Токтомдун максаты Бишкек шаарын туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү, аймакты өнүктүрүүнү пландоо, функциялык зоналарды белгилөө, республикалык жана жергиликтүү мааниде пландалган объекттерди аныктоо экени белгиленди.
Ошону менен катар шаар куруу ишин жүзөгө ашырууда адамдын коопсуздугун жана жагымдуу жашоо-тиричилик шарттарын камсыз кылуу, айлана-чөйрөгө чарбалык жана башка иштин терс таасирин чектөө максаты коюлганы айтылды.
Министрлер кабинетинин Бишкек шаарынын Башкы планын бекитүү жөнүндөгү токтомунун долбоору быйыл январда коомдук талкууга чыгарылган. Анда 2025-жылдын 1-январына карата борбор калаада 1 миллион 321 миң адам жашаса, 2050-жылы ал 1 миллион 920 миң кишиге жетип, Бишкекте калктын саны дээрлик 600 миң адамга көбөйө турганы, мунун өзү шаарда инфраструктураны комплекстүү жана алдын ала өнүктүрүүнү талап кылары көрсөтүлгөн.
Учурда шаардын аймагы 41 миң 81 гектар болсо, 2050-жылга чейин борбор калаанын аянты өзгөрбөй, ушул бойдон калары айтылган.
Башкы планда Бишкекте жумуш менен камсыз болгон калктын санын 593 миңден 943 миңге чейин көбөйтүү, өнөр жайда, транспортто, курулушта, социалдык чөйрөдө жана тейлөө тармагында 349 миң жаңы иш орундарын түзүү да каралган.
Документте шаарды айланып өтүүчү автоунаа жолун салуу, автобекеттерди жана темир жол станцияларын өнүктүрүү, трамвай линиясын куруу жана метробус жүргүзүү сыяктуу пландар жазылган.
Башкы пландын долбоору Бишкек шаарынын мэриясынын сайтына 2025-жылдын 25-октябрында жарыяланып, ошондон бери коомдук угуулар өттү, аны иштеп чыгууга Орусиянын Санкт-Петербург шаар курулуш илимий-изилдөө институту жана жапониялык адистер катышканы маалымдалган.
Мэрия белгилегендей, бул план шаарды өнүктүрүүнү аныктаган стратегиялык документ болуп эсептелет жана аны иштеп чыгуу Бишкек шаарынын аймагын туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоого, ыңгайлуу жана коопсуз чөйрөнү түзүүгө, борбор калаа калкынын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган.
Документке ылайык, биринчи кезекте шаардын ар бир районун өз-өзүнчө өнүктүрүү максат кылынган.
Бишкек шаар курулуш жана архитектура башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Азирет Азимов калаанын борбордук эле бөлүгүн эмес, чет жагын дагы өзүнчө өнүктүрүү каралганын айтып берген эле:
"Мисалы, жаңы стадион чөлкөмү Ленин районунун борбору болот. Биринчи май районунун борбору азыр курулуп жаткан автовокзал, Ош базары болот. Мындайча айтканда, шаардын борборуна болгон басымды ар тарапка алып кетүү каралууда. Социалдык объекттерди ишке ашыруу боюнча үч схема иштелип чыгат. Мектептер, бала бакчалар, ооруканалар кайсы жерде болору аныкталат. Мурдагы башкы планда андай жок болчу".
Мындан тышкары, шаардагы транспорт системасын жаңылоо максаты да коюлуп жатат. Бишкектин айланасына 175 километрлик темир жол магистралы төшөлүп, автомобилдик айланма жол түшөт. Башкы көчөлөрдө муниципалдык транспорт үчүн өзүнчө чек сызылат. Жолго метробус менен трамвайлар чыгышы мүмкүн.
Бишкек жашоого абдан ыңгайсыз шаар болуп баратканын калаа тургундары көп айта баштады. Шаардын мектептери менен бала бакчаларында кабыл алуу көйгөйү өзгөчө курч. Бишкекке агылган жарандардын саны өсүп, калктын жыштыгы арткан сайын социалдык жана инженердик-коммуникациялык инфратүзүм көйгөйү курчуп барат. Мектеп, бала бакчалардын жетишсиздиги, жолдогу тыгындар, суунун тартыштыгы сыяктуу маселелер Бишкектин баш оорусу бойдон калууда.
Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү Бишкек союз маалындагы эсеп-чоттор, ой жүгүртүүлөр менен курулган шаар болгондуктан азыр иш жүзүндө 1,5 миллиондон ашкан калктын жүгүн көтөрө албай баратканын белгилешет. Ички миграциянын толкуну менен элеттен Бишкекке оогон калктын агымын токтотуу зарылдыгын айтышат.
Бишкектин буга чейинки Башкы планы 2006-жылы бекитилгенде Сокулук, Аламүдүн райондорунун бир топ жерлерин шаардын аймагына каратуу тапшырмасы да берилген. Ал аймактарды Бишкек шаардаштырып, инфратүзүмдүк курулуштарды жасап бармак. Ал мүдөө 25 жыл бою аткарылбай келип, жакында гана административдик-аймактык реформанын шаңы менен ишке ашты.
Шаар куруучу адистер Бишкектин калаа катары өсүүсү Башкы пландын чегинен алда качан чыгып кеткенин, деталдуу пландоо долбоору, куруу долбоору деген эсеп-чоттуу документтер такыр эске алынбай калганын зар какшап айтып келишет. Калктын өсүү темпи, ага жараша инфратүзүмдүк шарттар кылдат эсептелбей, мэр же анын үстүндө турган жетекчилердин саясий эрки менен туш келди кура бергендин айынан Бишкек зор чыңалууга тушукканын эскертишет.
Мамкурулуш агенттигинин мурунку жетекчиси, архитектор Ишенбай Кадырбеков Бишкектеги инфратүзүмдүк көйгөй курч экенин, ар тараптуу пландоо кийин чаржайыт курулушка айланып кетпеши маанилүү болорун айткан:
“Балдары каякка бала бакчага барат, кайсы мектепке барып окуйт? Поликлиникалар да ошончолук өсүшү керек да. Эсеби башкы планда, ПДПда, куруу долбоорунда бар, бирок аны бузганы үчүн ушундай башаламан болуп кетип атпайбы. Норма боюнча балдарды бала бакчага алып барыш үчүн жашаган жеринен 200 метрден ашпашы керек. 500-800 метрде мектеп болуш керек. Азыр кандай болуп калды? Кандай мэрия болбосун, шаар куруу документациялардын негизинде гана, адистер эсептеп чыккан документтин негизинде гана курулуштарга уруксат берчү болсо, ошондо гана Бишкек шаарынын келечеги болот”.
Oxford Economics уюмунун изилдөөсү боюнча, 2025-жылдагы "Шаарлардын дүйнөлүк индексинде" Бишкек 498-орунду алып, ага чейинки жылдагы көрсөткүчтөн 60 орунга артка кетти. 2024-жылдагы рейтингде 438-орунда турган.
Мындай көрсөткүч менен Бишкек дүйнөдөгү 1000 шаардын арасында орто ченде турат. Индекс 5 көрсөткүч менен бааланган: экономика, адам капиталы, жашоо сапаты, айлана-чөйрө жана башкаруу.
Рейтингге катышкан борборазиялык шаарлардан Алматы 258-орунда, Астана 276-орунда, Ташкент 471-орунда, Чымкент 534-орунда, Ашхабад 623-орунда, ал эми Дүйшөмбү 683-орунда турат.
Бишкек – Кыргызстандын баш калаасы жана өлкөнүн саясий, экономикалык, илимий, маданий борбору. Шаарда мамлекеттик бийликтин жогорку органдары, чет өлкөлүк мамлекеттердин элчиликтери жайгашкан. Өлкөнүн өнөр жайынын көпчүлүк бөлүгү да шаар аймагында орун алган.
Шерине