Соттун эмкиси аптанын аягына белгиленди

Биринчи Май райондук сотунда 12-январда мындан үч жыл илгери Таласта атылган түркиялык ишкер Сервет Четиндин өлүмүнө байланышкан кылмыш ишти териштирүү улантылды.
Сотто бул күнү түркиялык ишкердин өнөктөшү Р.Кемелбеков көрсөтмө берип, тергөө учурунда ага кысым көрсөтүлгөнүн, С.Четинди атып өлтүргөн кишини караңгыда жакшы көрө албай калганын билдирди.

Эшик жана тапанча

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловго анын өкмөттөн сыйлыкка алган тапанчасы менен түркиялык ишкерди атып өлтүргөн деген айып коюлган. Ошондой эле ага тышкы иштер министрлигин жетектеп турган кезинде мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамды бузуп, министрлик имаратын кытайлык эшиктер менен жаңыртып чыккандыгы да күнөө катары тагылган.

Өткөн жылы ал март айында камакка алынып, бирок август айында баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. 2009-жылдын жайынан тарта түркиялык ишкердин өлүмүнө байланышкан иш тышкы иштер министрлигинин кытайлык эшиктеринен чыккан кылмыш ишке байланыштырылып соттук териштирүүлөр улантылып келди.

Канга боелгон төө буурчак

Ал эми Таласта төө бурчак сатып алып мекенине жөнөтүп турган түркиялык ишкер Сервет Четин кимдердин экономикалык кызыкчылыгына каршы чыгып, анын көзүн тазалоого кызыкдар кишилер ким экени алигече ачыла элек. 2002-жылдан бери аны менен чогуу иштешип, түркиялык ишкерге 2007-жылы эки ирет кол салуу учурунда жанында болуп калган өнөктөшү Рамис Кемелбеков 2007-жылдын 5-июлунда дүкөндө соода кылып жаткан жеринен түркиялык ишкерге тогуз жолу бычак урган жанкечтини жанынан көргөнүн, ал ирет ажалдан аман калган Сервет Четин шек алып жаткан кишисинин атын ачык эле айтканын ырастады.

Трагедия

Мамлекеттик айыптоочу Кудайберген Чыраков тергөө маалындагы көрсөтмөлөр менен соттук териштирүүлөрдө ачыкка чыгып жаткан билдирүүлөрдүн ортосунда оголе чоң айырма бардыгын белгилеп биринчи кол салуунун чоо-жайын тактоо үчүн биртоп суроолорду берди.

- Үндөбөй эле кирип кеттиби?
- Жок ал биз бер жакта орус кыз менен тургам. Ал ичине кирип кетти.
- Көрдүбү силерди?
- Ооба.
- Анан ичине кирип кеткенден кийин артынан ким кирди деп атасыз?
- Кепкачан бала кирди да. Мен ал баланы тааныбайт экем.
- Ал киргенге чейин көрдүңүзбү ал баланы? Бет түзүлүшүн, сүрөттөп бере аласызбы? Орус деп атасыз?
- Азиялык, оруспу-кыргызбы, билбейм.

Анткен менен артынан аңдуу түшкөн ишкерди 2007-жылдын 9-декабрында ким атып кеткени, анын көзүн тазалоого кимдер кызыкдар болгону азырынча белгисиз.

Алдыңкы катардагылар, тургула!

Мамлекеттик айыптоочу менен райондук сот Азизбек Турдалиев күбө катары суралып жаткан Рамис Кемелбековдон сот залынын алдыңкы катарында отургандарды дагы бир жолу жакшылап карап чыгууну өтүнүштү.

Азизбек Турдалиев: - Биринчи катардагылар, кичи пейилдикке, эркек жолдоштор турп койгула. Экинчи катар, эркектер туруп койгула. Үчүнчү катар. Эми жакшылап бир-бирден карап, жокпу, жакшылап карадыңызбы?
Рамис Кемелбеков: - Жок, жок.
Азизбек Турдалиев: - Жарык жетиштүүбү?
Рамис Кемелбеков: - Жетиштүү.

Соттук териштирүүдө Рамис Кемелбеков тергөө маалында ага күч колдонушканын, узакка созулган түнкү сурактарда тергөөчү айткандарга макул дебештен башка амалы калбаганын маалымдады. Сот андан эмне үчүн өз укугун коргоп арыз жазбаганын сураганда Р.Кемелбеков коркконун, анын үстүнө алдында эки кадам алдыда бараткан өнөктөшүн атып кеткенин көргөн соң алдастап, кыйлага чейин өзүнө келе албагандыгын билдирди.

Соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө Аликбек Жекшенкуловго тышкы иштер министрлигинин имаратын оңдоо учурунда мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамды бузбагандыгы ырасталып, ага коюлган айыптын баары түркиялык ишкерди атып өлтүргөн тапанчага такалууда. Түркиялык ишкерди ким атып кеткени дагыле белгисиз бойдон калууда.