Космостук атаандаштык. Кыргызстан спутник учурууга камданууда

Октябрь айында учурула турган спутник. Кыргызстан.

Кыргызстан октябрдын башында космоско аппарат чыгарган өлкөлөрдүн катарына кошулганы турат. Өлкөдө жасалган бул «наноспутник» SpaceX ракетасынын борту менен орбитага көтөрүлөт.

Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 24-сентябрдагы билдирүүсүнө ылайык, көлөмү бир бөлкө нандай болгон спутник айыл чарба өсүмдүктөрүнө байкоо жүргүзүү, табигый кырсыктардын кесепеттерин баалоо жана «кургакчылыктын алгачкы белгилерин аныктоо» үчүн камералардын жана сенсорлордун комплексин колдонот.

Кыргызстанда жасалган спутниктин функцияларын жергиликтүү адис түшүндүрүп берүүдө

Долбоорду жетектеген «Кыргыз Электроника» технологиялык компаниясынын директору Илья Черныйдын айтымында, салмагы 5 кг болгон космостук аппаратты 10дой кыргызстандык инженер эки жарым жыл бою жасап чыкты. Аппараттын болжолдуу кызмат мөөнөтү 15 жыл. Борбор Азиядагы жергиликтүү маалымат каражаттары анын баасын болжол менен 130 миң доллар деп баалашты.

Кыргызстандын расмий өкүлдөрү аппарат өлкө ичинде чогултулганын кабарлашты. Черный наноспутниктин ичиндеги «технологиялардын көбү» орусиялык экенин айтып, муну «бардыгын нөлдөн баштап иштеп чыгууга 5-10 жыл кетери» менен түшүндүрдү.

1-октябрга пландалган кыргыз спутнигинин Калифорниядан орбитага учурулушу Борбор Азияда күч алып жаткан космостук атаандаштыктын дагы бир маанилүү этабы болот.

Февралда өткөн презентацияда Өзбекстандын спутнигинин модели көрсөтүлгөн

Август айында Өзбекстан орбитага Кытайда жасалган спутникти учурган. Анын курамында «Өзбеккосмос» агенттигинин адистери иштеп чыккан жасалма интеллект модулу бар экени айтылган. Мындан тышкары, Ташкент 2028-жылга чейин өзүнүн спутнигин чыгарууну пландап жатканын жарыялаган.

Казакстандын азыркы тапта орбитада өзүндө өндүрүлгөн бир нече спутниги бар. Сентябрь айында өлкө «Жерге байкоо жүргүзүүчү тогуз спутниктен турган эл аралык топ түзүү» планын жарыялаган. Ага Монголия, Конго Республикасы жана Нигерия берген спутниктерди киргизүү пландалууда.

Англиядагы Эксетер университетинин Борбор Азия боюнча эксперти Нелли Бекус "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна курган маегинде жеке космостук инфраструктурасын түзө алган мамлекеттер үчүн мындай аракеттер жана чыгымдар улуттук коопсуздук жагынан өзүн актай турганын айткан.

«Акыркы жылдары дүйнө жүзүндө геосаясий чыңалуу күчөгөн сайын жергиликтүү адистер башкарган спутниктик маалыматтарга эркин жетүү мамлекеттик коопсуздук үчүн барган сайын маанилүү болуп калды», - деген ал.

Бекустун айтымында, «космостук мүмкүнчүлүктөр көптөн бери өнүккөн мамлекеттүүлүктүн белгиси катары кабыл алынып, өлкөнүн технологиялык дараметин жана дүйнөлүк аренадагы ордун көрсөтүп келет».

Кыргызстанда чогултулган, октябрь айында учурула турган спутник. 24-сентябрь, 2026-жыл.

Батыштагы айрым талдоочулар авторитардык өкмөттөр өлкөсүндө жарандык башаламандык чыгып кетсе байланыш каражаттарын көзөмөлдөп же өчүрүп коюу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга кызыкдар экенин белгилешет.

Казакстан 2022-жылдын башындагы кандуу "Каңтар окуясында" интернетти бир нече күнгө өчүргөн. Ал эми Өзбекстан 2028-жылга пландалган өзүнүн спутниги өлкөгө «эгемен жана объективдүү маалымат булагын» камсыздай турганын билдирген.

Казакстан айыл жергесиндеги калкка Starlink кызматын киргизүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканда Илон Масктын SpaceX компаниясы менен мамиле туңгуюкка кептелген. Буга Казакстандын спутниктерге сигнал жөнөтүп жана кабыл алган жер үстүндөгү байланыш станцияларын өлкө ичинде куруу талабы себеп болгон. Мындай шарт Астанага байланыш инфраструктурасын өз көзөмөлүндө кармоого мүмкүндүк бермек.

Макаланын англис тилиндеги түп нускасы бул жерде