Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:03

Боштондук талап кылган иш-чаралар уланууда


Бишкектеги ачкачылык акциясы
Бишкектеги ачкачылык акциясы

Саясий камактагыларды бошотуу талабы менен кечээ башталган ачкачылык акциясы уланууда. Бүгүн ачкачылык жарыялагандардын катарын дагы эки киши толуктады. Алайда болсо түштөн кийин Ош–Эркеч-Там жолу буулуп, күч менен кайра ачылды.

Баштарына “Бакиев, репрессияны токтот, саясий камактагылар токтоосуз бошотулсун!” деген жазуулар жазылган ак тасма байланышкан тогуз киши социал-демократиялык партиясынын баш кеңсесинде ачкачылык акциясын улантышууда. Иш-чаранын демилгечиси Топчубек Тургуналиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, акциянын катышуучулары коопсуздугун жана саламаттыгын камсыздап берүү талабы менен ИИМге жана саламаттыкты сактоо министрлигине маалымдама жиберишти:

-Шаардык милициянын башчысы Азамат Бектенов менен участкалык милиционер Жыргалбек Эргешов экөө бүгүн эртең менен келип кетишти. Биз алар аркылуу Ички иштер министрлигине “биздин коопсуздугубузду камсыздап бергиле” деп жазылган маалыматты берип жибердик. Мындан башка Саламаттыкты сактоо министрлигине да “мөөнөтсүз ачкачылык акциясы башталды, биздин саламаттыгыбыздан кабардар болуп тургула” деген маалымдама жибердик. Анткени бул жерде өзүбүздүн дарыгер болгону менен кокусунан бирөөгө жаман болсо ошол замат “тез жардам” келиши керек.
Кардиолог-дарыгер Т. Балтабаев ачкачылык жарыялаган Т. Тургуналиевдин кан басымын текшерүүдө


Азырынча ачкачылыкта отургандардын ден соолугуна кардиолог-дарыгер Ташболот Балтабаев көзөмөл кылууда. Анын айтуусунда, бул жерде отургандардын кан басымы күн сайын текшерилип, көрсөткүчү атайын күндөлүккө катталууда:

- Бүгүн бир сутка эле болду. Азырынча акыбалдары жакшы. Бир-эки кишиде анча-мынча маселе бар, буйруса аларды аз күндүн ичинде ордуна келтиребиз.

Алайда жол тосулду

Ачкачылык акциясы Алайдын Сопу-Коргон айлындагы нааразылык акциясы жүрүп жаткан жерде да болуп жатат. Сопу-Коргондо боз үйдө отуруп ачкачылык кармап жаткандарга бүгүн дагы эки киши кошулду. Алайда нааразылык иш-чарасына чыккан 500гө чукул киши бүгүн түштөн кийин Ош –Сары-Таш –Эркеч-Там кан жолун тосушту. Алардын И. Исаковду бошотуу талабына бүгүн “президент К. Бакиев жол тоскондорго келип, жолугушсун” деген талап кошулду.

Бул тууралуу “Азаттыкка” иш-чаранын катышуучуларынын бири Шайназар Оторов билдирди:

Сопу-Коргондо И. Исаковду бошотуу талабы менен чыккан эл Ош-Эркечтам кан жолун тосушту
- И. Исаковдун камалганына үч күн болду. Биздин талап аткарылбаган соң, элдин чыдамы түгөнүп, жолду жаптык. Президент Бакиев биздин алдыбызга келсин! Кыргызстанды жетектеп турган киши эмне үчүн элдин алдына келүүнү каалабайт? Биз Бакиев келип, генералды бошотуп бермейинче жолду ачпайбыз.

Шайназар Оторовдун маалыматы боюнча, нааразылык акциясына чыккандардын тамак-ашын жергиликтүү эл өзү камсыз кылууда.


Мыйзам ким тараптан бузулуп жатат?

Саясий камактагылардын боштондугун талап кылуу акциясына азырынча расмий бийлик мамилесин билдире элек. 13-январда Сопу-Коргондогу чогулган элге Алай районунун акими райондук прокурор менен кошо барып, нааразылык иш-чарасын токтотууну өтүнгөн. Бирок эл аны угушкан эмес. Президент башында турган “Ак жол” партиясынын мүчөлөрү болсо буларга карата козголгон кылмыш иштери менен сот чечимдерин саясатташтыруу туура эмес деп белгилеп келишет.

Партиянын парламенттеги өкүлү Айнура Кенжебаева ар ким кылган ишине жараша мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш деген пикирин “Азаттыкка” билдирди:

- Бул киши өзү мамлекеттик кызматта иштеп, мыйзамдарды жакшы билип, өзү талап кылып жүрүп, өзү мыйзам бузууга баргандан кийин жооп бериши керек. Ал эми ачкачылык кармап отурган ага-эжелерден бул ишти саясатташтырбоосун, андан көрө ден соолугуна карап, акцияны токтотушун өтүнөт элем.

Саясий камакка алынган деп айтылгандардын катарына 11-январда 8 жылга кесилип, генерал-лейтенанттык чининен ажыратылган И. Исаков, ушул тапта соту жүрүп жаткан А. Жекшенкулов, Э. Бөлөкбаев, С. Аргынбаев жана У. Рыскулов киргизилген. Булар бардыгы тең президент К. Бакиевдин башкаруу саясатына каршы түзүлгөн оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын мүчөлөрү.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG