Чыныгы өнүгүүнүн ачкычы: Борбор Азия инновацияларга даярбы?

Борбор Азиядагы төрт өлкөнүн башчылары Садыр Жапаров, Шавкат Мирзиёев, Касым-Жомарт Токаев жана Эмомали Рахмон.

Борбор Азия лидерлери экономикасынын өсүү темптери жогору болуп жатканын айтып, өз далилдерин келтирүүдө. Бирок ИДПнын көбөйгөнү дайым эле элдин жашоосу да жакшыргандык дегенди туюндурбайт. Өсүштүн туруктуулугун жана коом үчүн пайдалуулугун камсыздоонун бир ыкмасы деп адистер инновацияларды атоодо.

Алардын пикиринде, инновацияларды ар кыл тармакта — эгин талааларын сугаруунун жаңы ыкмаларынан тартып инсульттун белгилерин тезирээк аныктай ала турган технологияларга чейин, колдонсо болот.

Өсүү өнүгүүдөн эмнеси менен айырмаланат?

Алган маянасы көбөйө түшкөн адамды элестетиңиз: мурда анын эсебине ай сайын 500 доллар келип турса, азыр 800 доллар түшө баштады. Балким, ал жаңы жумуш тапкандыр, же, мурдагыдан көбүрөөк товар өндүрө баштагандыр, же болбосо, чет өлкөдөн акча алгандыр. Эмнеси болсо да, колуна тийген каражат көбөйдү. Экономикалык өсүш деген мына ушул.

Ал эми эгер адамдын кирешеси ал кайсы бир жаңы нерселерди өздөштүрө алганына байланыштуу өсүп жаткан болсочу? Бул болсо экономикалык өнүгүү.

Өлкөнүн экономикасында деле дал ушундай логика. Мисалы, мунайды же алтынды кымбат баада көбүрөөк сатканы үчүн өсүшү мүмкүн. Ошондой эле чет элдик инвестициялардын көбөйүшү же туристтердин агымынын артуусу да өсүшкө түрткү берет. Бирок мындай өсүш туруктуу эмес. Анткени чийки заттын баасы өзгөрүп турат, инвестициялар токтоп калышы мүмкүн, ал эми дүйнө жаңы пандемияга туш болсо, чек аралар кайрадан жабылышы ыктымал.

Расмий маалыматтарга караганда, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Казакстандын реалдуу ИДПсы 4,1%, Кыргызстандыкы 11,9%, ал эми Өзбекстандыкы 8,5% өстү.

Бирок 2026-жылдын август айында Британиядагы Legatum институту жарыялаган дүйнөлүк бакубаттуулук индексинин жаңы рейтингинде таптакыр башка көрүнүштү байкоого болот. Бул рейтингде адатта экономика гана эмес, саламаттык сактоо, билим берүү, коопсуздук жана жашоо сапатын аныктаган башка көрсөткүчтөр да бааланат.

Мында Казакстан 161 өлкөнүн ичинен 66-орунду, Кыргызстан 87-орунду, Өзбекстан 94-орунду, ал эми Тажикстан 129-орунду ээлеген.

Башкача айтканда, ИДПнын өсүү темпи боюнча Борбор Азия өлкөлөрүндө көрсөткүч жакшы, а, бирок адамдардын реалдуу бакубат жашоосу боюнча дүйнөлүк рейтингде ортоңку же эң акыркы орундардын катарында калууда.

Өзбекстандык экономист талдоочу Юлий Юсуповдун айтымында, ИДП көрсөткүчү дайым эле калктын жашоосу жакшырды дегенди билдирбейт.

Юлий Юсупов

«ИДП сиз көбүрөөк танк өндүрө баштасаңыз деле өсүштү көрсөтө берет. Сиз көбүрөөк танк жасай баштасаңыз элдин жашоо деңгээли, албетте, жакшырып кетпейт да. Же, мисалга айтсак, ИДПга инвестициялар да кирет, а, бирок, инвестиция деген түрдүү болот. Мисалы, мамлекеттик. Мамлекет кайсы бир тармакка көп каражат жумшап, бирок ал кийин эч кандай пайда алып келбеши, «кумга сиңгендей» эле натыйжасыз сарпталышы тмүмкүн. Бирок баары бир ал каражаттар ИДПнын эсебине кошулат да, расмий статистикада экономиканын өсүшү катары көрсөтүлөт», — дейт Юлий Юсупов.

Инвестиция — Борбор Азия мамлекеттеринн экономикасынын маанилүү бөлүгү. Бирок аймактагы өлкөлөр үчүн дагы бир жалпы өзгөчөлүк бар. Ал — мунай, газ, металл же алтын сыяктуу чийки заттардын сырьелук экспортунун байкаларлык ролу.

Мындай өлкөлөр көп учурда экономикадагы «голланд оорусу» деп аталган көрүнүшкө туш болушат. Экспорттон түшкөн чоң киреше улуттук валютанын бекемделишине алып келет. Натыйжада жергиликтүү өндүрүүчүлөр үчүн импорттук товарлар менен атаандашуу, ошондой эле өз продукциясын чет өлкөлөргө сатуу кыйындайт.

Дагы караңыз

Токаев Путинди "прагматикалык лидер" деп атап, Украинага "урмат-сыйын" билдирди

Инновациялык ишкердик

Мына ошондуктан экономика канча пайызга өскөнүнө гана эмес, ал өсүш эмненин эсебинен камсыз болгонун да карап чыгуу маанилүү. Ушул жерден дагы бир суроо жаралат: экономикалык өсүштүн жаңы булактарын эмне түзө алат?

Массачусетс технологиялык институтунун Инновациялар жана ишкердикти өнүктүрүү борборунун изилдөөлөр боюнча директору Шамил Ибрагимовдун айтымында, экономикалык өсүүдөн жаралган байлыкты коомдун кеңири катмарына жеткирүүнүн эң натыйжалуу механизмдеринин бири болуп инновациялык ишкердик саналат.

Инновация сөзсүз эле дүйнөлүк деңгээлдеги ири ойлоп табуу дегендик эмес. Кээде ал бар болгон өнүмдү же кызматты тезирээк, арзаныраак же сапаттуураак кылуунун жаңы жолу болушу мүмкүн.

Мындай мисалдардын бири катары АКШнын Ford корпорациясын айтууга болот. Компания автомашиналарды конвейердик ыкма менен чыгарууга өтүп, жапырт өндүрүлүүчү товарга айландырган. Натыйжада автоунаа миллиондогон адамдар үчүн жеткиликтүү боло баштаган.

Дагы бир мисал — штрих-коддун пайда болушу. Ал өзүнчө товар эмес, бирок чекене соода тармагынын иштөө тартибин олуттуу өзгөрткөн жөнөкөй чечим болгон. Бүгүнкү күндө Борбор Азияда кеңири колдонулуп жаткан QR код аркылуу төлөм жүргүзүү да ушундай жаңычыл чечимдердин катарына кирет.

Шамил Ибрагимов

«Эгер сиз тигүүчү машина жасоону үйрөнсөңүз жана бул адегенде тигүү өндүрүшүнөн киреше таап, андан кийин машиналарды сатып алып, аларды оңдоону өздөштүрүп, кандай иштей турганын түшүнүп, акырында өзүңүз курап жана сата баштаган болсоңуз, демек, мындай билим кийин жөн гана тигүүчү машина чыгарбастан, аларга жаңы функцияларды кошууга, компьютерге туташтырууга жана башка мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө жол ачат», — дейт Шамил Ибрагимов.

Бул маселе негизги тармактарга да тиешелүү. Экономист Юлий Юсупов мисал катары дүйнөдөгү эң ири мунай запастарына ээ Венесуэланы келтирүүдө. Мунайы көп болгонуна карабастан өлкө азыр терең экономикалык кризисти баштан кечирүүдө. Батыштын санкцияларынан улам Каракас заманбап технологияларга жете албай, натыйжада өз мунайын толук көлөмдө өндүрүү жана кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү кыйындаган.

«Ал жактын мунайы оор, аны казып алуу да, кайра иштетүү да оңой эмес. Мындай мунайды өндүрүп, кайра иштетүү үчүн мунай тармагында деле инновациялар керек. Ал эми инновациялык сектор кен казуу өнөр жайына альтернативабы деген суроого келсек, бул жерде бир өзгөчөлүк бар. Ал альтернатива эмес, ал заманбап постиндустриалдык экономиканын өзөгү», — дейт Юсупов.

Дагы караңыз

"Өтө кооптуу тенденция". Орусиячыл эксперттердин көздөгөнү эмне?

«Он миллиондогон долларлык оюн»

Борбор Азияда жаңы технологияларды толук иштеп чыгуунун мисалдары азыртан эле бар. Бул тууралуу казакстандык MOST холдингинин башкы директору жана венчурдук инвестор Павел Коктышев айтып берет.

Павел Коктышев

«Булардын катарында жер казынасын пайдалануу, бургулоо процесстери жана салттуу экономиканы санариптештирүү боюнча инновациялык чечимдерди иштеп чыккан Dolon компаниясы бар. Ошондой эле көпчүлүккө белгилүү Cerebra долбоору бар. Ал инсультту ыкчам аныктап, дарылоо ыкмасын тууралоого жардам берген система. Бул өз багыты боюнча дүйнөдөгү эң мыкты өнүмдөрдүн бири», — дейт Коктышев.

Бул технологияларды жараткан адистер Борбор Азиядан чыкканы менен, алардын көптөгөн компаниялары АКШда же Батыштын башка өлкөлөрүндө жайгашкан. Себеби аймакта инвестициялар, лабораториялык база жана мындай долбоорлордун кеңири өсүшү үчүн зарыл шарттар жетишсиз.

Ушуга окшош мисалдардын бири — кыргызстандык Асель Сартбаева. Ал вакциналарды «муздак чынжыр» талаптарын катуу сактабастан сактоого жана ташууга мүмкүнчүлүк бере турган технологияны иштеп чыккан. Бирок анын компаниясы Улуу Британияда жайгашкандыктан бул долбоорду толугу менен кыргызстандык деп атоо кыйын.

«Бул жерде сөз бир-эки миллион доллар тууралуу эмес, ондогон миллион долларлар жөнүндө болуп жатат. Казакстанга жыл сайын кошумча болжол менен 50 миллион доллар каржылоо керек. Өзбекстанда да абал дээрлик ушундай», — дейт Коктышев.

Дагы караңыз

БУУда Жапаров санкция саясатын, Ысык-Көлдү коргоону айтты

«Биз илимди коммерцияга айландырганды билбейбиз»

Шамил Ибрагимовдун айтымында, АКШ илимге жана илимий изилдөөлөргө ИДПсынын 3,4 пайызын жумшайт, ал эми Израилде бул көрсөткүч дээрлик 6 пайызга жетет. Борбор Азия өлкөлөрүндө болсо абал таптакыр башкача. Массачусетс технологиялык институтунун изилдөөсүндө айтылгандай, Кыргызстанда илимий изилдөөлөргө жана иштеп чыгууларга ИДПнын 0,08 пайызы, Казакстанда 0,13 пайызы, Өзбекстанда 0,16 пайызы гана бөлүнөт.

Аймактагы мамлекеттер ортосунда айырма чоң эмес. Бардык өлкөлөрдө илимге бөлүнгөн каражат өтө аз. Натыйжада өзүнчө бир туюк айлампа жаралат. Илимди каржылоого каражат жетишсиз болсо илимпоздор иштеп чыккан аз сандагы идеяларды бизнеске айланта турган механизмдер да өнүкпөй калат.

«Биз мурдагы Советтер Союзунун бир бөлүгү болгондуктан ар дайым күчтүү илимий базага ээ элек. Бирок илимди коммерциялаштырууну эч качан үйрөнгөн эмеспиз. Совет мезгилинен бери экономика пландуу жана борборлоштурулган болгондуктан илимий изилдөөлөрдүн негизги керектөөчүсү мамлекет эле. Бул процесске рынок катышкан эмес. Ошондуктан бүгүнкү күнгө чейин илимди коммерциялаштыруунун натыйжалуу механизми түзүлгөн жок», — дейт Ибрагимов.

Илимий идеяны чыныгы бизнеске айландырууга жардам берген куралдардын бири — венчурдук капитал. Бул багытта Казакстан коңшу өлкөлөрдөн кыйла алдыда. Массачусетс технологиялык институтунун маалыматы боюнча, 2023-жылы Казакстандагы венчурдук келишимдердин жалпы көлөмү 80 миллион долларды түзгөн. Кыргызстанда бул көрсөткүч 1,1 миллион доллар, Өзбекстанда 6,3 миллион доллар болгон.

Азырынча Кыргызстанда венчурдук рынок дээрлик өнүгө элек, ал эми Өзбекстанда жаңыдан калыптанып жатат. Казакстанда болсо тобокелдиги бар стартаптарга инвестиция салууга даяр болгон жаңы фонддор улам көбөйүүдө. Коктышев аймактагы абалга оптимисттик көз карашта.

«Инвестициялар Борбор Азиянын дээрлик бардык өлкөлөрүндө бар. Тажикстанда бир көрүнүш мени таң калтырат: сапаттуу долбоорлордун жалпы саны Өзбекстан менен Казакстанга салыштырганда азыраак болгону менен алардын үлүшү жогору. Кыргызстанда да жагдай окшош. Башкы айырма экономиканын көлөмүндө жана мамлекеттин бул багытка жетиштүү ресурс бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгүндө», — дейт инвестор.

Шамил Ибрагимов инновациялык ишкердик ийгиликтүү өнүгүшү үчүн мамлекеттер туура экосистеманы түзүшү керек деп эсептейт. Анын пикиринде, мамлекет, жеке сектор, илимий мекемелер, ишкерлер жана инвесторлор бири-бири менен натыйжалуу кызматташкан шартта гана мындай тармак өсөт.

Павел Коктышев Борбор Азияга инвестициялык фонддорду кесипкөй башкарган институттар да керек экенин белгилейт:

«Башкаруучулардын милдети жөн гана акча берип коюп, андан кийин унутуп калуу эмес. Муну, негизинен, мамлекет да жасай алат. Эң башкысы — министр ким болгонуна карабай, инвестициялык портфелди жылдан жылга системалуу өнүктүрүү, инвесторлорго киреше алып келүү жана ишкерлерге өнүгүү мүмкүнчүлүгүн түзүү. Тилекке каршы, бул багытта алдыда дагы көп иштер турат».

Дагы караңыз

Түштүк Корея -Борбор Азия: табигый заттар, атом энергетикасы, миграция жана хайтек өндүрүш

Ишеним — башкы валюта

Дагы бир маанилүү фактор бар. Ал мамлекеттеги институттарга болгон ишеним жана бизнес жүргүзүүнүн эрежелеринин туруктуулугу. Технологиялык компания түзүп, өнүктүрүүгө кээде 10-15 жыл убакыт кетет. Ошондуктан инвестор үчүн ушул мезгил аралыгында анын менчик укугу корголоруна, келишимдер күчүндө каларына жана бизнес жүргүзүү шарттары кескин өзгөрбөсүнө ишенүү абдан маанилүү. Эгер мындай кепилдик болбосо инвесторлор капиталды тез чыгарып кетүүгө мүмкүн болгон долбоорлорго артыкчылык бере баштайт.

«Тилекке каршы, Кыргызстанда бизнесиңди эч ким тартып албайт деген ишеним жок. Акыркы эки жылда 30 жыл бою курулган ишканалардан ажырап калган учурларды көп көрдүк. Адамдар чоң каражат жумшайт, бирок кийин аны коргой турган эч кандай кепилдик болбой калат. Өзүңдү коргоо мүмкүнчүлүгү да чектелүү. Мыны ушундай "кустуруу" экономиканын өнүгүү динамикасына олуттуу терс таасирин тийгизди», — дейт Шамил Ибрагимов.

Дагы караңыз

Кыргызстанды дүйнөлүк базарга чыгарчу жолдор: Иран, Пакистан жана Кытайдын сунуштары

Өсүүдөн кийинкиси

Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасы чындап эле жогорку темп менен өсүп жатат. Бирок ИДПнын көрсөткүчү "Бул өсүштөн кийин эмне калат?" деген эң негизги суроого жооп бере албайт. Эл аралык рынокто атаандаша алган жаңы технологиябы? Ийгиликтүү компаниябы? Иштей турган шарттары бар инженерлер менен окумуштууларбы? Же болбосо чийки заттын баасы өзгөргөндө эле жок болуп кетиши мүмкүн болгон убактылуу кирешелерби?

Чыныгы өнүгүү мунайды, газды же алтынды кымбат баада көбүрөөк саткан жерден эмес, жаңы нерсе жаралган жерде башталат. Ал технология, жаңы продукт же кандайдыр бир көйгөйдү чечүүнүн натыйжалуу жолу болушу мүмкүн.

Борбор Азияда мындай идеялар жетиштүү. Маселе алардын андан аркы тагдырында. Аларга суроо-талап барбы, иш жүзүнө ашырылып жатабы жана, эң башкысы, ошол идеялар аймактын өзүндө калып, анын өнүгүшүнө кызмат кылып жатабы деген суроолор маанилүү бойдон калууда.

Макаланын түп нускасы бул жерде

Автору Камилла Валиева