Украина: Шайлоо күтүлбөгөн жыйынтык бериши мүмкүн

Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүүдө. Шайлоого Кыргызстандан да байкоочулар тобу барган. Алардын бири - Жанарбек Акаев.
-Жанарбек, Украинада шайлоо кандай өтүүдө?

Жанарбек Акаев: Мен азыр Украинанын эң ири облустарынын бири - Донецк облусунда байкоочумун. Донецк - президенттикке талапкер Виктор Януковичтин мекени. Андыктан бул жакта анчалык деле чоң тирешүү байкалбайт. Шайлоочулар өз добуштарын берип жатышат. Бирок ошентсе да жергиликтүү бийлик элдин аз келишинен чочулап, унаа менен кыдырып, аларды шайлоого катышууга үндөп жатат.

- Мыйзам бузуулар болгон жокпу?
Украинада үгүт иштери курч маанайда жүргөнүн байкоо болот.


Жанарбек Акаев: Кыргызстандан келген байкоочулар мыйзам бузууларды байкаган деле жокпуз. Баары тынч, мыйзам чегинде өтүүдө. Бирок эл аралык уюмдардын айрым өкүлдөрү чоң шаарларда студенттерди улам-улам киргизип, добуш бердирмей өңдүү мыйзам бузуу байкалганын айтышууда. Бирок ал деле чанда гана.

- Кыргызстанда буга чейинки президенттик, парламенттик шайлоолордо жоон топ адистер, байкоочулар одоно мыйзам бузуулар болгонун айтышкан. Демек Украинадагы президенттик шайлоо менен Кыргызстандагы буга чейин болуп келген шайлоолорду салыштырса чоң айрыма бар экен, туурабы?

Жанарбек Акаев: Ооба, туура айтасыз. Байкоочулар айырма өтө чоң деп атышат. Себеби административдик ресурстун колдонулушу, добуш берүү учурунда кайсы бир талапкерге үгүт иштеринин жүргүзүлүшү байкалбайт. Андыктан Кыргызстан ушул шайлоодон сабак алышы керек деген сөздөр айытылууда.

Дагы бир белгилей кетчү нерсе, Украинада үгүт иштери курч маанайда жүргөнүн байкоо болот. Борбор шаардан тарта булуң-бурчтагы айылдарга чейин үгүт плакаттары илинген. Киевде, мисалы, жаштар Тимошенко деген жазуулары бар палаткаларды тигип отурганын көрдүк.

- Жаштар шайлоого активдүү катышып атабы?
Административдик ресурстун колдонулушу, добуш берүү учурунда кайсы бир талапкерге үгүт иштеринин жүргүзүлүшү байкалбайт.


Жанарбек Акаев: Байкоочулардын айтымында, жаштар Киевде шайлоого активдүү катышууда. Ал эми жер-жерлерде жаштардын дилгирлиги анчалык деле байкалбайт.

-Ал эми шайлоонун жыйынтыгы тууралуу эксперттер эмне дешет?

Жанарбек Акаев: Адистер, байкоочулар учурда күчтүү деп аткан эки талапкер - Янукович жана Тимошенко экөөнүн бири өтүп кетет деп кесе айтышкан жок. Шайлоо күтүлбөгөн жыйынтык бериши да мүмкүн деп атышат. Мисалы, үчүнчү айлампа болушу толук мүмкүн деген ойлор бар.

"Азаттыктын" архивинен: Украина: “саргылтым ыңкылаптын” хроникасы

2004-жылы Украинадагы “саргылтым ыңкылап” В.Ющенкону президенттик такка алып келген. Бийлик үчүн кармаш анын оң колу эсептелген Ю.Тимошенкону элдешкис каршылашына айлантты. Назарыңыздарда режиссер Дамиан Колодийдин даректүү тасмасынан үзүндү. ZMa

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украина: “саргылтым ыңкылаптын” хроникасы