Абактан азап тарткандар
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстанда соңку кезде абактагы шарттарга жана адамгерчиликсиз, ырайымсыз мамилеге даттанган бир нече арыз катталды. №27 колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан ырчы жана активист Аскат Жетиген абак кызматкерлери соттолгон адамдарды ур-тепкиге алган учурларды жана жеке өзүнүн укуктары чектелип жатканын айтып чыкты. Буга удаа ушул эле жайда отурган саясатчы Алга Кылычов мекеменин кызматкери анын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирилгендигине даттанды. Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү абакка барып, аталган арыздар боюнча материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлгөнүн кабарлады.Жабык жайлардагы мыйзам бузууларды ким жана кантип текшерет? Бул системада кандай реформалар жүрүшү керек? “Азаттык” ушул суроолорго жооп издеди.