Бишкек шаардык кеңешинин депутаты алдамчылыкка шектелүүдө

Таалайбек Жакыпов

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, "Жаңы күч" фракциясынын мүчөсү Таалайбек Жакыпов кармалып, Октябрь райондук соту аны Бишкектин аймагынан чыкпоо тил каты менен үй камагына чыгарды. Жакыповдун бөгөт чарасы 22-октябрда каралганын соттун басма сөз кызматы жума күнү "Азаттыкка" кабарлады.

Маалыматка караганда, шаардык кеңештин депутаты алдамчылыкка (Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү) шектелүүдө.

Сот аны тергөө же сот органдары чакырган учурда келип турууга, кечки саат 22:00дөн таңкы 06:00гө чейин үйүндө болууга милдеттендирип, тергөөчүнүн же соттун уруксатысыз Бишкек шаарынан чыгып кетүүсүнө тыюу салды. Бул чечим жабырлануучунун каршы арызына, ошондой эле анын өздүгүн жана жашаган жерин тактоого негизделген.

Шектүүнүн жакындары, өзү жана жактоочусу комментарий берген жок.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн 2024-жылдын 17-ноябрында Бишкек шаарында "Жаңы күч", "Эмгек", "Адилет", "Ынтымак" жана "Эл үмүтү" партиялары босогодон өтүп келип, 51 депутаттык орунду ээлеген. (КЕ)

Дагы караңыз

"Жунхайдагы" өрт: 25 контейнер зыян тартты, кылмыш иши козголду"Жунхай" базарындагы өрт 1 миң чарчы метр аянтты каптадыТибетте жер титирөөдөн 16 киши каза болуп, ондогону жараат алдыТрамп Starlink'тин Украина боюнча чектөөлөрү жоюлганын айтты