Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы борбордо кичи ажылык зыяратын уюштуруудагы алдамчылык иши боюнча “Нур Умра трэвел” туристтик компаниясынын жетекчиси кармалганын билдирди.
Шаардык милициянын маалыматына ылайык, социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин учурунда Кыргызстандын 100дөн ашык жараны Ташкент шаарынан кичи умра зыяратына уча албай калганы аныкталган. Текшерүүдө кыргыз жарандары зыяратка баруу үчүн жолдомолорду “Нур Умра трэвелден” сатып алышканы такталган.
“Алдын ала маалыматтарга караганда, туристтик компания зыяратчыларды умра тиркемесине тиешелүү каттоодон өткөрбөстөн, Өзбекстандын аймагы аркылуу сапарга чыгарган. Мындан тышкары, социалдык тармактарга тараган видео кайрылууда жарандар компаниянын жетекчиси сапарды улантуу үчүн ар бир адамдан кошумча 100 АКШ долларынан талап кылгандыгын билдиришкен. Ошондой эле буга чейин Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы зыярат сапарларын уюштурууда аныкталган мыйзам бузуулар боюнча аталган компанияга эки акт түзгөнү белгилүү болгон”, - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
Милиция кызматкерлери компаниянын ишмердүүлүгүнө байланыштуу даректерде тинтүү иштерин жүргүзүшкөн. Анын жүрүшүндө ишеним каттар, жарандардын документтери, акча которуулар боюнча дүмүрчүктөр жана кылмыш иши үчүн маанилүү болгон башка материалдар табылып, алынган. Бул факты боюнча “Нур Умра трэвел” туристтик ишканасынын жетекчиси (1983-жылы туулган М.К.) кармалып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ушул тапта жабыркагандардын санын жана келтирилген материалдык чыгымдын өлчөмүн тактоо боюнча тергөө амалдары улантылууда.
Буга чейин Баткендин бир нече тургуну “Нур Умра” компаниясына акча төлөп, убагында кичи ажылыкка бара албай калганын айтып чыгышкан. Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.
Ишкананын жетекчиси Мирзат Кошоева буга чейин “Азаттыкка” бардык кардарлар умрага жөнөтүлөрүн убада кылган. (BTo)