Бишкек: Автобус үчүн атайын тилке чоң көчөлөрдүн баарында болот

Автобустардын тилкеси сары сызык менен белгиленген. Бишкек. (архив)

Бишкекте автобустар үчүн атайын тилкелер бардык чоң көчөлөрдө болот. Бул тууралуу вице-мэр Рамиз Алиев социалдык тармакта жазды.

Ал 29-сентябрда Айтматов проспектисиндеги аялдамадан мэрияга автобус менен болжолдуу 20 мүнөттүн ордуна 45 мүнөттө жеткенин айтты. Вице-мэр жолдун көпчүлүк бөлүгүн ичинде бир-экиден гана адам отурган унаалар ээлеп турганына көңүл бурду. Ошол эле учурда 60 жүргүнчүсү бар автобус тыгынга кептелип калган.

"Биз автобустагы 60 жүргүнчүнүн кызыкчылыгын автоунаа ээлеринин ыңгайлуулугунан жогору коюшубуз керек. Мэрияда концепция бар: автобустар тыгында турбашы керек. Бул концепцияга ылайык, автобустар үчүн атайын тилкелер дээрлик бардык көчөлөргө түшүрүлөт", - деп жазды Алиев.

Мэрия мындан ары Абдрахманов, Ахунбаев, 7-апрель көчөлөрүндө, Жибек Жолу, Чүй жана Дэн Сяопин проспектилеринде толугу менен автобус тилкелери болорун билдирүүдө.

Бишкекте коомдук транспорт үчүн атайын тилкелер 2023-жылы киргизиле баштаган. Бул тилкелерде башка унаалар саат 7:00-21:00 аралыгында жүрүүсүнө тыюу салынган.

Бишкек мэриясынын маалыматында, борбор калаада күнүнө каттамга 1200 автобус чыгат. Социалдык тармак колдонуучулары коомдук транспортто жүрүү маданияты айдоочуларда да, жүргүнчүлөрдө да калыптана электигин айтып келишет.(ZKo)

Дагы караңыз

Майыптыгы барларга сунушталуучу ипотека шарты сынга алындыПрокурор Мавлян Аскарбековду төрт жыл эркинен ажыратууну сурадыЧет элдиктерге жашоого, иштөөгө уруксат берүү, каттоо иши кайрадан Эмгек министрлигине өттүӨкмөт күйүүчү май тартыштыгын алдын алуу чараларын талкууладыОрусияда мунай заводдорунун иши тууралуу маалымат жарыялоого тыюу салындыПутин быйыл төртүнчү жолу армиянын санын көбөйткөн жарлыкка кол койду