Орусиянын президенти Владимир Путин 28-сентябрда отун-энергетика тармагына тиешелүү маалыматтарды чектеген жарлыкка кол койду. Ага ылайык, мунай иштетүүчү заводдордогу күйүүчү майды иштетүү жана өндүрүүнүн көлөмү, бензин менен дизелдик отунду сатуу жана ташуу маршруттары тууралуу маалыматтар жашыруун деп белгиленген.
Мындай маалыматтарды ЖМКда жана интернетте жарыялоого тыюу салынат. Бул жарлыктын компаниялардын ачык булактарга жарыялаган отчетторуна тиешеси болбойт.
Документте күйүүчү майга байланыштуу маалыматты чектөө чарасы "АКШ жана аны колдогон өлкөлөр менен уюмдардын эл аралык укукка каршы келген, достукка жатпаган аракеттерине жооп катары чукул чара көрүү зарылдыгынан улам" ишке ашырылып жатканы айтылат. Анда чет мамлекеттердин так кандай аракеттери буга түрткү болгону көрсөтүлгөн эмес.
Украина быйыл Орусиянын мунай иштетүү багытындагы инфратүзүмүнө дрон соккуларын күчөттү. Reuters Эл аралык энергетикалык агенттиктин маалыматына таянып быйыл сегиз айда Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна орточо эсеп менен ар бир үч күндө бир жолу чабуул жасалганын жазды. Июнь айында Орусияда мунайды кайра иштетүү көлөмү мурунку жылдын ушул эле айына салыштырмалуу болжол менен 30% кыскарып, 2004-жылдан берки эң төмөнкү деңгээлге түшкөн. Бензин өндүрүшү болжол менен бештен бир бөлүккө азайган.
Орусияда мунай заводдорунун иши тууралуу маалымат жарыялоого тыюу салынды
Дагы караңыз
Шерине