Бишкек Кремлдин "чындыгын" көрсөтпөйт

Донецкидеги орусиялык жикчилдердин 9-майдагы парады. Украина. 2016-жыл.

Мындан эки күн мурда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Орусияда тартылган Донбасс тууралуу даректүү тасмаларды көрсөтүүгө кайрадан тыюу салды. Министрлик мындай чечим Кыргызстандын "нейтарлдуу позициясына байланыштуу" экени айтылды.

Өткөн аптада айрым жарандык активисттер Украинадагы соңку жагдайлардан улам бул фильмдерди көрсөтүүгө каршы чыкканы үчүн "Чындыктын мезгили" аттуу фестиваль болбой калган. Кийин аны өткөрүүгө уруксат берилгени кабарланган эле.

Парламентте уруксат берилмей болгон

Жогорку Кеңештин 21-апрелдеги жыйынында депутат Марлен Маматалиев Донбасс тууралуу тасманын көрсөтүлбөй жатканын айтып чыккан. Ал буга байланыштуу маданият, маалымат жана спорт министри Азамат Жаманкуловго кайрылган.

Марлен Маматалиев.

"Орусия "Чындык мезгили" деген кинофестиваль өткөрүп, орустардын киносун көрсөтөйүн десе "нпочулар" кыйкырып чыгып көрсөттүрбөй жатыптыр. Коркутуулар болуптур. Эми биз мындай чоң нерселерге киришпейбиз деп сүйлөшкөнбүз. Бирок ошол эле учурда тоскоолдуктар болуп жатыптыр, каршы чыгып жаткандар бар экен. Өзүбүз стратегиялык өнөктөш дейбиз дагы, бир жагынан жөнөкөй эле кино көрсөтөлү десе тоскоолдуктар болуп жатыптыр".

Маматалиев "Азаттыкка" учкай комментарий берип, тасмалар тууралуу ага Бишкек шаарындагы Ленин районундагы шайлоочулар кайрылганын билдирди. Өзү бул тасманы көрбөгөнүн, калыс позицияда туруп, тынчтыкты жактарын айтты.

Парламентте министр Азамат Жаманкулов тасманы көрсөтүүгө уруксат берилгенин билдирген. Өкмөт өкүлү "Азаттык" радиосуна министрликке караштуу Кино департаментинин комиссиясы "тасманын зыяны жок" деген бүтүм чыгарганын айткан эле.

"Биздин эксперттер карап чыкты. Атайын эксперттик комиссия бар, ошолор талдайт. Экстремисттик болбошу керек, балдарга зыян келтирбеши керек деген сыяктуу эрежелер бар. "Ошол нормаларга каршы келбейт, эч кандай зыяны жок" деген жыйынтык чыгарып беришти”.

Дагы караңыз Бишкекте Донбасс тууралуу тасма көрсөтүлбөйт

Чукул өзгөргөн чечим

Бирок андан эки күндөн кийин, 23-апрелдин кечинде министр Азамат Жаманкулов "Чындык мезгили" фестивалын өткөрүүгө кайрадан тыюу салынганын Фейсбукка жазып, муну "Кыргызстандын эл аралык мамилелердеги соңку кырдаалга карата бейтарап позициясына" байланыштырды.

"Соңку мезгилдеги эл аралык окуяларга байланыштуу жана эл аралык мамилелерде Кыргыз Республикасынын бейтараптык позициясын кармагандыгына байланыштуу, “Кыргызтасмасы" Мамлекеттик киноборбору” мамлекеттик мекемеси аталган фильмдерге берилген жүгүртүү күбөлүктөрүн кайра чакыртып алат жана ал фильмдерди Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүүгө тыюу салат".

Министр жазгандай, орусиялык "Гармония" маданий борбору 2019-жылы тартылган “Донбасс. Окраина”, “Солнцепек”, “Ополченочка” көркөм тасмаларын көрсөтүүнү каалаган.

Башында айтылгандай, кинофестиваль 15-17-апрель күндөрү Бишкек, Каракол жана Кара-Балта шаарларында өтүп, анда Донбасс тууралуу орусиялык тасмалар акысыз көрсөтүлмөк.

Буга чейин Орусиянын Украинадагы согушунан улам бул иш-чаранын өткөрүлүшүнө жергиликтүү бир катар жарандык активисттер, укук коргоочулар каршы чыккан. Мындан улам Бишкектеги Asia Mall соода борбору фестивалды өткөрүүдөн баш тарткан. Көп өтпөй эки шаарда да көрсөтүлбөй турганы маалым болгон.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги бул иш-чараны өткөрүүгө тиешеси жок экенин, анын демилгечиси "Гармония" орус маданий борбору экенин билдирген.

Жарандык коомдун каршылыгы

Кинофестивалдын өткөрүлүшүнө каршы чыккан жарандык активисттердин бири Айбек Турдалиев иш-чараны Орусиянын пропагандасы катары сыпаттаган эле.

Айбек Турдалиев.

"Эгер нормаларга таяна турган болсок, ооба, ал жерде эч кандай деле мыйзам бузуучулук жок. Бирок кептин баары бир беткей пропагандада болуп жатпайбы. Ал кинонун максаты - Орусиянын бир тараптуу чындыгын жеткирүү. Ал Москванын гана көз карашын чагылдырган кино. Демек, жалган. Бул Орусиянын саясаты. Ошонун баарын түшүнүп туруп билмексен болуу - эң начар нерсе. Биздин позициябыздын жоктугу. Калыспыз дегенибиз менен өз позициябызды чагылдыра албай жатабыз. Орусиядагы мигранттарды пайдаланып жатат. Биз качанкыга чейин илең-салаң, жалтак болуп жүрөбүз? Эртең Херсон же Мариупол тууралуу кино тартышса, аны көрсөтүүгө да макул болобузбу? Министрлик кызыктай чечим чыгарыптыр. Биз ошол кинонун көрсөтүлүшүнө каршы аракеттерибизди улантабыз", - деди Турдалиев.

Буга чейин Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров расмий Бишкек Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин билдирген. Ал Украинадагы окуяларды согуш деп атап, Кыргызстан аны токтотуу үчүн колунан келген аракеттерди көрөрүн айткан.

“Бул маселе боюнча биздин өлкө азыр эки лагерге бөлүнүп турат. Жеке адамдар боюнча алып караганда, мындай тандоону түшүнсө болот. Себеби ар ким өзүнүн жеке симпатиясына жана дүйнө таанымына жараша кабылдоодо. Бирок мамлекеттик деңгээлде мындай мамиле этиятсыздык, жада калса жоопкерчиликсиз болот деп эсептейм. Биз - чакан өлкөбүз, бул дүйнөдө биздин позицияга көп нерсе деле көз каранды эмес. Бирок ойлонулбай жасалган ар бир кадам элибизге оор кесепетин алып келиши мүмкүн. Бизге эки эл тең жакын. Биз боордоштор бири-бирин өлтүрүп жаткан бул согуш токтошуна колубуздан келген аракетибизди жасайбыз”.

Ал арада Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 9-май Жеңиш күнүн утурлай жарандарды "Өлбөс полк" жүрүшүнө "Z" белгиси бар кийим менен чыкпоого чакырды. Анда улут аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттерге мыйзамда жоопкерчилик каралганын эскерткен.

Дагы караңыз Путин кимге ишенет? Ак үй менен Кремлдин ачакей маалыматы

Атайын кызмат бул эскертүү социалдык тармактарда “Z” белгиси бар аскердик кийимдердин жарнамалары таратылып, коомчулукта кызуу талкуу жаратканына байланыштуу экенин белгиледи.

Буга чейин Бишкектеги "Винтаж" дүкөнү “Z” символикасы бар аскердик кийимдерди жана костюмдардын жарнамалап жатканы социалдык тармакта кызуу талаш-талкуу, нааразылык жараткан.

Жарандык активист Умай Арыкова мындан улам чара көрүү өтүнүчү менен атайын кызматка кайрылган.

Талдоочу Марс Сариев Донбасс тууралуу тасманы көрсөтүүгө тыюу салып, кайра макулдук берилишин, ошол эле учурда "Z" белгисин колдонууга тыюу салынышын расмий Бишкектин тышкы саясатындагы аргасыз амал катары сыпаттаган болчу.

Марс Сариев.

"Жанагы "Z" деген белги Кыргызстанга зыян келтирет. Себеби Кыргызстанда украиндер дагы, орустар дагы жашайт, бул коомчулуктагы ажырымдын чоңоюшуна себеп болот. Донбасс тууралуу кинонун көрсөтүүгө макул болушканы, балким, кинтеатрларга көп деле адам барбайт дешсе керек. Бир чети Кыргызстан Орусияга дагы астейдил мамиле кылып жатат. Саясаттагы "маневр жасоо" аракети болуп жатат окшойт".

Ушул тушта Бишкекте машинелерине "Z" белгисин чаптап алган айдоочулар аныкталып калса, аларга айып пул салынып, белгилери сыйрылып жатат. Шаардык милиция буга чейин машинеге атайын уруксаты, лицензиясы жок белги (наклейка) чаптап алууга болбой турганын эскерткен.

Дагы караңыз Казакстан Жеңиш парадынан убактылуу баш тартты


"Z" жана "V" тамгалары Украинага басып кирген орусиялык техникаларга тартылган. Кремлчил пропагандачылар аларды “атайын операциянын” символдору деп атап келет.

"Биз жана дүйнө": Орус медиасынын Украина тууралуу бир беткей маалыматы. 21-апрель, 2022-жыл.

2022-жылы 24-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялап, алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамлекеттик Дума 22-февралда ратификациялаган. Натыйжада, Москва 24-февралда Донбасста "атайын аскердик операция уюштуруу" деген жүйө менен Украинага басып кирген.