Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Э. Каптагаев: Азыркы бийлик турганда акыйкаттык болбойт


“Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкуловдун соту эртең башталганы турат. Буга байланыштуу аталган кыймылдын курамындагы “Улуу Биримдик” партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаевди “Азаттыктын” таңкы түз обосунда кепке тарттык.

- Эмилбек мырза, Аликбек Жекшенкуловдун ишине байланыштуу буга чейинки тергөө иштери калыс, мыйзамдуу болду деген ишеним барбы. Себеби ага адвокаттар ишеним көрсөтпөй жатышпайбы?

- Ал тергөө иши мыйзамдуу, калыс өтөт дегенге азыр эч ким ишенбейт. Бул Жекшенкуловго эле байланыштуу эмес, мына Ноокат окуяларын, Бөлөкбаевдин иши карайлы. Мунун баары тең азыркы мезгилде укук коргоо, сот органдары жеке адамдын, инсандын укугун коргоочу эмес, бул атайын буюртмаларды аткаруучу гана органдарга айланып калганын көрсөтүүдө. Ошон үчүн буга эч ким ишенбейт.

- Оппозиция Жекшенкулов мартта жаңы камалганда “саясий куугунтук” деп катуу каршылык көрсөттү эле. Кийинчерээк мындай пикирден кайтып калгандай түр пайда болду. Ага эмне себеп, же Жекшенкуловго ачылган кылмыш иштерин ачууга мыйзамдуу негиздер бар бекен?

- Жок, муну эл туура түшүнүш керек, оппозиция саясий куугунтук деген пикирден кайткан жок, мына жаздан бери, кыштан бери биздин иштеп келаткан ишибиз, кылган аракетибиздин баары эле коомдо адилеттүүлүктү, акыйкаттыкты калыбына келтирүү үчүн болуп атат. Жекшенкуловго карата болсо Топчубек Тургуналиев баштаган саясий куугунтукка каршы уюм Жекшенкуловду абийир туткунунда отурган адам катары, ак жеринен күйгөн инсан катары таанууда. Ошондой пикир, мамиле азыр да толук сакталып, ошону коомго, эл аралык коомчулукка жеткирүү аракетинде болуп атабыз.

- Оппозиция менен бийлик диалогго барабыз деп айткан эле, ушул Жекшенкулов жана башка саясий куугунтукка кабылгандар боюнча да сүйлөшүүлөр болот деп көп аракеттер болду эле. Бирок эки тарап түз отуруп сүйлөшө албай келишти ушул убака чейин. Ал эми мына жакында “Ала-Тоо ынтымагы” коомунун өкүлдөрү президент менен жолугушту. Бул окуя оппозиция менен бийликтин тил табышына кандайдыр бир деңгээлде түрткү бералабы, же болбосо “Ала-Тоо ынтымагы” коомунун максаты башкабы?

- Бул оппозиция менен бийлик сүйлөшүү үчүн, негизи эле эки адам сүйлөшүүсү үчүн экөө тең ошол сүйлөшүүгө көңүлү болуш керек, маани бериш керек. Мына жазында оппозиция менен сүйлөшөм, даярмын деп президент Бакиев өзү айтып алды, биз ага өзүбүздүн мамилебизди билдирип, сүйлөшсө сүйлөшөлү деп макул болдук, бирок ошол сүйлөшүүгө отурганда эле алар оппозициянын атынан барган Абдыганы Эркебаевды коркутуп кирип катышпайбы, мына сиз отурасыз, сиздин кызыңызга да иш козгойбуз деп. Мына ушундай-үркүтүү, кысым убагында эч качан сөз болбойт. Биз ошон үчүн мындай сүйлөшүүдөн баш тартканбыз, биз айтканбыз ушул бийлик турганда акыйкаттык да, адилеттик да, өлкөдө өнүгүү да болбойт деп.

- Ал эми “Ала-Тоо ынтымагы” коомунун жолугушуусу кандайдыр бир деңгээлде түрткү бере алабы ага?

- “Ала-Тоо ынтымагы” коому өзү негизи туура максатта түзүлгөн. Бирок ар бир уюмдун башында конкреттүү кишилер турат. Эгерде ушул коомдун башында турган адамдардын бийликке карата ички умтулуулары болсо, же кызмат таап алайын десе, балким ушундан пайдаланып өздөрүнүн маселелерин чечип алууну көздөп турушса, анда бул коомдун келечеги жок, андай коомду эч ким колдобойт. Мен да ошол коомдун мүчөсүмүн, жакын арада барган кишилердин отчетторун угабыз, эгерде ошондой максаттар менен кандайдыр бир ниеттери бар болсо, азыркы бийликти колдоп, кийинки шайлоону жакшы, таза өттү дегенге жөлөк-таяк бололу деген ниеттери болсо мындай коомдун кереги жок. Бул коомдун атынан сүйлөшүүгө мына Кулмурзаев, Өмүралиев, генерал Дүйшөбаев барды. Эгер чын эле ошондой ниеттери болсо анда бул коомдун мүчөсү катары мен мындай коомдун кереги жок деп ачык эле айтып чыгам. Анда азыр кошоматчыларга, жасакерлерге, кара өзгөйлөргө, зөөкүрлөргө тоюп бүттүк деп айтышыбыз керек.

- Маегиңизге рахмат.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG