Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:30

Алайлыктар 23-февралды “Ата Мекенди кордоо күнү” деп жарыялашты


Алайдагы нааразылык акция. 23-февраль, 2010-жыл.
Алайдагы нааразылык акция. 23-февраль, 2010-жыл.

23-февралда И. Исаковдун Алайдагы жүзгө чукул таламдашы райакимчиликтин алдында пикет уюштуруп, Ата Мекенди коргоо күнүн Ата Мекенди кордоо күнү деп жарыялашты. Алар ошондой эле мындан ары ачкачылык жана башка нааразычылык акцияларын улантышаарын билдиришти.

Гүлчө кыштагында, Алай райондук акимчилигинин алдында, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун жүзгө жакын таламдашы чогулуп, азыркы бийликти генералды ак жеринен каматкандыгы үчүн катуу айыпташты.

- Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруусу жоголсун!

- Акаевден ашып түшүштү.

- Кетсин Бакиев!

- Генералга – боштондук!

14-январда Ош - Эркеч-Там жолун тоскондугу үчүн камалып, акчалай айыпка жыгылган Аскалы айылынын тургуну Шайназар Оторов буларга токтолду:

- Биз жалгыз эле Исаков эмес Кыргызстандын жаркын келечегин ойлоп жатабыз. Атчан, жөө жана машина жүрүш жасап Бишкекке дейре барабыз. Мурда бийликти алмаштыруу оюбузда жок эле, эми муну кылууга аргасыз болуп атабыз.

Ал эми эмчектеги баласын көтөрүп чыккан Эллада Мырзакулова энелердин нааразычылыгын төмөнкүчө туюндурду:

- Куловдун темирдей генерал экенин билбеймин, бирок Исмаил Исаковду жолборстой күчтүү, эрки бекем, накта элдик генерал катары эсептейм. Аны туура эмес камашты. Сотторго – наалат! Курманбек Бакиев, Исаковду бошотуп коюңуз, антпесеңиз, мендей энелер толтура, аны коргоо үчүн бала-чакабызды жетелеп алып революцияга аттанабыз.

Жашы сексен экини таяган Ороз Мусаев аксакалдардын президент Бакиевге капачылыгын мындайча ачыктап, акыйкат режимди орнотпогондугу үчүн алар эртедир-кечтир жазаланаарын кошумчалады:

- Ушундай мамлекетти, ушундай бийликти кайсыл эл колдойт? Эл бүтүндөй Курманбек Бакиевге нааразы. Анын өзү жана үй-бүлөсү амалдан кетмейинче, заман тынчыбайт.

Ушуга улай Алайдагы Исмаил Исаковду коргоо комитетинин төрагасы Айтпай Жээналиев санаалаштары 23-фераль – Ата Мекенди коргоочулар күнүн Ата Мекенди кордоо күнү деп жарыялашкандыгын билдирди:

- Кыргыз армиясынын башында турган адамды себеби жок камашты. Бул кыргыз армиясын, ал аркылуу бүтүндөй кыргыз элин кордогондукка барабар. Мындай зордук-зомбулукка мындан ары чыдай албайбыз.

Айтпай Жээналиев ушундай кырдаалда кыргыз армиясында кызмат өтөгөндөрдү эл тарапка кошулууну суранды.

Кепти улаган Исмаил Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Курманжан Сапарбаева ар кандай опузалоо алардын мизин майтара албастыгын ачыктады:

- Баш көтөргөндүн бардыгын чекеден атабыз деп атышат. Биз түрмөдөн дагы, өлүмдөн дагы коркпойбуз. Биз атылсак мейли, бирок чындык үчүн ага дагы кайылбыз. Биз кечээ жаралган калк эмеспиз. Биз илгертеден акыйкатчылык үчүн күрөшүп келгенбиз. Биз ушул күрөштү эч качан токтотпойбуз. Бизди эч ким коркута албайт!
Айтпай Жээналиев "Азаттыктын" кабарчысы Алишер Токсонбаевдин суроолоруна жооп берүүдө.

Кайрадан сөзгө аралашкан Алайдагы Исмаил Исаковду коргоо комитетинин төрагасы Айтпай Жээналиевдин айтымында, алардын тарапкерлери мындан ары бийлик менен элдешпейт:

- Мындан аркы күрөш катык болот. Эми бийлик менен чындап кармашабыз! Бакиев режими куламайынча, Алай эли тынчыбайт.

Айтпай Жээналиев бүгүндөн тарта Сопу-Коргондо он чакты адам генерал Исаков бошотулмайынча, ачкачылыкты улантаарын белгиледи.

Ошентсе да, пикетке абай салган Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Равшан Сыргаевге жолукканыбызда, бүгүнкү акция учурунда мыйзам бузуу болбогондугун, эл тынч гана чогулуп, бугун чыгарып тарап кеткендигин маалымдады.

Ал эми Алай районунун акими Алмазбек Осмонов пикетчилердин талаптары мыйзамсыздыгын белгиледи:

- Чоң чиновникке дагы, көчөдө жүргөн адамга дагы мыйзам бипбирдей. Бардыгыбыз ага баш ийишибиз абзел. Эч кимдин, анын ичинде элүү адамдын элдин атынан сүйлөөгө акысы жок. Ар бир жаран өзү үчүн жооп берүүгө тийиш!

Райондун башчысы Алмазбек Осмонов нааразычылык акциясынын катышуучулары чектен ашып баратса, аларга карата чара колдонулаарын эскертти.

XS
SM
MD
LG