Бирок тобокелдиктерди алдын алуу үчүн көрүлүп жаткан чаралар жана чектөөлөр атаандаш тарапка көбүрөөк пайда алып келиши мүмкүн деп кооптонушат. 26-сентябрда Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Трамп менен Си Цзиньпин жасалма интеллекттин (ЖИ) тобокелдиктери жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, бул технологияны мүнөздөөдө "суперинтеллект" терминин колдонууну макулдашканын билдирди.
Вашингтондогу соңку кездешүүдө Си Цзиньпин АКШ менен Кытай жасалма интеллект (ЖИ) жаатында кызматташууга тийиш экенин баса белгиледи:
"Кытай да, Кошмо Штаттар да жасалма интеллект тармагында алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет. Жасалма интеллектти адамзаттын пайдасы үчүн өнүктүрүү жана башкаруу мүмкүнчүлүгүбүз менен катар жоопкерчилигибиз да бар. Ошондой эле жасалма интеллекттин өнүгүүсү ар дайым адамдын көзөмөлүндө болуп, элдин бакубат жашоосуна кызмат кылышын камсыз кылышыбыз керек".
Си Цзинпин жана Дональд Трамп. Вашингтон, 24-сентябрь 2026-жыл
Бул тармактагы айрым америкалык адистер ЖИ инструменттерин өтө тез өнүктүрбөөгө чакырып, алар көзөмөлдөн чыгып, адамзатка зыян алып келиши мүмкүн деген кооптонуусун билдиришкен.
АКШнын президенти Дональд Трамп болсо Кытай лидери менен жолугушуунун алдында технологиянын өнүгүүсүн ашыкча чектебеш керек деген оюн айткан. «Жасалма» деген сөз бул технологиянын маанисин толук чагылдырбайт деген Трамп акыркы мезгилде «супер интеллект» деген терминди колдонуп келет.
Кытай лидеринин сапарынын алдында, 21-сентябрда, АКШнын финансы министри Скотт Бессент эки тарап соода жана жасалма интеллект тармактарында ийгиликтүү сүйлөшүү жүргүзгөнүн билдирген:
"Биз атайын механизм түзүү маселесин талкууладык. Ал АКШ-Кытай жасалма интеллект диалогу деп аталат. Биз кайрадан жолугушууну макулдаштык. АКШ эки өлкөнүн ортосунда маалымат берүү механизмин түзүүнү сунуштады. Ошондой эле жалпы максаттар жана орток коркунучтар боюнча бир пикирге келүүнү каалайбыз. Эгер жасалма интеллектке байланыштуу кандайдыр бир инцидент болуп кетсе же жагдай улуттук коопсуздук деңгээлине чейин жетсе, бул механизм ал тууралуу бири-бирибизге кабарлоо үчүн керек".
АКШ менен Кытай эң өнүккөн ЖИ моделдери үчүн катуу атаандашып жатканы жашыруун эмес. Ошол эле учурда коопсуздук боюнча эксперттер улам күчтүү жана автономдуу болуп бараткан ЖИ системалары Вашингтон да, Бээжин да өз алдынча көзөмөлдөй албаган коркунучтарды жаратышы мүмкүн деп эскертишет.
Өткөн аптада Трамп АКШда жасалма интеллект компанияларын тескөө жана мыйзам бузгандарды жоопкерчиликке тартуу үчүн тиешелүү коргоо механизмдери буга чейин эле иштелип чыкканын айткан.
Өзөктүк курал жана AI коркунучу
АКШ менен Кытайдын коопсуздук боюнча эксперттери эки өлкөнүн өкмөттөрүн ар кандай сценарийлерге алдын ала даярданууга чакырышууда. Алар өзгөчө өзөктүк системаларга байланыштуу жана олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон киберчабуулдарда адамдын көзөмөлүн сактоо зарылдыгын белгилешет.
Бул сунуштар өкмөттөр аралык AI сүйлөшүүлөрүнүн жана 24-сентябрда Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусунун алдында жарыяланган.
Авторлор АКШ менен Кытайдын ЖИ тармагындагы атаандаштыгы заманбап чиптер жана өнүккөн моделдер үчүн жарыштын чегинен чыгып, курал-жаракты көзөмөлдөө маселесине айланып баратканын белгилешет.
Австралиянын өкөмт башчысы Энтони Албанезе. Нью-Йорк. 23-сентябрь, 2026-жыл
Башкача айтканда, машиналардын аскердик чечимдерди өз алдынча кабыл алышын кантип чектөө керек?
Технология күтүүсүз аракет кылган учурда өзөктүк куралга ээ атаандаш мамлекеттер бири-бири менен кантип тез байланышууга тийиш?
Кокустукту атайылап жасалган чабуулдан кантип тез айырмалоого болот?
АКШ улуттук коопсуздукту коргоо үчүн технологияларга чектөө киргизүүнү жактаса, Кытай муну технологиялык үстөмдүктү сактап калуу аракети деп баалайт.
Глобалдык тобокелдиктер
ЖИ байланышкан тобокелдиктер бейшембиде БУУда да талкууланды.
Жасалма интеллекттин коопсуздугу жаатында иш алып барган Anthropic компаниясынын жетекчиси Дарио Амодеинин айтымында, тобокелдиктердин эки категориясы бар.
Биринчиси, жасалма интеллект моделдерин кыянаттык менен пайдалануу. Мисалы, биотеррористтер аларды биологиялык курал жасоо үчүн колдонушу мүмкүн.
Экинчи тобокелдик, көзөмөлдү жоготуу. Башкача айтканда, жасалма интеллект өтө тез өнүгүп, моделди иштеп чыккандар аны көзөмөлдөй албай калышы мүмкүн.
Адис бул маселелер глобалдык мүнөзгө ээ жана бүткүл адамзатка тиешелүү экенин баса белгиледи.
"Эгер бул процесстер туура башкарылбаса, мен жасалма интеллект бүткүл адамзат үчүн коркунуч жаратышы мүмкүн деп эсептейм", - деп жыйынтыктады Амодеи.
Ал арада Австралиянын премьер-министри Энтони Албанезе БУУнун трибунасынан америкалык OpenAI компаниясы иштеп чыккан жасалма интеллект агенти медициналык камсыздандыруу системасынын жабык маалыматтары сакталган өкмөттүк порталды бузуп киргенин билдирди. Маалыматка караганда, окуя июнда болгон, бирок компания адегенде аны байкабай калган, андан кийин өкмөттү көпкө чейин кабардар кылган эмес.
Мындан улам өкмөт ЖИ тескөөнүн жол-жоболорун кечиктирбестен кайра карап чыгууга аргасыз болду.
OpenAI өз жообунда бул окуя моделдердин "башкарылбаган жүрүм-турумун" текшерүү маалында аныкталганын жана бейтаптардын маалыматтары ачыкка чыкпаганын билдирди. Компания мындай көйгөйлөрдү ачыкка чыгарууну жана маалымат менен бөлүшүүнү улантарын билдирди.
Кандай болгон күндө да киберкоопсуздук боюнча эксперттер бул окуя дүйнө үчүн ойлондуруучу жана кооптуу ишарат болгонун эскертишет.