Ноябрь айынын башында президент Садыр Жапаров энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана импорттоого тыюу салуу тапшырмасын бергенин жарыялаган.
"Экономикалык киреше улут келечегинен өйдө турбашы керек"
Ал экономиканын эң башкы кыймылдаткыч күчү салык эмес, дени сак адамдык капитал экенин да эстен чыгарбаш керек экенин белгилеген.
"Жаштайынан ден соолугунан ажырап, майып болуп бараткан муун мамлекетке салык төлөмөк түгүл, тескерисинче, өмүр бою социалдык жөлөк пулдарды талап кылган катмарга айланат. Мына ошондуктан экономикалык кирешелер эч качан адам өмүрүнөн жана улуттун келечегинен өйдө турбашы керек! Мына ушундан улам, Министрлер Кабинетине улуттук коопсуздуктун негизи болгон элибиздин саламаттыгына терс таасирин тийгизип жаткан энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана өлкөгө киргизүүгө тыюу салуу маселесин бир айлык мөөнөттө карап чыгууну, алты ай аралыгында мыйзам алкагында жөнгө салууну тапшырдым".
Дагы караңыз
Жапаров энергетикалык суусундукту өндүрүү, өлкөгө киргизүүгө тыюу салуу маселесин карап чыгууну тапшырдыЖапаров өз администрациясы аркылуу жагдайды талдап чыкканын билдирген. Жүргүзүлгөн талдоого ылайык, 2025-жылы өлкөдө энергетикалык суусундуктарды ички керектөөнүн көлөмү 54 млн 199 миң литрди түзгөн. Бул болжол менен 129 млн банкага барабар. Ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында керектөөнүн көлөмү 36 млн 83 миң литрге же болжол менен 85 млн 900 миң банкага жеткен.
Жапаров чектөө киргизүүнү энергетик суусундуктары калктын саламаттыгына катуу сокку уруп жатканы менен түшүндүргөн.
"Ушул суусундуктун айынан инфаркт, кант диабети, бөйрөк оорусуна, жана башка дарттарга чалдыккан миңдеген жарандарды дарылоого, гемодиализ борборлорун ачууга жана кымбат баалуу операцияларды каржылоого республикалык бюджеттен андан да алда канча көп каражат коротууга мажбур болуп жатабыз. Медициналык чыгымдар эселеп өсүп жатат. Дарттын кесепеттери менен күрөшпөй, аны алдын алуу чараларын ойлонуп, ар тараптуу ыкчам кадамдарга барууга мезгил жетти деп ойлойм".
Көп өтпөй «Кыргыз Республикасынын аймагында кубаттандыруучу суусундуктардын жүгүртүлүшүн чектөө жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Саламаттык сактоо министрлиги энергетик суусундуктарын колдонууну азайтуу үчүн буга чейин акциздик салыкты литрине 20 сомго чейин көбөйтүүнү сунуштап келгенин билдирүүдө.
Коомдук талкуу
Бул арада, тыюу чарасын киргизүүгө активдүү каршы болгондор да бар.
Алар мыйзам долбооруна өз пикирин билдирип, аргументтерин жарыялап жатышат.
"Кубаттандыруучу суусундуктардын жүгүртүлүшүн чектөө жөнүндө" мыйзам долбооруна комментарийлерден.
Коомдук талкууда берилген комментарийлердин биринде мындай деп жазылган.
“Толук тыюу, менин көз карашымда, акцизден түшпөй калган экономикалык зыян эле эмес. Энергетикалык суусундуктун көмүскө рыногу пайда болот, алардан мамлекетке салыктар, албетте, түшпөй калат. Буга ачык мисал, буга чейинки электрондук тамеки боюнча демилгени айтсак болот, аларды мурдагыдай эле сатып алып жатабыз, бирок көмүскөдө. Анан, энергетиктерди даярдоодон жана сатуудан алынган салыктын олуттуу үлүшү атамекендик “Абдыш-Ата” ишканасынан келет болуш керек. Демек, ал жакта товарды чыгарган эле эмес, өзүндө жана ага байланыштуу тармактарда ондогон кишилерге жумуш берген өндүрүштүк линия иштейт”.
"Энергетикалык суусундуктардын Кыргызстандагы саламаттыктын абалына, оорулар менен өлүмдүн көбөйүшүнө тийгизип жаткан таасири тууралуу илимий-аналитикалык негиздемелер жок туруп, толук тыюу салуу олуттуу мамлекеттик саясат болуп эсептелбейт" деген пикирлер да айтылган.
Өкмөттүн чечимине каршы пикирин билдиргендер энергетикалык суусундуктардын курамында зыян делген кофеиндин үлүшү калк кеңири колдонгон шоколад, кофеге караганда алда канча аз экенин мисал келтирүүдө.
“Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жылына 7 миллиондон ашуун адам тамекинин айынан каза болот деп баалайт. Уюмдун маалыматы боюнча, алкогол ичимдиги 2019-жылы дүйнөдө 2,6 миллионго жакын адамдын өлүмүнө себеп болгон. Тамеки менен алкоголдун онкологиялык, жүрөк-кан тамыр жана башка илдеттер өңдүү зыяны көптөгөн изилдөөлөрдө толук аныкталган. Эгерде саламаттыкка тийгизген зыяны продуктуга тыюу салууга негиз болсо, мындай табигый суроо жаралат: эмне үчүн мындай радикалдуу чараны зыяны алда канча оор болгон тамеки же алкоголдук продукцияларга эмес, баарынан мурда энергетиктерге сунуштап жатышат?”
"Кубаттандыруучу суусундуктардын жүгүртүлүшүн чектөө жөнүндө" мыйзам долбооруна комментарийлерден.
Соодага тыюу салууда өз ара жарышкан Бишкек менен Астана
Импортко тыюуларды Борбор Азия чөлкөмүндө Кыргызстан менен Казакстан өзгөчө активдүү киргизип жатышат. Сентябрда Астана алма импортуна чектөө киргизген. Көп өтпөй Бишкек да ошондой чечим чыгарды. Эки өлкө бири-бирине алма соодалаган негизги кошуналар.
Кыргыз өкмөтү андан башка да шекер, картөшкө жана айрым курулуш материалдарынын импортуна, бир катар товарлардын экспортуна чектөө киргизип жатат.
Казак өкмөтү жакында күйүүчү майдын экспортуна да чектөө киргизгенин жарыялады. Ага ылайык, күйүүчү майды жеке унаалардын багына куюп өтүү да чектелет. Мындай ыкманы кыргыз жарандары көп колдончу.
Казакстандын мунай бекеттеринен унаасын толтуруп чыгып, Чүй-Бишкекте жол бойлой чекене сатуу өзүнчө бир ишкердиктин түрүнө айланган. Андыктан, Астананын бул чечиминен кыргыз тарапка бир кыйла таасири болушу мүмкүн.
Ошол эле маалда, “Ынтымак Ордонун” энергетик суусундуктарын импорттоого киргизип жаткан тыюусу казак өндүрүшүнө олуттуу зыян алып келет.
Анткени Кыргызстанга кирген энергетик сууларынын үчтөн экиси Казакстандан келет. Маселен, Астананын статистикасына баш баксак, 2026-жылдын сегиз айында Кыргызстанга 154 миң тонна энергетик суусундугун экспорттогонун көрөбүз. Аны 0,5 литрлик банкага айландырсак 298 млн банка болот.
Ишкер Тилек Токтогазиев экспорт-импортко тыюу чараларын киргизүү Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерине шайкеш жасалышы керектигин, ансыз эл аралык мамилелерге кесепети тийип каларын эскертүүдө.
Тилек Токтогазиев
“Мисалы, пошлиналарды, кошумча салыктарды киргизиши мүмкүн. Бирок, чектөөлөрдү киргизүү үчүн аябай чоң себептер болушу керек. Мисалы, ошол продукциядан бирөө ууланып калды, адамга кандайдыр бир зыян алып келди дегендей. Анын баарын туура анализдеп, расмий, илимий далилдер менен Дүйнөлүк соода уюмуна алдын ала өзүнчө документтерди жөнөтүп туруп, алар менен макулдашып, анан чектөө киргизсе болот. Этиятташ керек, бул оюнчук эмес. Анткени, бул эл аралык соода. Эгерде биз сырттан келген товарларга ошондой чечимдерди чыгарып атсак, биздин мамлекеттен башка мамлекетке сатып атканда дагы ошондой соода согушу башталып кетиши мүмкүн. Биз башка мамлекеттерге кандай мамиле кылсак, алар дагы бизге ошондой жооп берип коюшу мүмкүн. Мындан эч ким утпайт. Ошондуктан жалпы эрежелер бар. Баарын эреже менен туура жасашыбыз керек”.
Президенттин сөзүнө караганда, 2025-жылы Кыргызстанда 25 млн 263 миң литр энергетикалык суусундук өндүрүлгөн. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден 28 млн 430 миң литр, ал эми үчүнчү өлкөлөрдөн 1 млн 239 миң литр алып келинген.
Расмий статистикаларга карасак, Кыргызстанга энергетикалык суусундуктар негизинен Казакстан, Өзбекстан, Грузия, Польша жана Литвадан келет. Алардан башка да Түркия, Австрия, Түштүк Корея жана дагы бир катар мамлекеттердин аздыр-көптүр көлөм импорттолот.