АКШ Ормузда Ирандын портуна бараткан танкерди иштен чыгарганын билдирди

Америкалык деңиз аскер кызматкери күзөттө. CENTCOM жарыялаган сүрөт.

АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) 25-июлда эртең менен Ирандын портторуна карай жолду америкалыктар блокадада кармап турганына карабастан ал жакка өтүүгө аракет кылган танкерге сокку урганын билдирди.

Командачылыктын өкүлү Тим Хокинс танкер блокаданы айланып өтүүгө бир нече жолу аракет кылганын, ошондон кийин ал бутага алынганын айтты.

"Экипаж блокаданы кеминде төрт жолу бузууга аракет кылгандан кийин биз танкерди жарактан чыгардык. Аларга бир нече жолу эскертүү берилген, бирок баш ийген эмес, окуя болгон жердеги АКШнын күчтөрү кеменин кыймылдаткыч бөлүгүнө ок чыгарып, аны иштен чыгарышты", - деди Хокинс AFP агенттигине.

CENTCOM танкердин түрүн, жайгашкан жерин же кайсы өлкөгө таандык экенин ачыктаган жок.

АКШ Ирандын портторун ушул айдын башында кайрадан блокадага алган. Чектөө алгач апрель айынын ортосунда киргизилген, кийин июнь айында Тегеран менен убактылуу келишим түзүлгөндө чектөө алынып салынган.

23-июлда Ормуз кысыгынан Кытайга бир гана ири мунай ташуучу кеме чыккан. Ал Ирактын 2 миллион баррель мунайын ташып бара жаткан. 21 жана 22-июлда үч жана сегиз мунай ташуучу кеме өткөн.

АКШ-Иран согушуна чейин кысыктан күнүнө 150гө чейин кеме өтчү.

Дагы караңыз

Британия Ирандын коркутуусуна жооп бердиСумы жана Запорожье дрон чабуулуна кабылды"Германияда качкындар лагеринде турабыз". Кыргызстандык ондогон улан-кыз көчөдө калды"Күйүүчү майды Орусиядан башка өлкөлөрдөн алабыз". Амангелдиевдин маеги