Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:48

Алайлыктар: “Талап аткарылбаса Бишкекке жүрүш жасайбыз”


Алайдагы митинг, Гүлчө айылы, 2010-жылдын 6-марты.
Алайдагы митинг, Гүлчө айылы, 2010-жылдын 6-марты.

Гүлчөдөгү митингде президент К. Бакиевге 8 жылга кесилген генерал Исаковду актап, эл көзүнчө кечирим суроого 15-мартка чейин мөөнөт берилди жана эгер ушул акыркы сураныч аткарылбаса Ошко, андан ары Бишкекке карай жөө жана атчан жүрүш башталаары жарыяланды.

Алайдын борбору Гүлчөдөгү Курманжан датка атындагы тарых музейинин алдына ишембиде миңге чукул адам чогулуп, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун токтоосуз бошотулушун бийликтен талап кылышты. Алар жалпы жонунан жердеши, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун ак жеринен камалгандыгын баса белгилешти.
Бийлик бизди уккандын ордуна куугунтуктап, коркутуп-үркүткөнгө өттү

Улуу муундагылардын атынан Алай районунун аксакалы Ороз Мусаев буларга токтолду:

- Бир тоютка алданып абийирин саткан аксакалдар бар экен. Айып этишпесин, мындайлардын барынан жогу. Айланайын теңтуштарым, канткен күндө да абийирдүү болгула, калыс болгула! Менимче, элдин деле сабыры түгөнүп бүтпөдүбү. Мына, бир жылдан ашты, күн алыс акциядабыз. Ушул аралыкта борбордук бийлик биз менен эсептешип, үнүбүздү угуп койгонго дааган жок. Тескерисинче, бала-чакабызды куугунтуктап, митингичилерди кокутуп-үркүткөнгө өтүштү. Ошондуктан, алайлыктар мындан ары бул бийлик менен сүйлөшүүгө болбостугуна көзүбүз жетти. Кайран башта бир өлүм. Андан көрө укугузду коргоп калууга жапырт аттаналы!

Карыянын кебин ардагер мугалим Турдукан Жусуева улады:

- Генерал Исмаил Исаковдой чыгаан уулдарыбызды коргогонубуз – бул акыйкатчылыкты коргоо менен барабар. Бүгүн дал ошо чындык чыркырап, саясий туткунга айланып олтурат. Энелер, кантип ушуга көз жумуп, чыдап олтурасыңар!

Ушундан кийин акция катышуучулары мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду генерал-лейтенанттык чининен ажыратып, сегиз жылга кескен өкүм токуган сотторго нааразычылыгын туюндурушту.

- Адилетсиз сотторго – наалат!

- Акыйкатсыз судьялар жазалансын!
– деп бир ооздон кыйкырышты.

Буга улай митингичилер алардын генерал Исмаил Исаковду актап, бошотуу суранычын президентке өз убагында жеткирбегендиги жана элдин суроо-талабы менен таптакыр эсептешпегендиги үчүн жергиликтүү бийликтин башчыларын баары бир кызматтан кетиришээрин эскертишти.

- Алай районунун акими Алмазбек Осмонов токтоосуз кетсин!
- Ош облус губернатору Мамасадык Бакиров токтоосуз кетсин!
–деген талаптар бир нече ирет жаңырды.
Эми башыбызды миллион жолу ташка уруп, Ак үйдүн алдына барып жатып алсак да бийлик бизди тоготпойт.

Ошол эле маалда айрым тургундар тарабынан Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маңзатка каршы күрөшүү бүлүмүнүн мурдагы башчысы, алайлык полковник Алмазбек Эргешбаев коррупциялашкан милиция чиновниктеринин курмандыгына чалынып, айыбы далилденбесе да, өмүр бою абакка туура эмес кесилгендиги айтылды. Митингичилер бул маселени да колго салып, бул жигиттин башын азат кылууну жогорку бийликтен суранышаарын билдиришти.

Ошол эле учурда акциянын катышуучусу Айымкыз Саипжанова санаалаштарынын капачылыгын төмөнкүчө ачыктады:

- Алай эли президентке канча ирет кайрылдык. Тилекке каршы, бирине да жооп кайтарган жок. Ошондуктан, урматуу туугандар, эми миллион жолу башыбызды ташка уруп, Ак үйдүн алдына барып жатып алган күндө деле, а киши бизди тоготпойт. Ушундан көрө элдин ишеничи тайыган Курманбек Бакиев кетсин! Курманбек Бакиев кетсин! Курманбек Бакиев кетсин!


Мындай ураанды калгандары да түгөл кубаттап, тизмени премьер-министр Данияр Үсөнов, өнүктүрүү Фондунун жетекчиси, президенттин уулу Максим Бакиев менен толукташты.

Митингде сүйлөгөн “Ата Мекен” партиясынын Ош облустук координатору Бакыт Калмаматов:

- Кудай сактасын, бирок эгерде генерал Исмаил Исаковду темир тор жутуп кеткен болсо, анда биз жалпы Алай элин темир тор жутуп кетти деп түшүнөбүз. Чындап эле азыр Ата Мекенибиз коркунучта! Аны бүтүн бойдон сактап калуу биздин колубузда!- деп алайлыктарды өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн биригүүгө чакырды.

Ал эми “Ата Мекен” партиясынын Саясий Кеңешинин мүчөсү Төлөгөн Келдибаев көңүлүндөгүсүн жашырган жок.

- Мурдатан айтылган кеп. “Эл башына күн түшсө, эр керек. Тетирисинче, эр башына мүшкүл түшсө, эл керек!” Бакиевдин Конституциясынын мусулмандар башкармалыгынын уламалар Кеңешинин Уставынан айырмасы жок. Экөө тең кооендой окшош. Болгону жетекчилеринин фамилиясы гана башка. Ошон үчүн Кыргызстандын келечегин ойлонсоңор, күрөшкө чогуу аттангыла!

Сөзгө кошулган ЭрК партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Юруслан Истанов азыркы бийликтин мыйзамсыз жоруктарын ашкерелеп, карапайым калкты өз кызыкчылыктарын коргоп калууга үндөдү.

- Шор пенешелүү калк экенбиз. Президентке жалчыбадык. Бакиевдерди биз эч качан тойгуза албайт окшойбуз. Уялышса, элдин канын соргондон көрө ордун бошотушсун! Бул бийлик элдин убалына калбасын. Анткени, анын эртедир-кечтир сурагы болот, - деп тызылдады Юруслан Истанов.
Убагында Бакиевдин саясатын колдодук эле, үмүтбүздү актаган жок...

Андан ары “Жаңы Кыргызстан” партиясынын райондогу өкүлү Калдыбай Мамаев уюмдун жетекчилигине нааразы экендигин: маалымдады:

- “Эмгек жана агрардык” партиянын “Жаңы Кыргызстан” деп аталышына уюмдун баш катчысы Исмаил Исаковдун мээнети чоң. Бирок Үсөн Сыдыков өңдөнгөн карт саясатчылар анын эмгегин баалаган жок, тескерисинче, генералдын кадыр-баркын кызыл кулактык менен пайдаланышты. Убагында Исаковдун тилине кирип “Ак жол” партиясынын жана президент Бакиевдин саясатын абдан колдодук эле. Алар үмүтүбүздү актаган жок. Ошол себептүү мындан ары алайлыктар “Жаңы Кыргызстандан” кол үзөбүз жана аны өлүп баратса да колдобойбуз.

Митинг соңунда Алайдагы Исмаил Исаковду коргоо комитетинин төрагасы Айтпай Жээналиев аймакта революциялык комитет уюшулгандыгын чогулгандарга билдирип, буларды кошумчалады:

- Биринчи, элдик генерал Исмаил Исаковдон эл көзүнчө кечирим сурап, аны бошотуу президент Бакиевден талап кылынсын! Экинчи, өлкөнүн Конституциясын одоно түрдө бузуп, адам укуктарын тебелеп-тепсегендиги жана жалган жалаа жаап Исмаил Исаковду адилетсиз соттогондугу үчүн Бишкек гарнизондук жана республикалык Аскер сотунун судьялары жазалансын! Үчүнчүсү, тынчтык акциясынын катышуучуларынын жогорудагыдай талаптары 15-мартка чейин аткарылбаса, анда Алай эли Ош шаарын, андан ары Бишкекти карай жөө жана атчан жүрүштү баштайбыз!

Айтмакчы, митингге жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү абай салып турушту. Алардын эсебинде акцияга 150 чакты гана адам катышты. Ал эми митингге басып барбаган Алай районунун акими Алмазбек Осмоновго жолукканыбызда, мыйзамсыз кадамдар жазаланаарын билдирди.

- Чоң чиновникке дагы, көчөдө жүргөн адамга дагы мыйзам бирдей. Бардыгыбыз ага баш ийишибиз абзел. Элүү же андан ашык адам элдин атынан сүйлөөгө акысы жок. Ар бир жаран өзүнө жооп берүүгө тийиш!

Ошол эле учурда Алай райондук революция комитетинин жетекчилигине шайланган Айтпай Жээналиев аталган талаптар 15-мартка чейин аткарылбаса, мекендештери бийликке массалык баш ийбөө жарыялашаарын эскертти.

XS
SM
MD
LG