Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

Курултайлар алдындагы кырдаал


17-мартка оппозиция Элдик курултайды, 23-мартка бийлик Ынтымак курултайын белгилеген. Бул иш чаралардын алдында Алай жүрүшү, Нарын митингиси жана Бишкекте жаштардын акциясы өтө турган болууда.

Бийликтин Конституциялык реформасы менен Максим Бакиевдин өтө жогорку кызматка келиши, электр энергиясына, жылуулукка, телефон байланышына тарифтердин көтөрүлүшү жана стратегиялык ишканалардын сатылышы калк ичинде нааразылыкты күчөттү.

Электр кубатына тарифтердин көтөрүлүшү Нарында ири митингдерди жаратты. 24-февралда Нарын шаарында бир миңден ашуун эл катышкан ири митинг болуп, эл электр энергиясына тарифтердин көтөрүлүшүнө каршы пикирлерин билдирди. Нарындыктар менен биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров жолугушуп келип, калктын нааразылыгына жергиликтүү бийлик күнөөлүү экенин 4-мартта президент менен жолугушууда билдирген.

Топчубек Тургуналиев
Жапаровдун мындай маалыматы нарындыктардын нааразылыгын жаратып, алар 10-мартта Нарында кайрадан митингге чогулганы жатканын Бириккен Элдик кыймылдын лидери Топчубек Тургуналиев билдирди:

- 10-мартта электр кубатына бааларды мурунку калыбына келтирүү, жер маселеси, Жетим-Тоо, Аксай, Арпа тарап Кытайга өттү деген кабарды жергиликтүү эл былтыртан бери угуп, көтөрүп келатышпайбы. Менин оюмча ушул маселелер көтөрүлөт.

Топчубек Тургуналиев митингдин катышуучулар ошондой эле 17-мартка белгиленген Элдик курултайга делегаттарды шайлашы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Электр кубатына тарифердин көтөрүлүшү, саясий куугунтук жана стратегиялык ишканалардын сатылышы 17-мартка белгиленген Элдик курултайдын күн тартибиндеги негизги маселелерден болууда.

Ал эми бийлик тарабынан уюштурула турган Ынтымак курултайында талкуулана турган маселелер так аныктала элек. Бирок ага карабай курултайдын жер-жерлердеги делегаттары шайланган. Болгону президент тарабынан дайындала турган 150 делегаттын ысымдары атала элек.

Алайдагы акция. 15-февраль, 2010-жыл
Бийлик менен оппозициянын саясий күрөшүнүн күчөөсүнө Исмаил Исаковдун камалышы өзгөчө салым кошуп, түштүк региондо, тагыраак айтканда Алай районунда нааразычылыктын очогу түзүлдү.

Алайлыктар Исмаил Исаковдун камалышына каршылыгын билдирип, 6-мартта район борбору Гүлчөдө митинг өткөрүштү. Алар 15-мартка чейин митингиде коюлган талаптар аткарылбаса Ош шаарын карай жөө жүрүш акциясын баштаарын ачыкташты. Ал талаптар тууралуу жергиликтүү лидер Айтбай Жээналиев буларды билдирген:

- Биринчи, элдик генерал Исмаил Исаковду бошотуу президент Бакиевден талап кылынсын! Экинчи, өлкөнүн Конституциясын одоно түрдө бузуп, адам укуктарын тебелеп-тепсегендиги жана жалган жалаа жаап Исмаил Исаковду адилетсиз соттогондугу үчүн Бишкек гарнизондук жана республикалык Аскер сотунун судьялары жазалансын! Үчүнчүсү, тынчтык акциясынын катышуучуларынын жогорудагыдай талаптары 15-мартка чейин аткарылбаса, анда Алай эли Ош шаарын карай жөө жана атчан жүрүштү баштайбыз!

Бул арада Бишкекте жаштар телефон байланышы үчүн 60 тыйындын кошулуусуна нааразылык билдирип, 15-мартта митинг өткөрүүнү белгилеп жатышат.

Саясат таануучу Марс Сариев өлкөдөгү кырдаалга карата мындай баасын берди:

- Менин оюмча оппозиция бийликке кысым көрсөтүп жатат. Оппозиция өзүнүн позициясын, күчүн көрсөтүп, анан мунапыска барат деп ойлоймун. Оппозициялык лидерлердин сөзүнө караганда, алар Бакиевге каршы эмес. Бирок электр энергиясына тарифтерди түшүрүү жана президенттин жанындагы топторду ооздуктап, бир калыпка салсын деген талаптарды сезип жатам.

Бийлик электр энергиясына жана жылуулукка баалардын эселеп көбөйүшүнө калк ичинде нааразылык күчтүү экенин билүүдө. Ошого байланыштуу президент Бакиев уулу Максим Бакиев жетектеген Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттикке тарифтердин көтөрүлүшүнүн негиздүүлүгүн текшерүүнү тапшырганын ачыктады.

Бул арада калктын өлкөдөгү окуялар тууралуу альтернативдүү маалымат алышына тоскоолдук жасоо үчүн бардык жерде күч алууда. Маселен, Нарында “Азаттыктын” маалыматтарын тараткан “Алмаз” радиосунун зымдары уурдалып, эл “Азаттыкты” укпай калды. “Азаттыкты” угуу шыбагасынан Ноокат, Кадамжай, Араван райондорунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары да кур калышты. Анткени Кызыл-Кыя шаарында “Рояль” радиосу “Азаттыктын” толкунун таратуудан баш тартты. Бул радионун кожоюну “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Каримов Алмазбек деген маалымат бар.

Ошентип Акаевдин доорундагы элге акыйкат маалымат жеткирбөө аракети кайрадан күч алды.

"Азаттыктын" архивинен: Алай эли акыйкат чечим күтөт

Исмаил Исаковдун жети жүздөн ашуун таламдашы Гүлчө кыштагындагы борбордук спорт майданында митинг өткөрүп, генералдын, Петровкадагы жана Балыкчыдагы оппозиция өкүлдөрүнүн абактан токтоосуз бошотулушун талап кылышты. AiT

Алай эли акыйкат чечим күтөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:38 0:00
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG