Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:13

И.Исаковду коргоо комитети: “Куугунтук токтотулсун!”


Алайда И.Исаковду бошотууну талап кылган акциянын катышуучулары, 15-январь, 2010-жыл.
Алайда И.Исаковду бошотууну талап кылган акциянын катышуучулары, 15-январь, 2010-жыл.

“Саясий камактагыларды коргоо” комитети калкка, чет жерде иштеп жүргөн замандаштарга, эл аралык коомчулукка кайрылды. Анда элди үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыгууга үндөп, президент Курманбек Бакиевди саясий камактагыларды бошотуусун талап кылды.

18-январда Бириккен Элдик кыймылдын (БЭК) курамындагы “Саясий камактагыларды коргоо” комитети калкка, чет жерде иштеп жүргөн замандаштарга, эл аралык коомчулукка кайрылуу жасады. Алар өз кайрылуусунда элди үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыгууга үндөп, өлкө президентин саясий камактагыларды бошотуусун талап кылды.

Мурдагы коргоо министри, оппозициядагы саясатчы Исмаил Исаков сегиз жылга кесилип, камакка алынгандан бери анын тарапкерлери Бишкекте, Алайда ачкачылык акциясын өткөрүп атышат. Бийликке ыктаган күчтөр мындай акцияны колдошкон жок.
Исмаил Исаков дале коргоо министри болуп отурса, ал киши ооз ачпай отура бермек.


Саясий камактагыларды коргоо комитетинин кайрылуусун БЭКтин саясий бюро мүчөсү Т. Тургуналиев жасады:

- Калайык калк, жамы журт! “Сен үчүн” деп жүрөгү жалындап күйгөн, улуттун келечегин сактоо үчүн диктатурага, реперессияга каршы тайманбай, чечкиндүү күрөшүп жаткан чыгаан уул, кыздарыңды соттоп, түрмөгө камап атат. Муну көрүп-билип туруп билмексен болбо, коркуп отура бербе!

Кайрылууда президент Курманбек Бакиевге саясий репрессияны токтотуу, Исмаил Исаковду, Эркин Бөлөкбаевди, Сапар Аргынбаевди, Балыкчыда соттолгон 18 адамды саясий туткундан бошотуу, алайлыктарды зордук-зомбулукка алууну токтотуу талабы айтылган.

Акция катышуучуларынын катары толукталууда


Бул кайрылууга ачкачылык кармаган Бишкектеги жана Алайдын Сопу-Коргонундагы 37 адам кол койгон. Бишкекте 13-январдан бери 22 адам ачкачылык кармаган. Алардын бир даары ден соолугуна байланыштуу акцияны токтотуп, ушул тапта сегиз адам оозуна наар албай отурушат.

18-январда алардын катарына “Ата мекен” партиясынын өкүлү Алманбет Шыкмаматов менен Революциялык комитеттин өкүлү Бактыбек Нураалы уулу жана Айымкан Курбанова кошулду.

Токмоктон келген Бактыбек Нураалы уулу учурдагы бийлик эбак диктатура орнотконун, андыктан ага каршы чыгуу керектигин айтат:

- Кыргыз эли үчүн күйгөн жаран катары ушул окуяларга күбө болуп туруп жөн эле карап отура бербестен, бийликтин зомбулугуна каршы күрөшкө мен да чыктым. Антпесек Курманбек Бакиев мекеним деп күйгөн Исаков өңдүү, Бөлөкбаев өңдүү канчалаган эр-азаматтарды абакка отургузат жана элди мындан да жаман кылат.

СДПК партиясынын лидери Алмазбек Атамбаевдин айтымында, эгерде бийлик бул кайрылууну жоопсуз калтыра турган болсо, анда оппозиция саясий күрөштүн башка жолдорун табат:

- Биз албетте мыйзам чегиндеги иш-аракеттерди жасайбыз. Мисалы, жөө жүрүш, пикет, митинг деген саясий күрөштүн башка жолдорун тандайбыз.

Атамбаевдин ырасташынча, азыр да өлкөнүн ар кыл аймактарынан ачкачылык акциясына кошулабыз деп келгендер болуп атат.

"Саясат издөөнүн кажети жок"

Ал эми башкаруучу партиянын өкүлдөрү И.Исаковдун жана башка оппозиция мүчөлөрүнүн камалышынан эч кандай саясат көрүүгө болбойт деген пикирлерин билдиришүүдө.

Бегаалы Наргозуев
“Ак жол” фракциясынын өкүлу Бегаалы Наргозуев “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” сыналгы берүүсүндө буларды айтты:

- Исмаил Исаков дале коргоо министри болуп отурса, ал киши ооз ачпай отура бермек. Министр болуп жакшы иштеп жүрдү. Бирок менин угушума караганда кызматтан алып койгондон тарта анда капачылык пайда болгон. Андыктан канчалык аны актап-сактабайлы, коомчулук муну эң жакшы билет.

Ачкачылык чарасы Алайдын Сопу-Коргонунда да уланууда. Ушул тапта ал жакта он бир адам мурдагы коргоо министри, генерал-мойор Исмаил Исаковдун бошотулушун талап кылып, оозуна наар албай отурушат.
“Сен үчүн” деп жүрөгү жалындап күйгөн чыгаан уул, кыздарыңды соттоп, түрмөгө камап атат.


Алардын абалын билүү максатында акыйкатчы Турсунбек Акундун эки кеңешчиси 18-январда ал жакка учуп кетти. Бул тууралуу Турсунбек Акун “Азаттыкка” билдирди:

- Менин эки мыкты деген кызматкерим Ошко учуп кетти. Эртең парламентте орун басарларымдын кызмат орду боюнча маселе каралат, ошондуктан бошой алган жокмун. Мына, азыр эле Алайдан 128 адам кол койгон, менин келишимди суранган кат келди. Ошол каттын негизинде мен жакын арада Алайга барам.

Ошентип ачкачылык жарыялагандар бийлик тараптан жооп болмоюнча чараны улантышарын билдиришти.

Буга чейин Алай райондук прокуратурасы 14-январда Исмаил Исаковдун тарапкерлерине каршы Ош-Эркеч-Там жолу мыйзамсыз буулган деген факты менен “ээнбаштык” деген берене боюнча кылмыш ишин козгогон.

Саясий куугунтукту токтотууга чакырык
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:29 0:00

XS
SM
MD
LG