Электр баасы инфляцияга жараша өзгөрөт

Коллаж.

Министрлер кабинети кийинки жылдары тариф инфляциянын деңгээлине жараша өзгөрөт деп билдирди.

Министрлер кабинети бекиткен тарифке ылайык, электр баасы эл үчүн өзгөртүлгөн жок. Тактап айтканда, мурдагыдай эле жарандар 1000 кВт саатка чейинки электр жарыгы үчүн 77 тыйындан, андан ашса, 2 сом 15 тыйындан төлөйт. Ал эми 15-октябрдан тартып коммерциялык ишканалар үчүн электр энергиясынын баасы 28 тыйынга көтөрүлүп, эми 2 сом 50 тыйындан эсептелет. Мындан казынага 476 млн. сом кошумча киреше болот деп эсептелүүдө.

Электр баасы эми инфляцияга жараша көтөрүлөт

2021-2025-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү чечимине Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол коюп, анда төрт жыл ичинде тариф инфляциянын деңгээлине жараша өзгөртүлмөй болду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында жазылды.

Демек, инфляциянын дайыма өсүп турганын эске алганда кийинки жылдары электр жарыгына тариф көтөрүлүшү мүмкүн. Жаныбек Оморов электр энергиясынын тарифин көтөрүү, тармактагы кырдаалды жөнгө салуудагы негизги факторлордун бири экенин айтып келген эксперттердин бири. Оморов “бийлик баа саясатын инфляцияга жараша өзгөртүүнү быйыл башташы керек болчу” деди.

Жаныбек Оморов.

“Тарифти инфляцияга жараша кармап туруу - дүйнөлүк тажрыйба. Андай болбосо бул тармакты каржылык жактан мындан дагы кыйын абалга алып келебиз. Албетте, натыйжалуу башкаруу керек. Бирок, жок дегенде минималдуу чыгымдар жабылышы керек. Электр өндүрүшү көтөрүлбөй жатканы тарифтин төмөндүгү. Элге жакшы түшүндүрүп, ушуну ишке ашырсак болмок. Бул болбой калды”, - деди Оморов.

Кыргыз бийлиги ушул жылдын апрель айында электр энергиясына жаңы тариф саясатын иштеп чыккан, анда аз камсыз болгон 200 миңден ашык үй-бүлөдөн башка абоненттерге электр кубатынын баасы азыркыдан эки эсе кымбат бааны сунуштаган. Бирок, бул сунуш ишке ашпай калды.

Дагы караңыз

Министр: Элге электр баасын көтөрүүдөн баш тарттык

Энергетикалык таңкыстыктан кантип чыгабыз?

Кургакчылыктан Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү кескин түшүп кетип, өлкөдө энергетикалык таңкыстык жаралды. Кыргызстан жылына болжол менен 15 млрд. кВт/саат электр жарыгын керектейт.

1-октябрга карата Токтогул суу сактагычында былтыркы жылга салыштырмалуу 3 млрд. куб суу аз топтолду. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев 1-октябрдагы маалымат жыйынында электр жарыгын үнөмдөө чараларына токтолду.

“Суу сактагычтагы 12,2 млрд. куб метр суу өтө жогорку тобокелдик. Жылына күз-кыш мезгилинде 6-7 млрд. куб суу сарпталат. Ага ылайык, апрель айында суунун деңгээли турбинага чейин түшүп кетет. Ага жеткирбеш үчүн өкмөт жана Энергетика министрлиги электр энергиясын колдонуу лимитин аныктады. Бул 2010-жылдагыдай район, шаарлар жарыксыз калган маал-маалы менен өчүрүү дегенди билдирбейт. Бул лимитти аткарууга чакырабыз. Башкача айтканда, жарандарды электр жарыгын үнөмдөөгө чакырабыз”, - деди Алиев.

Буга чейин бийлик электр энергиясын үнөмдөө максатында көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, кафе-ресторан, дүкөн жана башка оюн-зоок, соода борборлорунун жарнактык жарыктары белгилүү убакытта өчүрүлө турганы билдерген. Бирок өчүрүүлөр кандай болорунун планы белгисиз.

Дагы караңыз

Министрлик жарыкты үнөмдөөнү жарнактардан баштайт

Коңшулардан кандай шарт менен электр жарыгын алат?

Электрди үнөмдөөдөн тышкары Кыргызстан Орусия жана Борбор Азиядагы өлкөлөрдөн электр кубатын алат. Кайра кайтаруу келишими менен Казакстандан - 900 млн кВт/ саат. Ушундай эле келишим менен Өзбекстандан - 750 млн кВт/саат.

Өзбекстан аркылуу Түркмөнстандан 501 млн кВт/саат сатып алат. Орусиядан 2-3 млрд. кВт саат электр энергиясын алуу үчүн сүйлөшүү жүрүп жатат.

Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев журналисттер үчүн өткөн жыйында 1-октябрдан баштап Тажикстандан күнүнө 1 млн. кВт саат электр энергиясын ала баштаганын билдирди.

Доскул Бекмурзаев.

“Бүгүнтөн тартып, Тажикстандан электр энергиясын ала баштадык. Кечээ алар өздөрү телефон чалып, "электр энергия керек болсо берели" деп сунуш кылышкан. Бүгүнтөн тарта күн сайын 1 млн. кВт саат электр энергиясын ала баштадык. Айына 30-50 млн. кВт. саат электр энергиясын алууга мүмкүнчүлүк бар", - деди Бекмурзаев.

Бекмурзаев Тажикстан электр энергияны кандай шартта бере турганы сүйлөшүү учурунда белгилүү болорун кошумчалады.

Ошентип, Кыргызстан бардык коңшулардан электр энергиясын алмай болду.

Энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков быйылкы кургакчылыктан сырткары, "бул тармактагы башаламан башкаруу энергетикалык каатчылыкка алып келди" деген пикирде.

Анын айтымында, алдыңкы жылдарда Кыргызстан ири ГЭСтерди салууга кудурети жетпейт жана ал долбоор өзүн акташы кыйын. Карыбеков электр энергиясын жеринде өндүрүүгө багытталган долбоор куруу менен абалдан чыкса болорун сунуштады.

“Өзүбүздүн базалык электр станцияларды курушубуз керек. Көмүр же атомдук электр станциялар болот. 30 жылдын ичинде бул жөнүндө эч ким айтпайт. Мисалы, Кара-Кече же Бел-Алмада станция курсак болот. Бишкек ЖЭБге караганда 4-5 эсе арзан түшөт. Ошондо Токтогулдагы сууну дайыма көзөмөлдөп турмакпыз”, - деди Карыбеков.

Кыргызстандагы Токтогул ГЭСи - азыркы тапта эң ири электр кубатын өндүрүүчү. Мындан сырткары алты гидроэлектро станциясы жана эки ири жылуулук электр борбору (ЖЭБ) Бишкекте жана Ошто бар. Кыргыз бийлиги «Камбар-Ата-1» жана Жогорку Нарын каскадына төрт ГЭС куруу тууралуу айтып келгени менен так даана макулдашкан долбоору жок.