр баасынын жон терини сыйыра баштагандыгын анык сезишти.

Натыйжада отту күйгүзгөнгө шаардык мугалимдер тобу ширенке күкүртүн тамызгы кылышты. Алгач Нарын шаарынын 4, андан соң дагы бир мектебинин бир катар мугалимдери кол коюшуп, 24-мартта элдик тынч митинг болоорлугун дээрлик 14 күн илгери тиешелүү уюмдарга жолдошту.

От кантип тутанды?

Жергиликтүү бийлик мындай жөрөлгөнү тескери кабылдап, мектептерде жарандык окууларды өткөрүп, «атайын» тапшырмаларды тага башташты. Бирок тутанган от капчыгай ичиндеги шаарды аралап, калк катмарына сиңе баштады. Акыры 24-февралда базарларда соода кылгандар өзөгүн түзгөн катмар менен бирдикте жүздөгөн адамдар шаардын сырт тарабындагы гүлчамбар аянтына тизесинен кар кечип, талаптарын айтууга чогулушту. Эл алдына облустук жетекчиликтен жан адам басып барган жок.

Мындай тоң моюндук элдин экинчи курдай жыйын өткөрүшүнө башкы жагдай катары шарт жаратты. Ал эми 10-мартта Нарын шаарында экинчи курдай митингдин өткөрүлүшүнө 2-марттагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрында болгон жолугушуу кошул-ташыл себепкерленди. Ал жыйынга КРнын биринчи вице-премьери Акылбек Жапаров катышып, 24-февралдагы митингдин жана андан соң жергиликтүү бийлик менен бир катар коомдук уюмдардын, болуп өткөн митингди уюштуруучулардын маңдай-тескей диалог баарлашуусунун жыйынтык резолюцияларын эл алдында окуп, электр тарифтерди 5-марттагы өкмөт жыйынына коёрун билдирген. Бирок өкмөт жыйынында А. Жапаров Нарын шаарындагы базар акыр чикирге толгондугун, эл митингди ээн жерде өткөргөндүгүн кеп кылып, Улуттук теледен элдин башкы талабы электр тарифи тууралуу маалымат берилген жок.

Натыйжада «электр жана жылуулук баасын төмөндөтүү» кыймылы мындай жагдайга нараазычылык билдире башташты. Жагдай 6-мартта КРнын Жогорку Кеңешинин төрага орун басары Кубанычбек Исабеков Нарын шаарына келгенде да айтылган. Ошентип 10-мартта кайрадан митинг болоорлугу бышыктала баштады. Ал ортодо 9-март күнү облус жетекчиси алмашылып, такка Алмазбек Акматалиев олтурду. Ал эми жаңы губернатор 10-март күнү саат тогузда облустук коомчулукка тааныштырылды.

Ишин митинг менен баштаган губернатор

Алмазбек Акматалиев өзү айтмакчы иш абалын митинг менен баштады. Сааттын жебеси онго чукулдаганда жаңы губернатор облустук укук коргоо органдарынын жетекчилери менен бирдикте иш кеңсесинде аталган кыймылдын беш мүчөсүн кабыл алып, жыйын жабык эшик артында өткөрүлдү. Ал жыйынга катышкан кыймылдын өз ысымын атабоону өтүнгөн мүчөсүнүн маалыматы боюнча жергиликтүү бийлик митингди облустук театрга өткөрүү сунушун кийирген.

Бирок кыймыл мүчөлөрү шаардык спорт майданда митинг болоорлугун, жергиликтүү бийлик үн күчөтүүчү шаймандар менен камсыздоону Конституция негизинде талап кылган. Акыры талап орундалып, спорт майданга үн күчөтүүчү шаймандар орнотулду жана күтүлгөн митинг болду.

Нарын шаардык спорт майданда өткөрүлгөн митинге уюштуруучулар 5 миңдей адам келгендигин белгилешсе, бир катар байкоочулар 4 миң киши болгондугун, ал эми бийлик өкүлдөрү 2 миң адам катышкандыгын билдиришти. Сөз алгандар электр наркын мурунку баада калтырууну (1 кВт.саат электр наркын 72 тыйындан), Жетим кырка тоосундагы темир кенин жана Арпа өрөөнүндөгү жерлерди кытайлыктарга сатпоо жана ижарага бербөө, тоолуу аймактарга айына берилип келген бекер 110 кВт.саат электр энергияны калыбында калтыруу, мурунку коргоо министри Исмаил Исаковду, ошондой эле Балыкчы шаарындагы, Петровка чатагындагы окуяларда эркинен ажыратылгандарды боштондукка чыгаруу, пенсия, пособиелерди көбөйтүү ж.б. талаптарды айтышты.

Митингге Жогорку Кеңештин депутаты Роза Отунбаева, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Турсунбек Акун, “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев, “Ата Мекен” партиясынын аппарат жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов, ошондой эле белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев катышышты.

Ал эми губернатор баштаган облустук бийликтин жетекчилери, облустагы бардык райондун акимдери, Нарын шаар мэри митингге күбө болушту. Жыйынды ачкан «Электр жана жылуулуктун баасын төмөндөтүү» кыймылынын мүчөсү Эркин Асаналиев адамдар өз укугунун негизинде үндөрүн бийлик угар бекен деп чогулуп турабыз деп билдирип, сөздү облустун жаңы губернатор Алмазбек Акматалиевге берди.

- Мен өзүмдүн элимдин алдына чыкканга эч качан уялбайм. Жыйырма жылга жакын убакыт иштеп уялгандай эч нерсе кылган жокмун. Ошондуктан силердин көйгөйдү, үнүңөрдү укканга даярмын, -деди облус жетекчиси.

Нарын районундагы Эчки-Башы айылынын тургуну Төлөгөн Касымалиев 6 талапты айтып чыкты. Электр наркты мурунку калыбына келтирүү, Жетим тоосун, Арпа өрөөнүн эч бир чет өлкөлүктөргө бербөө менен бирге карылык чарба акыны (пенсия), жөлөк каражаттарды көбөйтүү талаптарды коюп, жаңы губернаторду тааныбай тургандыктарын, ошондой эле Максим Бакиев бир апта аралыгында Кыргызстандан чыгып кетиши керек деген талапты кошумчалады.

Бир
ок мындай пикирге бир катар жарандар макул болушкан жок. Нарын шаарынан өзүн Жамила деп тааныштырган митингдин катышуучусу мындай элдик тынч жыйын натура экендигин белгилеп, бирок Кыргызстандын жараны Максим Бакиев өлкөдөн чыгып кетсин деген талапка кошулбастыгын белгиледи.

“Ак шумкар” партиясынын Нарын облусу боюнча координатору Урмат Акунов бир катар чиновниктердин ашкере бийликке жүгүнгөндүгүн мисалдап, эми мындан ары алардын эл менен бирге болушууна чакырык салды.

Жергиликтүү серепчи Муса Алыбаев Президент Курманбек Бакиевдин эл аралык көз карандысыз аудит чакырып, алардын жыйынтыгына жараша тарифтерди түшүрөбүз дегенин кубаттады.

Социалдык талаптар саясий өңүткө өттүбү?

Ал эми ЖК депутаты Р.Отунбаева, “Ак шумкар” партиясынын лидери Т.Сариев, “Ата Мекен” партиясынын өкүлү А.Шыкмаматов жана Т.Тургуналиев учурдагы бийликти кетирүү, үй-бүлөлүк башкарууну жоюу чакырыктарын айтышты.

Бирок митингге күбө болуп турган Акыйкатчы Турсунбек Акун мындай жүйөөлөргө кошулган жок.

- Муну бул деңгээлге жеткирбеш керек болчу. Албетте бул маселе Президент, өкмөт алкагында чечилет. Бирок жергиликтүү бийлик убагында туура маалыматты Ак Үйгө, Президентке жеткирип туруш керек эле. Экинчиден, мени кубандырганы бул жерде элеттиктер болгону экономикалык, социалдык маселелерди көтөрүүдө, эч кандай саясый кеп болгон жок. Ал эми мен келген адамдарды сыйлайм, бирок кеп оролу саясатташып кетсе, анда элдин талаптары аткарылбай калышы мүмкүн.


Митинг соңунда губернатор жооп кайтарып сөз сүйлөп, жагдай өкмөт башчынын денгээлинде караларын белгиледи:

- Мен канча убакыт иштейм аны кудай билет. Ал эми мен губернатор болуп иштеп турганда Жетим Тоо, Ак-Сай, Арпа сатылбайт. Эгерде сатылып кетсе, анда мен силердин араңарга кошулууга даярмын. Мен бийликтин мыйзамсыз буйруктарын аткарбайм. Ар бир буйрук мыйзамдуу болушу керек. Ошон үчүн мыйзамсыз буйрукту аткаргандан көрө кетип калган жакшы.

Ошентип митингде өлкө президентине кайрылуу кабылданып, анда жалпысы 10 талап коюлду. Эгерде алар 16-мартка чейин аткарылбаса 17-мартта «Президент жана анын курамы бийликтен кетсин» деген талап менен Бишкекке карай жөө жүрүш башталаары жарыяланды.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарында митинг өттү