Кыргыз балбандарын түштүк кореялык балбандар утуп алышты

Кыргыз спортчулар тобу. Архивден.

28-декабрда Бишкекте грек-рим күрөшүнөн Кыргызстан менен Түштүк Кореянын балбандары мөрөй талашып, кореялыктар тобу утуп алышты.
Кыргызстандын балбандарын Бээжин олимпиадасынын күмүш жана коло байге ээлери, Азия чемпиондору Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев баштап чыкты.

Өлкөнүн грек-рим күрөшүнүн башкы машыктыруучусу Эмил Алыкуловдун айтымында Түштүк Кореянын балбандары менен биргелешип машыгуу кыргызстандык жаш балбандардын чеберчилигинин жогорулашына өбөлгө болду.

- Чынында Түштүк Кореяда балбандарына түзүлгөн шарт жогору болгондуктан, грек-рим күрөшү боюнча эле олимпиаданын 10 чемпиону жана дүйнөнүн бир нече жеңүүчүлөрү чыккан. Бул ирет дагы Бишкектеги биргелешкен машыгууга дүйнө, Азия чемпиондору келишип, күч сынашуулар, таймашуулар болду.Мунун натыйжасында биздин жаш балбандар үчүн пайдалуу ыкмаларды үйрөнүп, чеберчилигинин жогорулашына өбөлгө түзүлдү .

Мында 17 жуп атаандаш мөрөй талашып, Кыргызстандын намысын 55 кг салмакта Азия, дүйнө биринчилигинин жеңүүчүлөрү Арсен Эралиев менен Калыбек Жолчубеков коргоп, атаандаштарына алдырган жок.

Жаштар арасында дүйнө жана Азия чемпиону Калыбек Жолчубеков кореялык балбандардын даярдыгы, чеберчилиги жогору экенин айтып, таймашуу кыйынга турганын «Азаттыкка» билдирди.

60 кг салмакта күрөшкөн Бээжин олимпиадасынын коло байге ээси, Азия чемпиону Руслан Түмөнбаев түштүк кореялык олимпиада чемпиону Жонг Жи Хунга аз упай айырма менен утулуп калды.

Ушул салмакта килем үстундөгү күч сынашууда жаштар арасында Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Атай Койчукулов намысты колдон чыгарган жок.

Жеңил салмакта жаштар арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону түштүк кореялык Хан Соонун чеберчилиги жогору бааланды. Ал жаштар арасында Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Азиз Бейшалиевди утуп алды.

66 кг салмакта жаштар арасында Азия чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү Данияр Ибраимов менен Сергей Фуфачев атаандаштарына алдырып койду.

Бул салмакта уландар арасында Азия биринчилигинин жеңүүчүсү Султан Мухтаров кореялык Ум Хункту жеңип чыкты. Султан келечегинен үмүткөр кылды.

Мурда 66 кг салмакта күрөшүп. Бээжин олимпиадасында күмүш медал уткан Азия чемпиону Канат Бегалиев бул жолу 74 кг салмакта күч сынашып, Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү түштүк кореялык Ким Жун Хункка аз упай айырма менен жеңилип калды.

Ушул 74 кг салмакта күрөшкөн кыргызстандык балбандар Бекзат Малаканов, Рашид Тоялиев, Темирлан Таировдун дагы жолу болбой, жеңилүү ызасын тартып калышты.

84 кг салмакта Азия биринчилигинин жеңүүчүсү Азат Бейшебеков Кыргызстандын намысын сактап, түштүк кореялык атаандашы Чо Хуо Чунду артыкчылык менен утуп, намыска жарады.

Бирок ушул салмакта өзүн сынап көрүшкөн өлкөнүн тандалма командасынын мүчөлөрү Тынчтык Зулпукаров менен Чыңгыз Коңурбаевдин жолу болбоду.

96 кг салмакта Азия чемпионатынын коло байге ээси Азат Эркинбаев кореялык Ан Чанг Хунду утуп алууга жетишти.

Оор салмакта өлкө намысын коргогон Азия чемпионаттарынын күмүш жана коло байге ээси Мурат Романов 16-Азия оюндарынын чемпиону, түштүк кореялык Хан Тае Юунгду утуп алып, адистердин көңүлүн бурду.

Бишкектеги 17 беттешүүнүн онун кореялык балбандар жеңип, жетөөндө кыргызстандыктар утушка ээ болушту. Натыйжада 10:7 эсеби менен грек-рим күрөшүндө да кыргызстандык жигиттерди түштүк кореялык балбандар жеңип алышып, алардын чеберчилиги жогору экендигин көрсөтүштү.

Өлкөнүн грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Алмаз Касеновдун пикиринде Түштүк Кореяда балбандарга түзүлгөн шарт жогору болгондуктан, грек-рим күрөшү боюнча алар ийгиликтерге жетишүүдө.

Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Тэ Сок Вондун пикиринде, мындай спорттук кызматташуу, достук беттешүүлөр, биргелешкен машыгуулар болочокто дагы улантылат.

Түштүк Кореянын грек-рим боюнча тандалма командасы кыргызстандык балбандарды Бишкектеги эл аралык беттешүүдө жеңип алышкандан кийин кыргыз спорт жетекчилерин бул окуя ойлонтууга тийиш, дешет спорт серепчилери.