"Ок жедик, майып болдук, унутулдук". Апрель окуясынын каармандары

Апрель окуясынын катышуучулары Бакыт Тургунбаев жана Алмаз Акчекеев. (коллаж)

Быйыл Апрель окуясына 16 жыл болду. Элдик толкундоо учурунда 80ден ашуун адам окко учуп, миңдейи жараат алган. "Апрелчилер" андан бери да 100дөн ашуун катышуучу жашоо менен кош айтышканын айтып келет.

Кыргызстандын тарыхында кара так катары калган 7-апрелден бери жашоо кантип өзгөрдү? Жарадарлар мамлекеттен жетиштүү колдоо алып жатабы? Алардын үмүтү акталдыбы?

"Азаттык" кандуу окуяда ок тийген Бишкектин тургуну Бакыт Тургунбаев менен граната жарылганда эки бутун жоготкон мурдагы милиция кызматкери Алмаз Акчекеевден кабар алды.

Бакыт Тургунбаев: Бутум үзүлүп шалактап калган

Апрель окуясында 55 жаштагы Бакыт Тургунбаевдин эки бутуна тең ок тийген. Ошол күнү ал Аламүдүн базарына келинчеги менен соода кылууга чыккан.

Бийликтин өкүмзордугуна нааразылардын шарын көргөндө дароо элге кошулуп, аянтка барган экен:

Бакыт Тургунбаев

“Ал кезде эл азыркыдай эмес эле. Бийликти ачык сындай алышчу эмес. Бирок нааразылык күчөп жаткан. Мен өз каалоом менен Чүйгө чыгып, Форумдан келаткан элге кошулган элем. Андан мурда 2005-жылы бийлик алмашканда мародерчулук болбоду беле. Келинчегимдин "базарды тоноп кетишет, барба" дегенине карабай кеткем. Үч-төрт жолу артка чегиндик. Анан жамгыр жаай баштаганда эки бутума ок тийди. Сол жагыма тийип, этин көзөп кеткен. Нервге тийбептир. Эңкейип туруп калдым. Бул жакка отурайын деп бурулганда дагы атты. Ошол жерден жыгылдым. Оң бутум үзүлүп, тескери кайрылып калды”.

Бакыт Тургунбаев ок тийип жыгылып жаткан кезде далай кишинин каны төгүлгөнүнө күбө болгон. Жамгыр жууган аянтта каршы-терши кулагандар күнү бүгүнкүдөй көз алдында:

“Бир сары плащчан киши бар эле. Менден ары жыгылыптыр. Мээси тышка куюлуп жаткан экен. Аны аяп жардам бергим келгени менен өзүм тура албай жаттым. Бир маалда атышуу токтоду. Ошондо жарадарлардын баарын ташый башташты. Панфиловдон Киев көчөсүнө бурулган жерде айнеги сынган Тез жардам бар экен. Ага этти ыргыткандай эле ыргытышты. Шымды чечип салышкан, бутум үзүлүп шалактап жүрөт. Он бештей баланы жүктөштү окшойт. Ошол маалда келинчегим чалып калды. Телефон сол чөнтөктө эле, “Бакыт, келе жатасыңбы?” дейт. “Жок, мага ок тийди” деген бойдон эстен таныпмын. Өлөт окшойм деп эле ойлогом. Ошону билип калсын деген окшойм”.

Биздин каарман машинеге жүктөлгөндөрдү адегенде өлүкканага алып барышканын эс-мас билет. Ошол жерден жарадарлар менен маркумдарды иргешкен экен:

Бакыт Тургунбаев операциядан кийин. 2010-жыл.

“Эсиме келсем ооруканада жатыптырмын. Кашка жиликтин башы үзүлүп кетиптир. Үч литрдей кан жоготупмун. Кан куюшкан экен. Бирөөнүн каны жакпай калды окшойт. Денеме жара чыгып кетти. Ооруканада алты айдай дарылангандан кийин үйгө Тез жардам менен алып келишкен. Ошону менен эки жыл турбай жаттым. Келинчегим бакты, базары калды. Башка ишке кирмек, ал дагы калды”.

Бакыт Тургунбаев Апрель окуясында жараат алгандар түзгөн “Айкөл Ала Тоо” бирикмесинин мүчөсү. Ал бир кезде мамлекет, эл үчүн деп аянтка чыккандардын көбүнүн көзү өтүп кеткенин айтты:

“Бийлик элди пайдаланат экен десем деле жаңылышпайм. Эл байкуш бардык жерге чыгып берет экен. Карапайым калктын арасында баатырлар көп болот экен. Курсагы токтордун эч нерсе менен деле иши болбойт экен. Элдин эмгегин акылдуулар пайдаланат турбайбы. Пайдаланганга жараша оңолуп кетсек мейли дейт элек. Андай болгон жок да. Апрель окуясында 86 бала өлгөн. Андан кийин эле 150 бала өтүп кетти. Бир жагынан чыкпай эле койсок болмок экен деген ой келет. Бирок айла жоктун иши болду да. Барганыбыздын, ок жегенибиздин арты менен бийлик жакшы болсо жүзүң да жарык болот да”.

Бакыт Тургунбаев ден соолугуна байланыштуу иштей албайт. Он миң сомдун тегерегинде пенсия алат:

“Өкүндүм. Ден соолукту кайтара албайт экенсиң. Ошончо жараат алганга жараша мамлекет жакшы нукка түшсө өкүнүч деле болбойт эле. Азыр бир чети чыкканыбыз деле туура болгон экен деп калабыз. Элден сестенип, эсептешип калышты да кийин. Апрель окуясынан кийин өлгөндөргө жана жарадарларга Жалдан үй берилген. Ооруканага, Таш-Дөбөдөгү реабилитациялык борборго ар үч айда, алты айда жатып турчу элек. Кийин ал да калып кетти”.

Апрель окуясы тууралуу эл арасында пикир бир кылка эмес. Айрым учурда анын катышуучуларын социалдык желелерде тилдегендер да жок эмес. Бирок биздин каарман убагында кайсы бир бийликти жактабаганын, башкы кызыкчылык мамлекетти сактоо болгонун кошумчалады:

Бакыт Тургунбаев небереси менен

“Бакиевдин же башканын кишиси деген болбош керек. Бир элбиз. Өлкөдө 200дөй миллионер болсо, алар бири-бирин тааныйт, иштешип келишкен. Бийликтин даамы башкача болот тура. Биз татыктуу иштеген кадрларды тандашыбыз керек. Азыркы бийликке деле сын айткандан алысмын. Садыр Жапаровдун жакшы иштери деле бар. Жегендерди ордуна коебуз деп коюп жатат. Бирок биздин жегичтер эмнеге тойбойт, билбейм. Бийликке келип алып элдин байлыгын жеген болбойт да. Ошондой жегендер болбосун деп кан төгүлбөдү беле?”.

Бакыт Тургунбаев Кыргызстан билимдүү жаш кадрларды мамлекеттик кызматтарга алса, мамлекет туура жолго түшсө, Апрель окуясы мүдөөсүнө жетмек деген пикирде:

“Билимдүү кыз-жигиттер көп бизде. Ошолорду ишке алса жакшы болот эле. Отуз жылдан бери аралашып жүргөндөрдү тазалап, иштетсе, мамлекетти оңойбу деген тилегим бар. Экинчи мындай кан төгүү болбосун. Анын арты кайра эле элге, мамлекетке зыян экен. Баарын акыл менен чечсе болот тура”.

Бакыт Тургунбаев

Бакыт Тургунбаев Бакай-Ата конушуна бир-эки жылдай мурда көчүп келген. Чоң ата болгон 55 жаштагы каарманыбыз убактысынын көбүн үйүндө, жубайынын маңдайында өткөрөт. Жалгыз уулу, келини ишке кеткенде неберелерин карайт. Спорт менен машыгат.

Алмаз Акчекеев: Түшүңдө чуркап жүрөсүң, ойгонсоң эле бутуң жок

Мындан 16 жыл мурда 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга ок атылып, 80ден ашуун киши ошол жерден набыт болуп, миңден ашуун адам жараат алган. Бул убакыт ичинде жараат алгандардын 100дөн ашыгы каза болгонун апрелчилер айтып келишет.

Кандуу окуяда бир нече милиция кызматкери да жараат алып, Ички иштер министрлигинин академиясынын эки курсанты каза болгон.

Апрель окуясында Алмаз Акчекеевдин эки бутунун алдында граната жарылган. Милиция кызматкеринин жашоосу бул күндөн кийин экиге бөлүнгөн.

Алмаз Акчекеевдин жараат алгандан кийинки сүрөттөрү.

“2016-жылы Атамбаевдин колунан “Эрдик” медалын алгам. Бул болсо 2010-жылы мага автоунаа тапшырып жаткан учур экен. Бул болсо кесиптештер ооруканага келип ал-акыбалды сурап жатканда тартылган. Бул болсо аскердеги кезим. Бул болсо жараат алган курсант. Анын жанындагы курсант ошол окуяда кайтыш болгон. Бул сүрөттө Апрель окуясында жараат алгандар, дарыгерди ортого алып чогуу түшкөнбүз”, - деп ал колундагы сүрөттөрүн көрсөтүп отурду.

7-апрелден кийин Алмаз Орусияга чейин барып дарыланган. Учурдагы протезин Москвадан салып беришкен. Аны көчөгө чыкканда эле кийбесе, үйдөн чечип коет экен:

“Быйыл он алты жыл болот. Кырсыктагандан кийин Орусияда ооруканага жаттым. Протезди Орусиянын ИИМи коюп берген. Эки бутумда тең протез да. Бир бутум тизеден, бирөө андан өйдө кесилген. Ошол жерде төрт ай ооруканада жаттым. Келгенден кийин реабилитация маселеси болду. Стресс болдум да. Басып жүрүп, эки буттан айрылып калыш оор экен. Түшүңдө чуркап жүрөсүң, ойгонсоң эле бутуң жок. Башында эл дагы башкача карагандай сезиле берчү. Жардам береби деп ойлочумун өзүм дагы. Айрымдары жардам берчү, айрымдары басып кетчү. Азыр андайга көңүл деле бурбай калдым".

Алмаз Акчекеев протезди көчөгө чыкканда гана киет.

Алмаздын бүткөн боюна гранатанын сыныктары батып кеткен. Операция учурунда алардын көбү алынган эмес. Дарыгерлер анын ордуна алты ай сайын дарыланып турууну сунушташкан. Башында мамлекет камкордук кылганы менен азыр унутулуп калганын жашырган жок:

“Биринчи жолу пенсияга 5 миң сом менен чыккам. Азыр 12 миң сом алам. Пенсия көтөрүлөт дегени менен баарын бирдей карайт экен да. Кызмат учурунда жараат алгандарды башка категория менен караса болмок. Ден соолук барда мамлекетке керек болуп, жок болсо керегиң жок болот экен. Ооруканага барганда шприц менен койка гана бекер болбосо, калганын бүт өз чөнтөгүбүздөн алабыз. Мурда өкмөт бир аз каралашып турчу, кийин андай деле болбой калды. Убакыт өткөн сайын кандай болот деген ой келет”.

Дагы караңыз

"Биз буйрукту аткардык"

Алмаз учурда Ички иштер министрлигине караштуу үйдө үй-бүлөсү менен турат.

“Үй 2016-жылы Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен берилген. Ведомстволук үй, менчикке чыга элек, документтери жок. 2010-жылдан кийин бардык жеңилдиктер берилет дешкен. Бирок азыр коммуналдык кызматтарга жеңилдик деле жок. Кагаз жүзүндө болушу мүмкүн. Өзүм үйдө деле отургум келбейт. Кээде чыгып такси айдайм. Эл кызматын кылып жүргөн киши үйдө деле отура албайт экен. Орустар "Убакыт дарылайт" дешет го. Өзүбүз деле көнөт экенбиз. Кудай таала бир жеринен алса эки эселеп берет деген чын экен. Апрель окуясы болгондо уулум бар эле, андан кийин кыздуу болдум, дагы бир уулдуу болдум. Кудайга шүгүр".

Алмаз Акчекеев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин колунан мамлекеттик сыйлык алууда

Алмаз Акчекеев 2016-жылы “Эрдик” медалын дагы алган. Мурдагы кесиптештери менен ушул күнгө чейин жолугушуп турат. Бирок 2024-жылы Кыргыз милициясынын 100 жылдыгы белгиленгенде унутта калганына таарынычын билдирди:

“Убакыт өттү, жетекчилер алмашып жатат. Тааныганы, тааныбаганы бар дегендей. Кыргыз милициясына бир таарынганым, 100 жылдыкта жетекчиликтен бирөө келип, "акыбалың кандай?" деп сураганга жарабады. Ошого таарындым. Министрликке өзүм баргандан кийин гана сен бар белең дегенсип ал-акыбалды сурап келишти. Кандай бийлик келбесин, милиция өз милдетин аткарат. Кээде ушундай окуялар болгондо милиция кызматкерлери биринчи жабыркайт. Мага окшоп майып да болуп калышат. Жеке эле милиция эмес, күч түзүмүндө иштеп жүрүп, кызмат учурунда жараат алгандарга өзгөчө мамиле болсо болмок”.

Алмаз үйдүн тактайы тегиз болгону үчүн протез менен баса алат. Бирок тышка чыкканда чыгырыкка таянууга аргасыз. Коомдук транспортто жүрө албайт.

Буга байланыштуу ал өлкө башчысы Садыр Жапаровдон, ИИМ жетекчилигинен жеңил автоунаа сурады.

Алмаз Акчекеев Апрель окуясында эки бутунан ажыраган

"Өткөн жылдары президентибиз, Куралдуу күчтөрдүн кол башчысы Садыр Жапаровго кат жүзүндө кайрылган элем. УКМКнын мурдагы төрагасына да кайрылгам. Коомдук транспортто жүрө албайм, ошон үчүн мага жеңил автоунаа берилсе деп сурагам. Эч кандай реакция болгон жок".

2010-жылдан кийин милицияга карата терс маанай күч алганы маалым. Алмаз дагы башында ошондой түшүнбөстүккө кабылган. Бирок азыр Апрель окуясынын катышуучуларын кечирип, жараат алгандары менен сүйлөшүп турарын айтты:

“Мурда алар менен жолугуп калганда силер бизди аткансыңар дегендей карашчу да. Андан бери 16 жыл өтүп кетти. Азыр кээде жолугуп, маектешип калабыз. Алар деле түшүндү. Биз өз кызматыбызды кылдык, алар өзүнүкүн кылды. Азыр эми элдин дагы милицияга мамилеси да жакшырып калды. Башында кырсыктаганда башка эле жумушта иштесем болмок экен, ошол күнү жумушка барбай эле койбой деп өкүнгөм. Бирок мен башынан эле күч түзүмүндө иштегим келчү да. Аскер кызматында иштесем деген оюм бар эле. Бишкекте окуп эле армияга кеткем. Бишкек шаарынын кайгуул кызматына ишке киргем. Азыр деле форма кийгим келет. Жыл сайын 1-ноябрда, Милициянын күнү белгиленгенде киебиз. Ушул форманы 7-апрелде да кийип чыгып, эскерүү иш-чараларына катышсам деп ойлойм”.

Алмаз Акчекеев

Алмаз бош убактысында китеп окуйт, өлкөдөгү окуяларга көз салат. Ал кандай бийлик келбесин, элдин үнүн угушу керек деп эсептейт:

“Апрель окуясы кимдир бирөө үчүн байлык-бийлик алып келсе, кимдир бирөө үчүн өмүр бою ыза, кайгы, майыптыкты алып келди да. Биздин бийликке бир эмес эки-үч жолу сабак болду. Бийлик эми мурдагы катаны кайталабай, элди угуп, эл менен эсептешип, элге жакшыраак көңүл бурушу керек деп ойлойм".

Дагы караңыз

Апрель ыңкылабы: төрт жылдан кийин...

Кыргызстанда Апрель окуясынан туура он жыл өткөндө, 2020-жылы октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл дагы бир жолу толкуган. Анын натыйжасында бир адам каза таап, бир канча адам жараат алган.