Бийлик "Бишкек Арена" 386 млн долларга салынганын жарыялады

"Бишкек Арена". Август, 2026-жыл

Көчмөндөр оюндарынын ачылышы өткөн "Бишкек Аренанын" курулушуна канча акча кеткенин атайын комиссия аныктамай болгон. 8-сентябрда бул сумма 386 млн доллар экени расмий айтылды. Курулуш башталганда УКМКнын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев 60 млн доллардай талап кылынарын айтканы маалымдалган.

Буга чейин бул маселенин тегерегинде ар кандай пикирлер айтылып жаткан. Стадиондун ачылышынан кийин казакстандык журналисттер аны өз өлкөсүндөгү жаңы стадиондор менен салыштырып, Бишкекте арзан жана масштабдуу болгонун айтып чыгышкан.

Ушундай талкуудан кийин президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов курулуштун баасын аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн Фейсбуктагы баракчасына жазган. Алагөзов дүйнөдө 50-60 миң орундуу заманбап стадиондордун курулушу кеминде 500 миллион доллар турарын да белгилеп, ошол эле учурда "Бишкек Арена" мынчалык кымбатка турбаганын кошумчалаган.

Ошол эле маалда эмне үчүн долбоорлоо учурунда каражат эсептелген эмес деген дагы сын айтылууда.

"Ынтымак ордо" жакында курулуп бүткөн “Бишкек Арена” комплексинин курулушуна “60 миллион доллар сарпталды” деген маалымат чындыктан алыс деген билдирүүсүн жарыялаган.

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов элди такталбаган маалыматтарды таратуудан оолак болууга чакырган.

8-сентябрда Алагөзов жаңы маалымат жарыялап, “Бишкек-Арена” стадиону 386 млн долларга курулуп бүткөнүн Фейсбукка жазды:

"“Бишкек-Арена” стадиону 386 млн долларга курулуп бүтүптүр. “60 млн долларга бүттү” деген жалган сөз. Тээ башында стадион курулуп баштаганда 30-35 миң адам бата турган стадион куруу планы болгондо Камчыбек Ташиев болжол менен 60 млн доллардын тегерегинде салынып бүтөт деп айтканын эшиттик. Бирок бул суммага жөн гана Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион сыяктуу жөнөкөй эле стадион куруу планы менен башталган. Бирок кийин президентибиз Садыр Жапаров баштапкы долбоорду түп-тамырынан бери өзгөртүп: “Кыргыздын боз үйү сымал болсун, ичинде соода борборлору, ресторан-кафелери, супермаркети, кинотеатрлары, спорт залдары жана балдар ойной турган аянтчалары менен курулсун, антпесек бул стадион дагы бюджеттин мойнуна олтурат. Бул стадион келечекте киреше бере турган мекемеге айланыш керек” - деп тапшырма берген", - деди Алагөзов.

Элүү бир миң орундуу жаңы стадион азырынча Борбор Азия чөлкөмүндөгү эң чоң спорт комплекси деп таанылууда. Комплекс 31-августта алгачкы көрүүчүлөрүн кабыл алды.

"Бишкек Арена". Көчмөндөр оюндарынын ачылышы. 31-август, 2026-жыл

Анда “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын” расмий ачылышы болуп, ондон ашуун өлкөнүн жетекчилери катышкан. Аземден кийин комплекс менен иш-чаранын масштабы Борбор Азия чөлкөмү боюнча коомдун кызуу талкуусуна айланды.

Камчыбек Ташиев

Чындыгында “Бишкек Аренанын” 60 млн доллар деген наркы калк арасында жөн жерден чыккан эмес. Курулуштун чыгымын 2024-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев өзү расмий кабарлаган болчу.

“Стадиондун финансылык кетирилген каражаттарын азырынча толук айтыш кыйын. Бирок, биздин баамыбызда 45 миң орундуу стадионду, бүгүнкү күндөгү заманбап стадионду биз 60 млн доллардын тегерегинде куруп бүтөбүз деген оюбуз бар. Мүмкүн андан азыраак болуп калаар, мүмкүн ошонун тегерегинде болуп калаар, ал бүткөндө билинет”, - деген Камчыбек Ташиев.

Министрлер кабинети 2024-жылдын апрель айында стадиондун курулушуна 21 млн доллар бөлүнгөнүн билдирген болчу. Ошол эле жылдын соңунда Ташиев журналисттерге маалымат жыйын курганда дагы бир сумманы жарыялаган. Ал 2020-жылдын октябрынан бери коррупция менен күрөшүүдөн 209 млрд сом (2 млрд 400 млн доллар) каражат чогулганын айтып, анын четинен стадионду курууга берилген каражатка өзүнчө токтолгон.

“Стадион курууга, жаңы стадионду билесиздер, ошол стадионго дагы биздин толукталган акчадан которулду. Ал жерге которулган акча 12 млрд 681 млн сом болду”.

Бул сумманы долларга оодарсак, болжол менен 145,6 млн доллар болот. Андан кийин курулуш иштери дагы бир жарым жыл жүргөнүн эске алганда, каржылоо ушуну менен эле чектелбеши да мүмкүн. Ошондо, эки булактын мындан эки жылдай мурда, курулуш жүрүп жаткандагы расмий маалыматы 166 млн доллар тууралуу болот. Андан кийин каржылоонун көлөмү тууралуу кеп-сөз болгон эмес.

"Бишкек Арена" жаңы стадиону. Бишкек. 22-август, 2026-жыл

Кыргыз боз үйүнүн формасында долбоорлонгон стадион башында 35 миң орундуу болору, жалпы аянты 109 миң чарчы метрди түзөрү жарыяланган. 2023-жылдын августунда президент Садыр Жапаров курулушка капсула салган. Курулуш министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, курулуш иштери 2024-жылдын 25-февралында башталган. Кийинчерээк көлөмү 45 миң орун болору, дагы бир жылга жетпей, 2025-жылдын февралында 51 миң кишилик болору кабарланган. Долбоордун мындай кеңейиши Азия футбол федерациясынын талаптары менен түшүндүрүлгөн. Ага ылайык, Азия Кубогунун ачылыш аземин, алгачкы беттешти жана финалын өткөрүүчү арена 50 миң кишиден кем эмес болушу кажет деп эсептелет.

Стадиондун аталышы да 2025-жылдын октябрында “Азаттык Арена” деп аталып, бирок, эки ай өтпөй президенттин чечими менен “Бишкек Арена” деп өзгөргөн.

Долбоордун буюртмачысы президенттин Иш башкармалыгынын алдындагы “Кыргызстройсервис” ишканасы экени белгилүү. Ал эми башкы подрядчы – “Ордо курулуш компани”.

Мамбетжунус Абылов

Коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов элдин бийликке карата сын-пикирин ооздуктап туруу үчүн атайын аз сумманы айткан го деп боолгологон.

“Ташиевдин айтканынын себеби – коомдо бийликке карата пикир бар болчу. “Кеңселерди, стадиондорду эле куруп атат, иши кылып элге керектүү эмес, бийликтин өзүнө керектүү нерсеге эле акча коротуп атат” дегендей сөз болбосун деп, “арзан эле, 60 млн долларга бүтөт” дегендей айтылып калышы мүмкүн. Бул жерде чыгым андан көп болуп калышы да ыктымал. Бирок, канча болуп калышын өзүңүздөр оңой эле таап алсаңар болот. Себеби, мындай объектилерди курганда анын сметасын өлчөө бирдигинин наркы (приведенная стоимость на единицу измерения) деп коёт. Бул жерде 51 миң орундук деп атпайбы. Элүү бир миң болгондо биздин коңшу өлкөлөрдө стадион курса бир кишилик орунга канча чыгым болгон, ошону эле 51 миң кишиге көбөйтсөңөр баасы чыгып калат. Муну жанагы ЖЭБден эле карасаңар болот, анда “реконструкциясы 380 млн доллар болуп кетти” деп чыр чыкканда, Тажикстандагы долбоорлорду карап туруп, кубаттуулуктун бирдигине карап, канча коррупция болгону көрүнүп калган”.

“Бишкек Аренанын” долбоордук эсебин талкуулагандар көбүнчө коңшу өлкөлөрдөгү ушундай долбоорлорду мисалга тартышууда. Маселен, Казакстанда 3600 орундуу стадион 37 млн долларга курулган. Мындан тышкары, 2025-жылы Кызылордодо 11 миң орундуу стадион 53 млн долларга курулганы айтылган.

Арийне, адистер мындай профилдик жана масштабдуу долбоордун наркын эсептегенде курулуштун инженердик өзгөчөлүктөрүн, жердин, коммуникациянын, жабдыктардын, долбоорлоонун баасын жана айланасындагы инфратүзүмүн да сөзсүз эске алуу зарыл экенин белгилеп келишет..