Бекназаров Мадумаровго жооп берди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандын Малайзиядагы жаңы элчиси Азимбек Бекназаров журналисттерге элчилик кызматка президенттин сунушу менен баратканын билдирип, балдарынын мамлекеттик кызматка орношуу себептерин ачыктады. Мындай билдирүүну саясатчы «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун сынынан кийин жасады. Мадумаров бир күн мурда бийликке сын айткандар өкмөт менен “соодалашууга” барып, саясий принцибин жоготуп жатат деп айткан.