Матраимов иши: мамлекетке берилген батирлердин чоо-жайы

"Эльдорадо" борбору.

Көп жылдап коррупциялык схемаларга шектелип келген Райымбек Матраимов акыры казынага кайтара турган мүлкүн арыдан бери Бишкектен сатып ала коюп, аларды мамлекетке өткөзгөн.

Эбегейсиз дүнүйө топтоп Райым-Миллион деген атка конгон Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары былтыр октябрда коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алып, казынага 2 миллиард сом (24 миллион доллар) төгүп берүүгө макулдук берген.

Экс-бажычынын тергөө менен кызматташып, акча төлөп, абактан чыгып, катаал жазадан кутулуп кеткени коомчулуктун кыжырын келтирген.

Айрымдар аны кылган күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке келтирген зыяндын бир бөлүгүн кайтарып беришин көп жылдан бери жемкорлук желесинен чыга албай келген мамлекеттеги алдыга карай ташталган кадам катары сапытташкан.

Анткен менен «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоорунун (OCCRP) жана «Клооптун» журналисттери мамлекетке келтирилген зыяндын бир бөлүгүн кайра кайтаруунун жол-жосуну көз будамайлоого окшоштугун аныкташты.

2 миллиард сомдун болжол менен үчтөн бир бөлүгүн Матраимов 10 кыймылсыз мүлк менен төккөн.

Бирок экс-бажычы ал батирлердин көбүн казынага кайтаруунун алдында эле - ага бир нече күн калганда сатып алганын журналисттер аныкташты.

10 кыймылсыз мүлктүн экөөнү, анын ичинде Бишкекте ээн турган «Эльдорадо» соода борборун анын туугандары беришкен.

Калганы - эски заманда курулган батирлер. Алардын бардыгын тең Матраимов бир нече күндө кадимки базарга барып соода кылгандай сатып алганынын өзү табышмак.

Мамлекетке келтирилген зыянды ар кай жерден батир сатып албай эле акчалай төксө болбойт беле? Андан да кызыгы - Матраимовдун банк эсептеринин баары соттун чечими менен камакта турса, батирлерди базардагыдай сатып алууга акча кайдан табылды?

Матраимов иши: Базардан бадыраң алгандай батирлер

Матраимов жана анын жек-жааты күндүгүнө күлүк минип турганда алган заңгыраган кымбат баалуу үйлөрүнөн ажырабаган сыяктуу. Бажыда жетекчилик кызматта иштеп жүргөн маалда Матраимов канча байлык топтогонунун эсебин эч ким билбейт. Буга чейинки журналисттик иликтөөлөр ал кыргыз бажысында коррупциялык схема түзүп, ал аркылуу Кыргызстандан 700 миллион долларды четке чыгарып кетүүгө аралашканы шектелген.

Transparency International уюмунун Кыргызстандагы бөлүмүнүн өкүлү Адылбек Шаршенбаев билдиргендей, тергөө менен түзүлгөн бүдөмүк келишим кооптуу жагдайды жаратты:

«Эгер коррупционер айып пул төгүп же кандайдыр бир мүлктү кайтаруу милдеттенмеси менен жазадан кутулуп кетээрин билсе, ал өз ишмердүүлүгүн уланта берет. Ошондуктан, жемкорлукка баткандар менен кызматташуу сыяктуу нерселерге такыр жол берилбеши керек. Коррупциялык кылмыш жасагандар ушундай жол менен жазасыз кала бериши ыктымал».

Ушул тапта Матраимов тергөө абагында отурат. 18-февралда “кылмыштуу жол менен тапкан кирешесин адалдаштырган” деген айып менен кармалып, 2 айга камалды. Буга байланыштуу депутаттардын бири «Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагы аксөөктөрдүн мейманканасына айланып баратат» деп тамаша чалды.

Матраимовдун жакындары жана жактоочусу бул макала үчүн комментарий сураган журналисттердин кайрылуусуна жооп берген жок.

САЯСИЙ ЧЕЧИМ

Кыргызстанда 2020-жылдын октябрь айында миңдеген киши парламенттик шайлоонун жыйынтыгына, добуштардын сатылганына нааразылык билдирип көчөгө чыгышкан. Алар ошондой эле Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн колдоосуна ээ болуп, шайлоодо бийликтин партиясына куйрук улаш келген «Мекеним Кыргызстан» партиясына кескин каршылык билдиришкен.

Бир нече күнгө созулган ызы-чуудан кийин абакта жазасын өтөп жаткан саясатчы Садыр Жапаров өткөөл өкмөттүн башына келген. Ал өкмөт үйүнүн алдындагы жаалданган элдин алдына чыгып, Матраимовду камоого сөз берген болчу.

Жапаровдун «Райым-Миллион камалат» - деген сөзүн эл кол чаап кубаттаган эле.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров: «Раим-Миллион» камалат

20-октябрда Матраимовду Улуттук коопсуздук комитети колуна кишен салып кармаган. Ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө тилкаты менен бошоткон.

Президент Садыр Жапаров экс-бажычыны тергөө маалында камакка албоо тууралуу саясий чечимди өзү кабыл алганын айткан.

Матраимов тагылган айыптардын баарын мойнуна алып, мамлекетке келтирилген зыянды казынага кайтарып берүүгө макул болгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Матраимов 2 миллиард сом (24 миллион доллар) төлөп берерин элге жарыялаган.

Бийлик менен коррупциялык кылмышын мойнуна алган мурунку аткаминердин кызматташуусу саясат таануучу Азим Азимовду эки ача ойго түрткөн:

"Матраимовдун 2 миллиард сом төгүп бергени мени таасирлентти. Тарыхта биринчи жолу ал мамлекет менен эсептешүүгө аргасыз болду. Башка жагынан алганда, бардыгы пландалып, алдын-ала сүйлөшүлүп, коомчулук күткөндөй чечим кабыл алынды. Райымбек Матраимов жана ал түзгөн “уюм” бийликтин бардык тармагына тамырын жайган", -деп сыпаттады Азимов.

Коомчулукта Матраимов кириптер болгон окуялар кеңири талкууланганы менен, анын казынага каражатты толук төлөп бербегени көз жаздымда калгандай болду.

24-декабрда өткөн басма сөз жыйынында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Матраимов 1,4 миллиард сомду (17 миллион доллар) бюджетке акчалай төккөнүн, калган 600 миллион сомду (7 миллион доллар) тогуз батир жана бир соода борбору менен кутулганын билдирген.

“БАТИР БАЗАРЫ”

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат бул иштин чоо-жайын терең айтпаса дагы февралдагы соттук териштирүү маалында бир топ кызыктуу жагдайлар ачыкка чыкты.

Биринчиден, 2 миллиард сом деген сумма кайдан чыкканы белгисиз. Эмне себептен жылдап жемкорлук аркылуу тапкан байлыкты кайтарып берүү үчүн башка сумма эмес, а дал 2 миллиард сом аныкталган?

Прокурордун жүйөсүнө караганда Матраимов чек арадагы көзөмөл-өткөрмө бекетинен мамлекетке кирген ар бир жүк ташуучу машинеден орточо 860 доллардан алып турган. Ал Бажыда иштеп турган маалда 16 761 жүк ташуучу машине чек арадан өткөн. Доллардын азыркы курсу менен эсептегенде 1,2 миллиард сом болот (14 миллион доллар). Эмне себептен башка көзөмөл-өткөрмө бекеттер эске алынган эмес? Ошондой эле паранын суммасы Матраимовдун өзүнөн башка эмнеге негизделгени дагы түшүнүксүз.

Дагы караңыз Прокурор: Матраимов 16 761 машинанын ар биринен орточо 860 доллардан алган

Экинчиден, кыймылсыз мүлктү эмнеге таянып 7 млн. долларга баалашканы да түшүнүксүз. Бийлик буга түшүндүрмө бере элек. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлү журналисттер менен микрофонсуз пикир алышкан маалда Матраимовдун мүлктөрүн риелтордик жеке менчик компаниялар баалаганын, мамлекет болсо анын жыйынтыгы менен гана таанышканын айтты.

Журналисттер өздөрүнүн жеке баалоосун жүргүзүштү, анын жыйынтыгында такыр башка бааны аныкташты. Эгер мурда сатып алуу менен сатуунун суммасы белгилүү болсо биз аны негиз катары алдык, эгер андай сумма жок болсо бири-бирине байланбаган бир нече риелтордук жана баалоочу компаниялардын маалыматтарына таянып, Матраимов мамлекетке өткөргөн мүлктүн баасы 5,6 – 6,7 миллион доллар гана болоорун аныктадык.

Прокурор соттун жүрүшүндө Матраимов мыйзамсыз кирешесине Бишкекте көз жоосун алган пентхаус жана Ысык-Көлдүн жээгинен коттедж сатып алганын айткан. Бирок Матраимов мамлекетке өткөрүп берген кыймылсыз мүлктүн катарында алар жок.

Анын ордуна Матраимов өкмөткө эзелки совет доорунда салынган үйлөрдөн 9 батирди жана Бишкекте ээн калган соода жайын кайтарып берди. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлү билдиргендей, Матраимовдон өткөрүп алган мүлктү жеке фирмалар баалап, тиешелүү мекемелер текшерүүдөн өткөргөн. Батирлерди көз карандысыз адистер 600 миллион сомго баалашканын жүйө келтирген.

Баарынан дагы Матраимов мамлекетке берген 9 батирдин тарыхы табышмактуу. Алар экс-бажычы ачык декларациясында көргөзүп келген байлыктарынын катарында жок болчу. Матраимов алардын баарын январдын соңунда сатып алып, казынага 1-февралда өткөрүп берген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Матраимов мамлекетке келтирген зыянды төлөп кутулду деп элге жарыялаган 2020-жылдын декабрында ал чындыгында казынага кайтарыла элек болчу.

Журналисттер мамлекетке өткөн активдерди анализдеп, башка сандарга барып такалган. Эгер батирдин баасы белгилүү болсо, аларды эсепке алышкан. Эгерде белгисиз болсо, көз карандысыз риелтторлордун баасына таянып, 10 кыймылсыз мүлктүн баасы орто эсеп менен 5,6-6,7 миллион доллардын гана тегерегинде экенин аныкташкан.

Ушуга байланыштуу журналисттер УКМКга бир нече суроолор менен кайрылып жооп ала алышкан жок, күч органы жооп катары соттун чечимине шилтеме жиберишти, ошону менен УКМКдан башка маалымат чыккан жок.

БИШКЕКТЕГИ БАТИРЛЕР

Базардан алынгандай таасир калтырган батирлердин таржымалын билүү үчүн журналисттер Бишкекти кыдырып чыгышты.

Бардык батирлерде эч ким жашабагандай таасир калтырат. Журналисттер кепке тарткан кошуналары батирлер бир нече айдан бери эч ким жашабай ээн турганын айтышты.

Кээ бир батирлердин эшигинде коммуналдык акынын төлөнбөгөн дүмүрчөктөрү жабышып турат.

Бишкектин батыш ыптасындагы бир үйдөн батирдин кожоюнуна нааразы болгон үй башчыны жолуктурдук. Батирдин эшигин каккылап жаткан ал аял “Бул жерде ким жашары мени да кызыктырат. Эч нерсе төлөбөй жатат”- деди.

Батирлер кандай абалда экенин билүү мүмкүн болгон жок. Аларды сатуу же дагы кандайдыр бир жол менен пайдалануу үчүн мамлекеттин канча каражаты кетери да түшүнүксүз.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Матраимов кайтарган батирлер мындан ары эмне болот деген расмий катка жооп берген жок.

Журналисттер бир батирдин мурдагы кожоюну менен гана байланыша алышкан. Баястан Келишбеков 25-январда Матраимовго эки батир саткан. Анын айтымында, ортомчу менен гана сүйлөшкөн, УКМКга чакырышкандан кийин гана сатып алуучу Матраимов экенин билген. Келишбеков атайын кызматта эмне тууралуу сүйлөшкөнүн ачыкка чыгара албай турганын кошумчалады. Ал батир мыйзам чегинде сатылганын белгилеп, “биз акчабызды алдык. Биринчи бөлүгүн, андан кийин келишимде айтылган сумманы бөлүп-бөлүп алдык,” - деди. Мурдагы кожоюн батирди канчага сатканын айтуудан баш тартты.

Журналисттер мамлекетке өткөн батирлердин биринин гана мурдагы ээси менен Райымбек Матраимовдун ортосундагы бир байланышты табышты. Батирлердин биринин документтеринде Матраимовдун жээни Нурсеит Сыдыковдун аты жазылган.

МАТРАИМОВ ӨТКӨРҮП БЕРГЕН БАТИРЛЕРДИН ТИЗМЕСИ:

Жусуп Абдрахманов көчөсү, 137-үй, 66-квартира

Бишкектин чордонундагы бул үй 1978-жылы курулган. Кабарчылар ал үйдүн 4-кабатына көтөрүлүп, бирок 66-батирге жете алышкан эмес. Ал жер темир тор менен тосулган. Ар кай жерде жаткан дүмүрчөктөр батир көптөн бери бош турганынан кабар берет.

Аянты: 65 кв метр

Баасы: 58 800 $ (буга чейин сатылгандагы баасы)

Матраимов сатып алган күн: 25-январь 2021-жыл

Мамлекетке өткөрүлгөн күн: 1-февраль 2021-жыл

Энергетиктер шаарчасы, 10-үй, 30-батир

Советтик мезгилде салынган бул үйгө журналисттерди домкомдо иштеген аял менен эркек киши киргизишкен. Алар 30-батир сатылганы жөнүндө жана Матраимовго тиешелүү экенинен кабардар эмес. Батирдин эшигинде кат жана дүмүрчөктөр кыстарылган. Каалганы эч ким ачкан жок.

Аянты: 42 чарчы метр

Баасы: 58 800 $ (ошол райондогу ушул өңдүү батирлердин орточо баасы)

Матраимов сатып алган күн: 25-январь 2021-жыл

Мамлекетке өткөрүлгөн күн: 1-февраль 2021-жыл

Ахунбаев көчөсү, 190/2-үй, 55-батир

Тогуз кабат бул үйдөгү батирдин эшиги жабык болуп чыкты. Каалганын сырты жылтырак менен капталган экен. Эшигине дүмүрчөк кыстарылган. Кошуна аял бул жерде Матраимовдун жээни Нурсеит Сыдыков жашаганын, бирок бир жылдай мурун көчүп кеткенин бышыктады. Кошунанын айтымында, Сыдыков январда ал үйдөн эмеректерин, ички эшиктерин чыгарып алып кеткенин айтты.

Аянты: 112 кв метр

Баасы: 62 000 - 78 000 $ (кыймылсыз мүлк боюнча адис айткан баа)

Матраимов сатып алган күн: 25-январь 2021-жыл

Мамлекетке өткөрүлгөн күн: 1-февраль 2021-жыл

Ажыбек баатыр көчөсү, 1/1 -үй, 20-батир

Бишкектин түштүк тарабындагы бул үй салыштырмалуу жакында салынган. Журналисттерге эч ким эшик ачкан жок. Кошуна ал батир көптөн бери ээн турганын айтып берди.

Аянты: 196 кв метр

Баасы: 136 000-155 000 $ (кыймылсыз мүлк боюнча адистин баамында)

Матраимов сатып алган күн: 25-январь 2021-жыл

Мамлекетке өткөрүлгөн күн: 1-февраль 2021-жыл

Сүйүмбаев атындагы көчө, 142-үй, 114-батир

Бишкектин борборундагы советтик мезгилде курулган үй. Журналисттер батирдин эшигине жакындай алган жок. Бирок темир тордун аркы жагында дүмүрчөккө окшогон кагаздарга толгон баштыкты байкашкан. Ушундан улам батирде көптөн бери эч ким жашабайт деп боолголосо болот. Эшиктин коңгуроосу жок экен. Ылдый жактагы кошуна ал жерде мурда үй-бүлө жашаганын, бирок бир нече айдан бери бош турганын айтып берди.

Аянты: 52 кв метр

Баасы: 33 000-40 000 $(кыймылсыз мүлк боюнча адистин баамында)

Матраимов сатып алган күн: 25-январь 2021-жыл

Мамлекетке өткөрүлгөн күн: 1-февраль 2021-жыл

7- кичи район, 52/3-үй, 62-батир.

Бишкектин түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү кичи райондогу бул үй жакында курулган. Журналисттерге 10-кабаттагы батирдин эшигин эч ким ачкан жок. Кошуна батирде эч ким жашабаганын, акыркы кезде сатып алабыз деп бир нече киши келип кеткенин айтып берди. Ал батирди Матраимов сатып алганын уккан эмес. Биринчи кабатта ошол батирдин төлөнбөгөн дүмүрчөктөрү илинип турган экен.

Аянты: белгисиз

Баасы: 169 000$ (буга чейин сатылган баа)

Матраимов сатып алган күн: 25-январь 2021-жыл

Мамлекетке өткөрүлгөн күн: 1-февраль 2021-жыл

Жал-29, 45/2 -үй, 52-батир.

Бишкектин түштүк-батыш жагындагы жаңы түшкөн үйдө домофон да бар. Бирок сыягы 52-батир ага туташтырылган эмес. Журналисттер эшигин какканда эч ким ачкан жок. Кошунасы батирде эч ким жашабаганын айтты.

Аянты: 119 кв метр

Баасы: 60.500 $ (буга чейин сатылгандагы баасы)

Матраимов сатып алган күн: 25-январь 2021-жыл

Мамлекетке өткөрүлгөн күн: 1-февраль 2021-жыл

Жал-29, 3/3-үй, 61-батир

Жаңы курулган үйдүн 9-кабатындагы батирдин эшигин эч ким ачкан жок. Жанында турган кошуна келиндин айтымында, буга чейинки кожоюн ошол эле үйдөгү башка батирге көчүп кеткен. Ошондон бери кирип-чыккан эч кимди көрбөгөнүн айтты.

Аянты: 75 кв метр

Баасы: 53.300 $ (буга чейин сатылгандагы баасы)

Матраимов сатып алган күн: 25-январь 2021-жыл

Мамлекетке өткөрүлгөн күн: 1-февраль 2021-жыл

Коперник көчөсү 61-үй, 21-батир

Журналисттер жаңы үйдөгү 21-батирге барганда эшигин үй башчы (домком) аял каккылап жатыптыр. Коммуналдык кызматтардын акысын төлөбөй жатат деп арызданган аял батирдин Матраимовго сатылганын билбептир.

Аянты: 73 кв метр

Баасы: 50.000 $ (ошол райондогу ал өңдүү батирлердин орточо баасы)

Матраимов сатып алган күн: 25-январь 2021-жыл

Мамлекетке өткөрүлгөн күн: 1-февраль 2021-жыл

“Эльдорадонун” таржымалы

Буга чейин маалым болгондой, “Эльдорадо” соода борбору (мамлекетке өткөрүлүп берилген объекттердин эң кымбаты) Матраимовдун туугандарына таандык болчу. Сыягы ал жай үй-бүлөгө экс-бажычы өзү моюнга алган коррупциялык схеманын аркасы менен тийген сыңары. Ээн турган имаратты агасынан белекке алып, бир нече күндөн кийин эле аны мамлекетке өткөрүп берген.

Райымбек Матраимовдун жеңеси Минавар Жумаева "Эльдорадого" ээлик кылган компаниянын жарымын Абдукадырдан сатып алган. Ал адам Матраимовдун бажыда иштеп турган маалда карго империясын түзүүдөгү өнөктөшү.

Үлүш үчүн Жумаева канча төлөгөнү белгисиз. Кийин ал 22 миң доллар деп айткан. OCCRP жана өнөктөштөрү буга чейин жасаган иликтөөлөрдөн ачыкка чыккандай Абдукадыр менен кызматташтык Матраимовго чоң киреше алып келчү.

Жеке мүлктү каттоо реестриндеги маалыматка караганда Жумаева соода борборун күйөөсүнө - парламент депутаты Искендер Матраимовго белекке берген. Кийин Искендер Матраимов болсо ал мүлктү Райымбек Матраимовго каттаттырган. Саналуу күндүн ичинде соода борбору мамлекетке өткөн. Кыймылсыз мүлк боюнча көз каранды эмес эки адис борбордун азыркы баасы 5-6 миллион долларга жетээрин айтышты.

Transparency International уюмунун Кыргызстандагы бөлүмүнүн өкүлү Адылбек Шаршенбаевдин айтымында, Матраимовдон акчанын ордуна кыймылсыз мүлк алуу чечими соода-сатык ачык жүрбөгөндүктөн, көп суроо туудурат:

“Акча каражат болсо сотко кете турган чыгымдар ошол акчанын эсебинен төлөнөт. Акча түрүндө өндүрүп алуу мүмкүн болбогон учурда гана мамлекет өзүнө келтирилген кенемте-чыгымды кыймылсыз же кыймылдуу мүлктүн эсебинен өндүрүп алат”.

“Мүлк менен эсептешкенде, ошол мүлктү ким баалайт жана кандай бааланат деген ишенбөөчүлүк пайда болушу мүмкүн. Мүлк ашыкча бааланып калса, бул дагы бийликке ишенимди азайтат” - деп кошумчалайт Шаршенбаев.

Материалдын авторлору: «Клооп» жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоорунун (OCCRP). Bellingcat материал даярдоого жардам берди.