Бишкекти каптаган уу түтүн

Беткап менен бара жаткан жарандар. Бишкек. 12-декабрь, 2022-жыл.

Бишкек - бир нече күндөн бери абанын сапаты боюнча рейтингде дүйнөдө абасы эң булганыч шаар катары биринчи катарда турат. 13-декабрда World Air Quality индекси боюнча 570 деген көрсөткүч менен адам саламаттыгына эң коркунучтуу деңгээлге чыкты.

14-декабрда Жогорку Кеңеш Бишкекти каптаган түтүн боюнча маалымат алуу үчүн тиешелүү мекеме жетекчилерин, анын ичинде Эмилбек Абдыкадыровду да чакырган. Бирок жыйынга баяндамачы катары дайындалган Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев да келген жок. Жыйынтыгында маселени кароо 15-декабрга жылды.

Кыргыз гидрометеорология институтунун 6-12-декабрда жүргүзүлгөн изилдөөсүндө Бишкектин абасында күкүрт кош кычкылы, азот кычкылы жана азот кош кычкылы, формальдегид заттары нормадан ашык экени аныкталган.

Тыналиев көчөсү. Жал кичи району. Бишкек.

2021-жылы Бишкектин абасындагы күкүрт кош кычкылы (SО2) баштаган уулуу заттар 54,5 миң тоннаны түзгөн. Бул Улуттук статистика комитенин "2017-2021-жылга карата Кыргыз Республикасындагы айлана-чөйрө" аттуу отчетунда жазылган.

Шампан комбинаты жайгашкан район. Бул жерде көп кабаттуу үйлөр менен кошо жер тамдар да көп. Бишкек.

Расмий маалыматта акыркы төрт жылда өлкөдө абага бөлүнүп чыккан уулуу заттар 9,9% өскөн. Анын ичинде абаны булгаган күкүрт кош кычкылы 2017-жылы 7,8 миң тонна болсо, 2021-жылы 15,1 миң тоннага чейин жеткен. Кыргызстанда жалпы абага бөлүнүп чыккан уулуу заттардын 45,5% Бишкек шаарында экени белгиленген.

Жалпы өлкө боюнча бир чарчы чакырым жерге 272,6 килограмм улуу заттар бөлүнүп чыгууда, бул ар бир адамга 8,5 килограммдан туура келет.

Жал кичи районундагы абанын көрсөткүчү. 486 абанын индексинде өтө кооптуу дегенди билдирет.

Финляндиянын метеорологиялык институту Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) жана БУУнун Айлана-чөйрө программасы (ЮНЕП) үчүн жасаган изилдөөсүндө Бишкек шаарындагы абанын булганышынын негизги булагы - көмүрдөн болоору көрсөтүлгөн. Бирок ыш көйгөйү Бишкекте шаардык полигондон башталат.

Бишкектин четиндеги таштанды талаасы. Бул жерде акыркы 15 жыл аралыгында жер үйлөр салынып, жаңы конуш пайда болгон.

Бишкектин четиндеги тоодой болуп үйүлгөн таштанды талаасы күнү-түнү, кышы-жайы дебей күйгөнү күйгөн.

Таштанды талаасындагы өрт. Адистер абанын булганышынын бир себеби таштандылардын кайра иштетилбей, өрттөлүп жатканынан көрүшөт.

Таштанды талаасынан чыккан түтүн жакын жайгашкан бир нече конуштарды каптайт. Убагында борбордо өз алдынча жер басып алуулардын шарданы менен пайда болгон Ак-Жар, Алтын Казык, Калыс Ордо өңдүү конуштарда азыр карыш жер калбай турак жай салынып, болжол менен 30-40 миңдей адам жашайт.

Алтын Казык конушу таштанды талаасынын жанында жайгашкан.

Алтын Казык жаңы конушунун тургуну Гүлзар кышкысын кара түтүндөн эшикке чыга албай калаарын, акыркы жылдары аллергияга кабылганын кеп кылды.

"Балдар ооруйт, жайы-кышы жөтөлөт. Эшикке кир жайып койсок ак кийимдер капкара ыш болуп калат. Кышында балдарды эшикке чыгарбайбыз. Эшик-терезени жаап коёбуз. Бирок түтүн үйгө деле кирет да. Айла жок, жашап жатабыз. Журналисттер келип тартып кетип эле жатышат. Чоңдор келип иштеп жатабыз деп эле айтышат. Бирок эч нерсе чечилип, эч нерсе өзгөрүп кеткен жок. Тескерисинче, таштанды талаасынан чыккан түтүн түз эле шаарды каптайт", - деди Гүлзар.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектеги кара түтүн: "Баш ооруп, жөтөл токтобойт"

Алтын Казык жаңы конушунун тургуну небересин сүйрөп жүрөт. Бул жерде жашагандар балдар арасында аллергия, бронхит ж.б. дем алуу органдарынын илдеттери көп катталып жатканын айтышты.

Таштанды төгүлүүчү жайдын түтүнү шаарды каптап, ал эми андан чыккан саңырсыган жыт каңылжарды жарат. Бишкек мэриясы эски таштанды полигонун жаап, жаңы жай курабыз деп убада берип келатканына көп болду.

Бишкек ЖЭБи жайгашкан район илгертен эле шаардагы булганыч аймак катары таанылган.

Экологдор абанын кирдешине автоунаадан чыккан газ, үйлөрдөгү мештерден жана Жылуулук электр борборунан чыккан түтүн себеп экенин айтып келишет.

Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү тыгын. Өкмөттүн билдиришинче борбор калаа 40 миң машинага ылайыкталган, бирок азыркы тапта 500 миңдей автоунаа кирип-чыгат. Экологдор машинеден чыккан түтүндүн курамындагы зыяндуу заттар дагы абаны уулап жатканын белгилешет.

12-декабрда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргызстанда ыш көйгөйүн чечиш үчүн Бириккен Улуттар Уюмунан (БУУ) 6 млрд. 700 млн. доллар грант сурады.

Чыңгыз Айтматов көчөсүнүн боюндагы район. Бул жерде бир катар мектеп, бала бакча жана ЖОЖдор жайгашкан.

30-ноябрда ЮНИСЕФтин "Бишкектеги аялдар менен балдардын ден соолугу менен социалдык жашоосуна булганыч абанын тийгизген таасири" аттуу изилдөө чыккан.Анда 2021-жылдын 1-июлунан 2022-жылдын 30-июнуна чейин Бишкекте ыш 112 өлүмгө себеп болуп, шаардыктар 2 миллиард сом материалдык чыгым тарткан деген тыянак чыгарган.

Саламаттык сактоо министрлиги ЮНИСЕФтин бул тыянагын четке кагып, мындай фактылар далилденбегенин билдирген.

Асанбай кичи районунун тоонун үстүнөн көрүнүшү. Ары жакта коюу түтүн шаарды каптап жатканын көрүүгө болот.

Акыркы жылдары Кыргызстандын борборунда абанын булганганы боюнча маселе күн тартибинен түшпөй келатканы менен кара түтүндү азайтуу боюнча бийлик азырынча чукул чара көрө элек.