"Аскердик товарларды да сатат". Украина Wildberries'ти эмне үчүн аткылоодо?

Wildberries компаниясынын Санкт-Петербургдагы кампасына сокку урулду. 24-июль 2026-жыл

Украиналык дрондор бир аптада үч ирет Wildberries маркетплейсинин Орусиянын бир нече аймагында, аннексияланган Крым жарым аралында жайгашкан кампаларына, логистикалык борборлоруна сокку урду. Эмне үчүн украин армиясы Wildberries'ти бутага алууда?

Маалыматтарга караганда, чабуулдардын алгачкы күнү 8 киши каза тапты, ондогону жарадар болду. Материалдык чыгым тарткандардын арасында кыргызстандыктар да бар.

Wildberries — ири онлайн-ритейлер жана маркетплейс. Аны орусиялык Amazon деп атап коюшат.

РБК, Forbes жазгандай, чыгым жүз миллиарддаган рублга жетиши мүмкүн.

Эң кызыгы, үстүбүздөгү айдын башында сатуучулар менен түзүлүүчү келишим өзгөртүлүп, маркетплейс "согуш, табигый кырсык өңдүү алардан көз каранды эмес жана алар жөнгө сала албаган шартта милдеттенмелерин аткарбаганы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат" деген пункт киргизилиптир.

Келишимдеги ошондой шарттардын арасында "курал-жарак, аскердик жабдуу жана пилотсуз учуучу аппараттарды колдонуунун, аткылоонун жана жардыруулардын кесепеттери" да аталган.

“Дождь” телеканалынын журналисти Надежда Метальникова “Настоящее время” телеканалы менен маектешүүдө бул маселенин айланасында мындайча ой жүгүрттү:

“Менимче, украин пилотсуз учактары Орусиянын аймагына жапырт сокку ура баштагандан бери Wildberries аларга да кезек жетерин түшүндү. Себеби ага чейин мунай иштетүүчү жайлар гана эмес, Подмосковьедеги “Мега” соода борбору аткыланганын көргөнбүз. Ири “Садовод” рыногу өрттөнгөнүнө күбө болдук. Кремлге жакын адамдарга таандык базарда чоң акча жүгүртүлөт. Менимче, Wildberries'тин негиздөөчүсү Татьяна Ким жана өнөктөштөрү алардын кампалары да бир күнү, атайылап же кокусунанбы, бутага алынышы мүмкүн экенин жакшы түшүнгөн. Компаниянын чыгымдын ордун толтурууга чамасы жетпейт жана аны каалабайт деп ойлойм”.

Дагы караңыз

Киев облусу он өмүр кыйылган соккудан кийин аза күтүүдө

Эмне үчүн украин аскерлери Wildberries'ти бутага алууда?

Украин президенти Владимир Зеленский куралдуу күчтөр Орусиянын армиясын дрон тетиктери, навигация жабдуулары жана курал менен камсыздаган логистикалык борборлорго сокку уруп жатканын билдирди:

«Согушту баштаган жерге – Орусияга кайтаруу адилеттүү көрүнүш. Украина орус тарапка тынчтык орнотуу үчүн бардык сунуштарды берди. Дипломатияга өтүүгө басым жасаш керек».

Бир катар маалымат каражаттары белгилегендей, Wildberries ыктыярчылар уюмдары, жеке менчик конструктордук бюролор жана аскерлер дрон тетиктерин, кыймылдаткычтарды, микросхема, аккумулятор, байланыш каражаттарын, тепловизор, рация, электроника, брондолгон жилет жана башка товарларды сатып ала турган ири платформага айланган.

Украиналык расмий адамдар аны кош максаттагы, санкция салынган товар сакталган жана өткөрүлгөн орус логистикасынын маанилүү бөлүгү деп атап жатышат.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков муну четке какты:

«Киев режими жарандык жайларды бутага алып жатат. Бул ал бийликтин террордук табияты. Кырдаал кыйын, компания өзү жана чакан, орто ишкерлер чоң чыгымга учурады. Өкмөт маселени чечип жатат».

Wildberries компаниясынын Краснодардагы кампасын соккудан кийин өрт чалды. Орусия, 2026-жылдын 22-июлу.

Маркетплейстин товар бөлүштүрүүчү борборлору күнүнө миллиондогон буюртма менен иштейт. Адистердин айтымында, алардын иши токтосо товар жеткирүү үзгүлтүккө учурайт, транспортко күч келет, компания өз жайларын коргоого, башка жерлерге көчүрүүгө көп каражат жумшап калат.

Социалдык тармактарда жарык көргөн маалыматтарга караганда, Wildberries'тен чындап эле бронежилет, шлем, камуфляж костюмдарын, униформаны, дрондор үчүн оптикалык буланы сатып алса болот.

Андан тышкары украиналык аткаминерлер муну Украинанын “Нова пошта” логистикалык операторунун терминалдарына урулган соккулар үчүн өч алуу деп айтышат.

Бул компания жыл башынан бери орус аскерлери 400дөн ашуун бөлүмүн жана терминалын толугу менен же жарым-жартылай талкалашканын санап чыкты. Алсак, 15-июнда баллистикалык үч ракета атылганда Киевдеги ири инновациялык борбор зыян тартканы, 19-июлда, Wildberries бутага алынгандан кийинки күнү Харьковдогу терминал бүлүнгөнү маалымдалган.

«Соккунун максаты расмий түрдө аскердик жүйөнүн негизинде түшүндүрүлгөнү менен көбүнчө экономикалык, моралдык, саясий мааниге ээ деп ойлойм. Ооба, аскердик көз караштан алганда орус армиясы Wildberries'ти өз максатында пайдаланганы маалымдалууда. Мен анын чын-калпын айта албайм. Бирок ал жүйө сокку уруу үчүн негизги фактор эместиги түшүнүктүү. Орусия ар кандай шылтоо менен каалаганын кылып, Украинадагы ушундай эле объектилерди талкалап келатат. Киев сокку уруу дарамети пайда болгондо Орусияга жооп кайтарууда», - деп айтты аскердик эксперт Давид Шарп.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украина эмне үчүн Wildberries'ти бутага алууда?

Wildberries'те аскердик буюмдар да сатылат

Кандай товарды кош максаттагы деп атайбыз? Кайсы бир товар айыл чарбасы, билим берүү же спорт тармагында активдүү колдонулушу мүмкүн. Бирок ошол эле товарды же анын ичиндеги кайсы бир тетигин согуштук өндүрүштө пайдаланууга мүмкүн болсо, ал кош маанидеги товар деп эсептелет. Ачык булактарды карап көрсөк, Wildberries'те кош маанидеги товарлар кеңири сатылып келгени байкалууда.

Wildberries маркетплейсинин товар жеткирилген пункту. Москва, архив.

Маселен, дрондорду, ар кандай дүрмөттөрдү же радиоэлектрондук жабдыктарды жасоо үчүн керек болгон элементтер камтылган товарлар бар болуп чыкты. Wildberries'те ачык сатылып жаткан айрым кош маанилүү деген товарлардын Кыргызстанга агымын талдап көрсөк, алардын көлөмү соңку үч-төрт жылдан бери ондогон эсе өскөнүн көрсө болот.

Рыногу чакан жана аскердик өндүрүшү дээрлик жок Кыргызстанда алар кандай максатта иштетилип жатат? Же башка жакка агылып кетип жатабы? Мына ушундай логикалык суроо туулат.

Эгерде согуш башталган 2022-жылдан берки мезгилди сыдырып карап көрсөк, Москва өзүнүн согуштук өнөр жайын чийки зат жана тетиктер менен камсыздоо үчүн ар кандай каналдарды активдүү колдонуп келет.

Согуш жүргүзүп жаткан өлкөдө бизнес кылуу кооптуу

Блогерлер Украинадагы согушту көз жаздымда калтырып келген, эч нерсе болбогондой, атүгүл кол салууну колдогон катардагы элге таасирди комментарийлеп жатышат. Айрымдары мындай окуя эмне үчүн болуп жатканын түшүнбөйт, 2022-жылдын 24-февралында эмне болгонун эстебейт деп жазышат.

Мисалы Николай Митрохин иш ордунда набыт болгон кызматкердин жакындарына 2 миллион рубл убада кылынганын, бул согушка кеткен аракечке берилген акчадан алда канча аз экенине көңүл бурат.

Киев орусиялыктар согушту өз жон териси менен сезишсин деп айтып келет.

Согушуп жаткан өлкөдө бизнес жүргүзүү, иш алып баруу канчалык кооптуу экенин кыргызстандыктар да билип калды.

Бирок "Орусиядан башка кайсы жерде ушундай онлайн соода-сатык жүргүзө алышат?" деген суроо да жүйөлүү.

Дагы караңыз

Евробиримдик Кыргызстандагы "ЭкоИсламикБанкка" санкция салды

Кыргызстандык соодагерлер негизинен кийим-кечек, сулуулук, ден соолук каражаттары өңдүү жарандык товарлар менен алектенишкендиктен өздөрүн мындай кооптуулуктан сырт деп эсептешкен. Кыргыз ишкерлери көбүнчө кыргызстандык өндүрүштө чыгарылган товарлар менен Кытай товарларын экспорттошот. Анын үстүнө "согуш алыста, Украинада жүрүп жатат, орус жеринде бейпилдикти камсыздашат" деген ишеним бекем болгон.

Бирок согуштун географиясы кеңейгени, дрон соккулары майдандан миңдеген чакырым алыс жерге чейин жеткени даана көрүнүп калды. Азыркы учурда кыргыз ишкерлери мурдагыдай тынч иштей албашын түшүнүп, жаңы чечимдерди издеп жатышкандай. Европадан тартып Түштүк Азияга чейинки жаңы мейкиндиктерге чыгуу жөнүндө демилгелерди талкуулап жатышат. Демек, согуш коркунучу ушул бойдон сактала берсе, кыргыз ишкерлери базар которуу аракетин жандандырат болушу мүмкүн.

Женева конвенциясы жарандык объектилерге сокку урууга тыюу салат. Кайсы жерди согуштук бута деп аныктоо керектигин, албетте, аскердик эксперттер аныктайт.