Чек ара: өзгөргөн позициялар, тынч жашоону күткөн эл

Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон. 2023-жылдын 2-июну.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселеси президенттер Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун Чолпон-Ата шаарындагы жолугушусунда да көтөрүлдү. Анда эки өлкө башчы азыркы учурга чейин жетишилген натыйжага ынанып жатканын айтышты.

2-июнда Чолпон-Ата шаарында өткөн “Европа Биримдиги – Борбор Азия” саммитине келген Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкө башчы Садыр Жапаров менен жолукту. Анда чек ара маселесине өзгөчө көңүл бурулганын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

“Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Мамлекет башчылары акыркы жылдарда чек аранын долбоордук линиясын макулдашуу боюнча азыркы учурга чейин жетишилген натыйжага канааттануусун билдиришти. Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон сүйлөшүүлөрдү натыйжалуу улантууну жана өз ара сый-урматтын, ишенимдин негизинде алгылыктуу чечимдерди издөөнү жакташты”, - деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Ал эми тажик президентинин басма сөз кызматы да жолугушуу тууралуу маалыматында чек ара маселесине өзгөчө көңүл бурулганын белгилеп, чек аранын 626 чакырымдык долбоордук сызыгынын 102 чакырымы соңку 1,5 жылда макулдашылганы жазылган.

Кыргыз тараптын эсебинде (орток пикир табылган) долбоордук сызык бүгүнкү күндө 682 чакырымды түзүүдө.

Сүйлөшүүлөр оор болуп жатат

Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев президенттердин акыркы жолугушусунда эмне тууралуу сөз болгонунан кабарсыз экенин, бирок тажик тарап менен сүйлөшүү оор өтүп жатканын айтты.

“Мен жолугушууга катышкан жокмун. Эмне жөнүндө сөз болгонун билбейм. Сүйлөшүүлөр оор болуп жатат, оор болгондуктан президенттик деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жеңил болгондо мурун эле чечилип калмак”.

Буга чейин президент Жапаров ушул жылдын май айына чейин Тажикстан менен чек ара көйгөйүн чечерин болжогон. Бирок ал создугуп келет. Бөрүбаев анын себебин мындайча түшүндүрдү.

Дагы караңыз Жапаров менен Рахмон чек ара маселесин талкуулашты

“Толук чечебиз дегенде тажик тарап биздин сунушка макул болушкан, бирок кийин кайра позициясын өзгөртүп коюшту. Ошон үчүн чечилбей калды. Болбосо мурда эле чечилип калмак”, - деди Бөрүбаев.

Анын айтымында, чек ара боюнча сүйлөшүү июнь айында Тажикстанда өткөнү турат.

Президент Садыр Жапаров дагы 17-апрелде “Кабар” агенттигине берген интервьюсунда Тажикстан менен чек араны чечүү жай жүрүп жатканын айткан.

Буга чейин акыркы жолу 1-7-апрелде Бишкекте эки өлкөнүн чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өткөн. Ага чейин Дүйшөмбү шаарында да жолугушкан болчу.

Эки өлкөнүн облустук жана райондук деңгээлдеги жолугушуулары да өткөрүлүп, анда тараптар чектеш аймактагы сугат суу, курулуш жана башка чарбалык иштерди макулдашып жүргүзүүнү жана күнүмдүк тиричиликке байланышкан маселелерди жеринде чечүүнү сүйлөшкөн.

24-майда Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев коңшу Тажикстандын Согд облусунун жетекчиси Ражоббой Ахмадзода менен жолугуп, эки тарап чек арада учкучсуз аппараттарды (дрон) учурбоону макулдашышкан.

"Кооптонуп жашайбыз"

2021-2022-жылдары болгон чек арадагы куралдуу кагылышуудан кийин Тажикстанга чектеш айылдардын жашоочулары кооптонуу менен күн кечирип келет.

Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын тургуну Абдрашит Искаков айрым жердештери айылга кайткандан чочулап жатканын айтууда.

“Азыр айылда абал туруктуу. Эл азыр жыйын-теримге алаксып, өрүк жыйнап жатат. Чек ара маселеси боюнча айта турган болсок, чек ара жабык, ары жагында эмне болуп жатканын билбейбиз. Кээде ушак-айың тарап, элди дүрбөлөңгө салып жатат. Коогалаңдан кийин көчүп кеткендер кайра кайта элек, балким кооптонуп жатабы билбейм. Эми үмүтүбүз чек ара чечилип, тынч заман келсе. Балдарыбыз, неберелерибиз мектепке барып, тынч жашай берсек жакшы болмок”.

Буга чейин бир катар активисттер кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштеринде ачык-айкындуулук болушу керектигин айтышкан.

Баткенде чек ара чырларын иликтеп жүргөн мурдагы аким Хаиталы Айкынов дагы тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жүргөнү менен элге ачык маалымат жетпей жатканын билдирди.

"Албетте сүйлөшүүлөр болуш керек. Өзбекстан менен ушундай эле сүйлөшүүлөрдө бул жерди бул жерге алмашабыз деген сүйлөшүүлөр болгон. Тажикстан менен ушундай нерселер жок болуп жатат".

Дагы караңыз Кыргыз-тажик чек арасын тактоо мүшкүлү: картага такалган жумуш
  • Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин 2022-жылдын 17-апрелинде эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.
  • 2021-жылы 28-апрелде башталган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болуп, 170тен ашуун тургун жараат алган. Жаңжалда бир катар үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун кабарлаган.
  • Куралдуу кагылыш 2022-жылы 14-17-сентябрда да кайталанып, эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган. Анда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон, 206 киши ар кандай жараат алган. Бир катар социалдык объектилер, турак жайлар кыйрап, өрттөлгөн. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган. Каза болгондор арасында эки тараптан тең балдар бар.