Миң кырдуу дүйнөнүн бир ирмеми

Аары. Бал аарылар 35 күндүк өмүрүндө тыным албай эмгектенет. Анткени алар бак-дарактар гүлдөп турган учурдан пайдаланып, гүлдөрдүн таттуу ширесин, нектарды чогултушат. Окумуштуулардын айтымында, экологияда тең салмактуулук бузулганда аарынын саны азая баштайт экен. Ошондой эле бул жандыктар экономикага да чоң салым кошот. 

Үлүл. Дүйнө жүзүндө үлүлдү косметикада, тамак-аш жасоодо колдонушат. 

Шүүдүрүм.

Жаз алды менен чыккан кантала. (Клоп-солдатик). Жаз алды менен чыккан бул коңуз чөп жана майда курттар менен азыктанат. 

БУУнун билдиришинче, дүйнө жүзүндө 1 миллиондой флора жана фауна түрлөрү жоголуу коркунучунда турат. 

Козу карын.

Личинка. 

Эл кайда көчөт. Жер жүзүндө бул коңуздун 4 миңден ашуун түрү бар. Эл кайда көчөт айрым зыянкечтерди жеген, багбанчылыкка салым кошкон жандык. 

Сирень. Кыргызстанда сирень апрель айында, айрым мээлүн аймактарда май айында гүлдөйт. Бул өсүмдүктун гүлү косметикада, дары-дармек жасоодо пайдаланылат. 

Жөргөмүш. 

Жөргөмүштүн желеси. 

Жоогазын.

Жаз гүлү. 

Коңуз.

Коңуз. Окумуштуу биологдордун айтымында, курт-кумурскалардын өсүмдүктөрдү чаңдаштырууда ролу зор. 

Бүчүр.

Чегиртке. 

22-майда Бүткүл дүйнө жүзүндө биологиялык ар түрдүүлүктүн күнү белгиленет. "Азаттык" бул күнгө карата атайын сүрөт баян даярдады.