14-августта бир эле учурда Борбор Азиянын ондогон шаарлары менен райондорунда жарык жапырт өчтү. Казакстандын түштүк тарабында Алматы калаасы баштаган сегиз облусунда жарык өчкөндөн кийин электр менен камсыздоо беш сааттын ичинде толук калыбына келтирилген.
Бишкектин бир катар райондору менен Чүй, Ысык-Көл облустарында да кыска убакытка электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.
Өзбекстандын Сурхандарыя облусунда, Тажикстандын Дүйшөмбү, Кожент жана Куляб аймактарында да жарык өчкөнү айтылган.
Блэкаут деп аталган бул жапырт өчүрүү боюнча Кыргызстан менен Казакстандын билдирүүлөрү эки ача болууда.
Казакстандагы электр тутумдарын башкаруучу KEGOC акционердик коомунун төрагасы Наби Айтжанов жергиликтүү медиалардын бирине курган маегинде Токтогул ГЭСиндеги авария Бирдиктүү электр тутумуна кошумча жүктү пайда кылганын билдирди:
Наби Айтжанов
“Токтогул ГЭСинде жалпы кубаттуулугу 600 мегаваттык эки энергогенератор токтоп калып, Казакстандын энергосистемасында түндүк-түштүк транзитине катуу күч келген. Бүгүнкү күндө биздин негизги транзит жалпы кубаттуулугу 2100 мегаваттык үч линиядан турат. Элестетиңиз, учурдагы жүккө кошумча дагы 600 мегаватт кошулуп, транзитти токтотуп салган. Мындан улам авария болуп, Алма, Алматы жана Талды-Коргон көмөк чордондорунда энергокеректөөнү токтотуп жатат. Жалпы эле түштүк аймагында авариялык кырдаал жаралган”.
Жума күнү саат 15:37де болгон жапырт электр өчүрүүлөрүнүн себеби азырынча белгисиз. Маалыматтарга караганда, авариянын себептерин иликтеген комиссия иштеп жатат.
Кыргызстандын Энергетика министрлиги окуядан үч күн өткөн соң 17-августта тараткан маалыматка ылайык, ал күнү саат 15:55те Борбор Азия Бирдиктүү энергетикалык тутумундагы жыштыкты нормалдуу көрсөткүчкө келтирип, жөнгө салууну камсыз кылышкан. Ошол эле учурда Кыргызстандын энергетикалык тутуму коңшу мамлекеттерге болжол менен 250 МВт көлөмүндө кубаттуулук берүү менен жардам көрсөткөн.
“Технологиялык бузулуунун жагдайларын тактоо учурунда Токтогул ГЭСиндеги эки гидрогенератордун кыска мөөнөткө өчүрүлгөнү аныкталган. Бул параллелдүү иштеп жаткан Борбор Азиянын Бирдиктүү энергетикалык тутумундагы баштапкы бузулуу болуп, кубаттуулук агымдарынын өзгөрүшүнө жана аварияга каршы автоматиканын иштешине алып келген. Муну менен катар бул баштапкы бузулууну башка мамлекеттердеги айрым энергетикалык тутумдардын жана түйүндөрдүн өчүшүнүн түздөн-түз себеби менен теңештирүүгө болбойт. Мындай кырдаалдарда энергетикалык тутумдар тең салмактуулук калыбына келтирилгенге чейин изоляцияланган режимде, анын ичинде төмөндөтүлгөн жыштык шартында да туруктуу иштөөнү камсыз кылат. Ошондуктан Борбор Азиянын башка мамлекеттериндеги энергетикалык түйүндөрдүн өчүшү боюнча ошол мамлекеттердин энергетикалык тутумдарында андан кийинки этапта жүргөн процесстерге өзүнчө талдоо жүргүзүү зарыл”.
Кыргыз тарап Алматы энергетикалык түйүнүнүн өчүшү Борбор Азия Бирдиктүү энергетикалык тутумундагы жыштык номиналдык көрсөткүчкө жеткенден кийин болгонун билдирүүдө. Мындан улам “биргелешкен техникалык иликтөө аяктаганга чейин авариянын кийинки бардык кесепеттери үчүн жоопкерчиликти Кыргызстандын энергетикалык тутумуна жүктөө туура эмес” – деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.
Бул Кыргызстанда ушул жылдын эсебиндеги биринчи жапырт өчүрүү эмес. 17 жана 19-июль күндөрү да Бишкекте жана Чүй облусунун айрым аймактарында жарык үзгүлтүккө учураган. Өкмөт жайкы аптапта калктын керектөөсү кескин өскөндүктөн “Кара-Балта-Башкы” жана “Башкы-Шу” жогорку чыңалуудагы электр линиялары авариялык жагдайга тушукканын билдирген.
17-август күнү Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев энергетика тармагындагы авариялык жагдайлардын себептерин деталдуу изилдөө үчүн атайын комиссия түзүү тапшырмасын берди. Расмий кабарлангандай, соңку жарым жыл ичинде өлкөдө 26 жогорку чыңалуудагы авариялык өчүрүү катталган. Комиссия алардын да чоо-жайын иликтейт.
Мырзатай Султаналиев
Энергетика боюнча эксперт Мырзатай Султаналиев курч кырдаал жаралган учурларда гидроэлектрстанциялар ыкчамдыгы менен бирдиктүү энерготутумду колдоо жөндөмүнө эгедер экенин айтат.
"Казакстан менен Өзбекстандын энергия чыгаруучу кубаттуулуктары жалаң жылуулук электр станцияларына негизделген. Ал эми Тажикстан менен Кыргызстандыкы гидроэлектростанциялар. Жылуулук электр станциялары менен гидроэлектростанциялардын эки айырмасы бар. Биринчиден, гидроэлектростанция керек болгон убакытта жыштыкты дагы, кубаттуулукту дагы дароо көтөрүп бергенге мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан бул бирдиктүү система ошондой негизде иштейт. Мисалы, бир жерде чоң авариялык кырдаал болуп же керектөө өсүп кеткен убакытта ГЭСтер колдоп турат. Кубаттуулукту көбөйтүп же чоңойтуп алыш үчүн жылуулук электр станцияларына убакыт керек. Ошондуктан ушундай жагдай болгондо, байкасаңар, кээ бирлер энергосистеманы жарым күндүн ичинде ишке киргиздик дейт, кээ бирлер болсо 2-3 сааттын ичинде дейт. Андыктан Кыргызстандын Бирдиктүү энерготутумга берген жардамы – кубаттуулукту дароо көтөргөнгө мүмкүнчүлүгү бар".
Өкмөттүн маалыматына ылайык, бул жылы республика боюнча электр энергиясын керектөө көлөмү 19,6 млрд кВтс болушу күтүлүүдө. Анын 15,5 млрд кВтс Кыргызстандын өзүндө иштелип чыкса, 4,1 млрд кВт⋅саат көлөмүндөгү тартыштык импорт аркылуу жабылат. Азыркы учурга карай Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд кубга чейин аз экени айтылууда. Так көрсөткүчтү билүү мүмкүн эмес, өкмөт 2025-жылдан тартып суу сактагычтагы суунун көлөмүн көрсөткөн эсептегичти жаап койгон.
Токтогул ГЭСинин масштабдуу модернизациялоодон кийинки кубаттуулугу 1440 МВтка жеткен. Станция төрт гидроагрегаттан турат - ар биринин кубаттуулугу 300дөн 360 МВтка чейин.
ГЭС Борбор Азия бирдиктүү энерготутумунун башкы жөнгө салуучу бөлүгү болуп саналат. Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергиялык кубаттуулуктарынын оош-кыйышын теңдеп, коңшу өлкөлөрдүн жайкы сугат мезгили үчүн суу чогултуучу функцияны да аткарат.