Аксыда 2002-жылдын 17-мартында бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты адам каза тапкан. Быйыл кандуу окуяга 20 жыл болду.
Бул датага байланыштуу президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.
Мамлекет башчы 2002-жылдагы Аксы окуясы Кыргызстандын эгемен мезгилдеги тарыхында орчундуу орунду ээлеген, коомдук аң-сезимдин багытын белгилүү нукка бурган окуялардын бири экенине токтолгон.
Авторитардык жана коррупцияга чырмалган режимге каршы аксылыктар чечкиндүүлүк, каармандык менен күрөшкөнүн, өз кызыкчылыгынан эл кызыкчылыгын жогору койгонун айткан.
"Ошол учурда бийлик бутактарында карама-каршылык күчөп, реформалар үзүрүн бербей, жеке кызыкчылыктар үстөмдүк кылып турган. Эл өз түйшүгүн өзү тартып, аткаминерлер элден бир топ эле четтеп калган. Натыйжада мамлекеттеги абал курчуп, бийликтин бардык бутактарында Акаевдин үй-бүлөсүнүн жосунсуз жоруктары чектен ашкан. Социалдык-экономикалык абал оорлоп, саясий кырдаал кризиске кабылган. Аксы районунун тургундары эл байлыгын талоонго алууга, өлкөнүн улуттук байлыгын сатууга макул болбогон азаматтарды кысымга алган текебер бийликке жалтанбастан каршы чыгышкан", - деп жазылган президенттин кайрылуусунда.
Аксы окуясынын арты президенттик, үй-бүлөлүк жеке башкарууга каршы жалпы улуттук күрөшкө айланганы айтылып келет. Ошол эле учурда ага эмдигиче укуктук баа берилбей, кыргыз бийлиги да, коомчулук да сабак албаганы тууралуу пикирлер басымдуу.
2002-жылы Үзөңгү-Кууш Кытайга берилгени үчүн ошол кездеги президент Аскар Акаевге Жогорку Кеңеште депутат болуп отурган Азимбек Бекназаров импичмент жарыялаган. Бийлик буга аны камакка алуу менен жооп узаткан. Буга бир топ укук коргоочулар, активисттер каршы чыгып, ачкачылык кармаган.
Ачкачылык акциясын кармап отурган Шералы Назаркулов каза тапкан.
Аксы окуясына баштан аяк катышып, акыйкаттык издегендер менен Ош, Бишкек шаарларына жөө жүрүшкө чогуу чыккан укук коргоочу Азиза Абдирасулова бул окуяга укуктук баа берилбей калганын айтып келет.
"Аксы окуясына саясий гана баа берилген. Бирок ал туура берилген жок. Аксылыктарды экиге бөлүп, бирине акча берип, бирин куугунтуктаган саясат болгон ал кезде. Мен аксылыктардын укугун коргоп, жети жыл жүрдүм. Жогорку сотко эки жолу келгенбиз. Бирок ошол убакта да, азыркы кезде да буга укуктук баа берилген жок", - деген Абдирасулова "Азаттык" радиосуна 2021-жылы курган маегинде.
Алты өмүрдү кыйган “Тайфун”
Жогорку сот Аксы окуясы боюнча кайра тергөөнүн зарылдыгы жок деген чечимин 2006-жылы июнда чыгарган. Ишти Башкы прокуратура Аксы окуялары боюнча кылмыш ишинде жаңы жагдайлар бар деген негиз менен сунуштаган.
Башкы прокуратура бул иш боюнча мурдагы тергөөдө бийликтин жогорку тепкичиндеги жетекчилердин аракеттерине, "Тайфун" жана "Буран" операцияларына укуктук баа берилбегенин белгилеген.
Аталган операциялардын артында ошол кездеги президент, 2002-жылы премьер-министр болгон Курманбек Бакиев турганы жөнүндө маалыматтар чыккан.
Акаевдин бийлигин кетирүү үчүн мурдагы өкмөт башчы Курманбек Бакиев менен биригип, кийин анын бийлиги тушунда баш прокурор кызматын ээлеп турган Азимбек Бекназаров "Тайфун" жана "Буран" операцияларына Курманбек Бакиевдин кол койгону тууралуу маалыматтар кийин ачыкка чыкканын, ошонун негизинде суракка чакырганы үчүн кызматтан алынганын “Азаттыкка” айткан:
"Бакиевдин Аксы элине карата , "Тайфун" жана "Буран" операцияларына кол койгону тууралуу документ 2005-жылы баш прокурор болуп, Аксы окуясы тууралуу кайра тергөөнү жанданткан учурда табылган. Жашыруун документ болгону үчүн араң алганбыз. Ошондон баштап “сиз бул документке кол койгон экенсиз, сурак беришиңиз керек” десем, “макул сурак берем” деп убакытты созуп жүрүп, беш айдан кийин мени иштен алып койгон. Тергөө токтогон. Бирок Бакиев бул иши үчүн жазасыз калган жок. 2010-жылдан кийин мен Убактылуу өкмөттө турган учурда бул ишти кайра жандантып, дал ошол кылмышы үчүн Курманбек Бакиевге айып тагылып, ал сыртынан соттолгон. Ал иште ошол 17-мартта окко учкан Элдияр Үмөталиевдин атасы жабырлануучу катары өткөн".
Аксы жергесинен башталган саясий күрөш президенттик үй-бүлөлүк жеке башкарууга каршы жалпы улуттук күрөшкө айланып, 2005-жылы мартта ал кездеги президент Аскар Акаевдин бийлигин кулатууга негиз берген.
Муну эскерген укук коргоочу Азиза Абдирасулова Аксы окуясынан бийлик гана эмес, эл, коомчулук да сабак алган жок деп эсептейт:
"Аксы трагедиясынын тушунда, андан кийин Март окуясынын алдында элде “үй-бүлөлүк башкаруу куласа, Акаев айланасындагылар менен чогуу бийликтен кетсе эле, демократия орноп, акыйкаттык өкүм сүрөт” деген чыныгы ишеним болгон экен. Биз ошол үмүт менен Март окуясын ишке ашырдык эле. Бирок андай болбоду, үмүттөр акталган жок. А ны Бга, Бны Вга алмаштыруудан эч нерсе, система өзгөрбөй турганын аңдаган эмес экенбиз. Мен азыр ошол Март окуясынын чыгышына салым кошконума өкүнөм. Аксы окуясынан бийлик гана эмес, коомчулук да сабак албаганы үчүн бүгүн Кыргызстан Борбор Азиядагы эң артта калган өлкөгө айланып отурат".
Дагы караңыз Аксы окуясы: өчкөн үмүт, өзгөрбөгөн системаКийинки муун, жаштар арасында Аксы окуясына Азимбек Бекназаров негизги себепкер деген пикирлер арбын. Бекназаров өзү да ушул күнгө чейин Аксы трагедиясында адамдардын каны төгүлүүсүнө моралдык жоопкермин деп эсептейт.
Үзөңгү-Кууштун таржымалы
Жети адамдын өмүрү кыйылганы менен, Үзөңгү-Кууштун бир бөлүгү Кытайга өтүп кеткен. 1999-жылы, 26-августта Кыргызстандын президенти Аскар Акаев менен Кытайдын төрагасы Цзян Цзэмин кол койгон Үзөңгү-Кууш боюнча кошумча келишим 2002-жылы 10-майда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан ратификацияланган. 17-майда эл өкүлдөр жыйыны да колдогон.
Мамлекеттик чек араны тактоо боюнча өкмөттүк делегациянын мүчөлөрү Үзөңгү-Куушту тактоо узакка созулган оор сүйлөшүү болгонун эскерип келет.
Комиссиянын төрагасы Саламат Аламанов аягында талаштуу тилкени экиге бөлүү чечими менен гана чек ара чечилгенин "Азаттыкка" билдирген.
"Алардын жүйөсү бизди, биздики аларды ынандырган жок. Мына ошондуктан мунаса чечимге алардын, биздин саясий жетекчилер келип, талаштуу жерди эки тарапка бөлүү маселеси келип чыккан. Талаштуу жердин 30% коңшу мамлекетке 70% бизге караштуу болуп калды. 1860-жылдан берки талаш болуп келген Үзөңгү-Кууш маселеси ушундай. Ал кездеги документтерди ошол жердин түзүлүшүн так билбеген адамдар жасаган. Так карта 1943-жылы Кызыл Армиянын топографтары келип аныкташкандан кийин гана белгилүү болгон. Тарыхтагы географиялык катачылык ошондой чечилди".
Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилиши кыргыз коомчулугунда элдин эркинен тыш, бийлик башындагылардын чечими менен гана болгон иш деп айтылып келет. Акаевден кийин бийликке келген Курманбек Бакиевдин тушунда Каркыранын бир бөлүгү да Казакстанга берилиши да элдин нааразылыгын жараткан.