Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн Бишкек шаарында акысыз курстарды ачууну сунуштады. Бул тууралуу парламенттин 25-ноябрдагы жыйынында көтөрүп, мындай сунушту мурда да бергенин, өкмөт макул болгону менен ишке ашырбаганын айтты.
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев быйыл бекер окутуу боюнча онлайн платформа иштелип чыгарын, келерки жылдан колдонууга берилерин билдирди. Ал эми офлайн режимде окутууну уюштурууга каржы маселеси тоскоол экенин айтты.
“Канча каражат кетет? Азыр республикалык бюджетти карап жатабыз. Сиз санап чыкпайсызбы, биз ошону киргизели. Өкмөт деле каршы болбойт го. Бюджетте профицит 32 миллиард сом болсо, окутууга ашып кетсе 5-10 миллион сом кетиши мүмкүн”, - деди Бекешев.
Жыйында депутаттар балдар үчүн кыргыз тилиндеги материалдарды көбөйтүү боюнча маселе көтөрүштү. Мураталиев кыргыз тилиндеги мультфильмдерди көбөйтүү үчүн быйыл 50 миллион сом каралганын, алдыдагы жылга 200 миллион сомго көбөйтүү тапшырмасы берилгенин билдирди.
Мындан тышкары бала бакча курагындагы балдарга атайын китептерди чыгаруу программасы да иштеп жатканын тактады.
2023-жылдын 17-июлунда президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт.