мазмуну
- "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди.
- Мыйзамда харассмент, "эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук" деген түшүнүктөр такталып, мыйзам менен аныкталды.
- Сексуалдык ыдык эми кандай аныкталат?
Президент Садыр Жапаров 17-июлда кол койгон мыйзам гендердик теңчиликти чыңдоого, үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алууга жана эмгек чөйрөсүндөгү коопсуздукту күчөтүүгө багытталганы белгиленди. Гендердик теңчилик кантип камсыздалат, сексуалдык асылуу кандай аныкталат?
Бишкектеги окуу жайлардын бирин бүткөн Нурайым (аты өзгөртүлдү) тиешелүү документ алуу үчүн мугалимдин кабинетине киргенде ыдык көргөнүн айтып берди. Жашы өзүнөн бир топ улуу мугалим жакшы баа үчүн жакшылап аракет кылыш керек деп, аны бекем кысып кучактаган.
"Андайды күткөн эмесмин. Ал бизге сабак деле берчү эмес. Анан "кел теңешеличи, боюң канча" деп катуу кысып кучактап алды. Эмне кыларымды билбей, колу-бутум титиреп эле атып чыктым. Ошондон кийин агайдын көзүнө көрүнбөгөнгө аракет кылчумун", - деп эскерди Нурайым студенттик күндөрүн.
Окуу жайды аяктаганына бир топ жыл болсо дагы ал бул окуяны эстегенде денеси титиреп, жийиркене турганын кошумчалады.
Кыргызстанда, ал тапта, харассмент же "сексуалдык ыдык", "эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук" жана "үй-бүлөлүк милдеттери бар кызматкерлер" деген түшүнүктөр такталып, мыйзам менен аныкталды.
"Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, президент Садыр Жапаров кол койгон документ 1-августтан тартып күчүнө кирет.
Сексуалдык ыдык эми кандай аныкталат?
Мыйзамдагы жаңы аныктамага ылайык, сексуалдык асылуу - "аялдардын жана эркектердин кадыр-баркына шек келтирген, алар үчүн жагымсыз жана кемсинтүүчү сексуалдык мүнөздөгү дене бойлук, вербалдык же вербалдык эмес жүрүм-турум, жыныстык белгиси боюнча башка жүрүм-турум түрүндө көрсөтүлгөн гендердик басмырлоо".
Иллюстрациялык сүрөт.
Адамдын мындай жүрүм-турумдан баш тартуусу же макулдугу анын жумушуна таасир этүүчү чечимдерди кабыл алуу үчүн негиз катары колдонулган жагдайлар дагы сексуалдык асылуу болуп эсептелет. Ошондой эле коркуткан, кастык мамиле жараткан же кемсинткен иш чөйрөсүн түзгөн жүрүм-турум да ушул түшүнүккө кирет.
Документте сексуалдык асылууну аныктоонун жол-жобосу дагы көрсөтүлгөн. Бул бир эле жумуш ордунда болбошу ыктымал экенин эскертет:
- жумуш ордунда, анын ичинде коомдук жана жеке жайларда,
- айлык алган, эс алган, тамактанган жана санитардык-тиричилик жайларын жана кийим алмаштыруу бөлмөлөрүн пайдаланган жерлерде,
- иш жана башка сапарларда, кесиптик же башка окууда жана иш-чараларда,
- жумушка байланыштуу кат алышууларда, анын ичинде мессенжерлер аркылуу;
- иштен бара жатканда жана үйгө кайтып келе жаткан убактарда.
Ыдык көрсөтүү же харассмент – кимдир бирөөгө болгон олдоксон тамаша, кыймыл-аракет, жест, үн чыгаруу, мазактоо, сексуалдык ыдык көрсөтүү. Ыдык көрсөтүү жумушта, көчөдө же социалдык тармактарда болушу мүмкүн. Маалымат боюнча, Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда жыныстык асылууга туш болот. Бул тууралуу “Кыргызстандагы аял судьялардын ассоциациясы” жүргүзгөн изилдөөдө айтылган.
"Жумушка тиешеси жок суроолор суралбасын"
Бишкек шаарынын тургуну Венара (аты өзгөрдү) кош бойлуу болгону үчүн иштен алынган учурду эстеди. Окуя мындан жети жыл мурда болсо дагы эсинен кетпей, көңүлдө калганын айтып берди. Анткени жаш үй-бүлө үчүн бул жумуш абдан керек эле.
"Мен жумушка орношкондо 25 жашта элем. Кош бойлуулукту пландаган эмесмин, бирок ишке киргенден жарым жылдан кийин боюмда болуп калды. Мени көп өтпөй "декреттик өргүүнү күткүлө" дегенге карабай иштен кетиришкен. Азыр ошол окуяны эстегим келбейт, мага абдан эле оор тийген", - деди Венера.
Социалдык тармактын колдонуучулары мындай жагдайга көп эле аялдар кабыларын жазып, аны дискриминация деп атап жатышат.
"Мен жумушка орношкондо жашымды сураган, андан кийинки эле "балалуу болууну пландап жатасыңарбы" деген суроо болгон. "Силерди деле ата-энеңер алдын ала пландаганбы" деп сурагым келген. Мындан сырткары "үйүңөр өзүңөрдүкүбү же батирде жашайсыңарбы" деп сураганга дагы тыюу салып койгулачы. Бул дагы кызматкерди андан ары кандай пайдаланса боло турганын, анын финансылык абалын, каражатка канчалык муктаж экенин аныктаган олуттуу суроо", - деп социалдык тармактын дагы бир колдонуучусу жазды.
Эми мындан ары Кыргызстанда жумушка орношуу учурунда талапкердин милдеттерине тиешеси жок маалыматтарды, анын ичинде жеке жашоосу, балдарынын бар же жогу, бала төрөө пландары же үй-бүлө мүчөлөрүнө кам көрүү милдеттери тууралуу суроого жол берилбейт.
Бир жыныстагы адамдар гана аткара турган иштерди кошпогондо жарыяларда жумуш оруну бир гана эркектерге же аялдарга арналганын көрсөтүүгө дагы тыюу салынат.
70 пайыздан ашпашы керек: Мамлекеттик кызматтагы квоталар жана талаптар
Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кадрдык курамында бир жыныстагы кызматкерлер 70 пайыздан ашпашы керек. Эгер бирдей шарттагы эки талапкер сынактан (эркек жана аял) өтсө, бош кызмат ордуна ошол мекемеде аз көрсөтүлгөн жыныстагы талапкер кабыл алынышы зарыл.
Ошондой эле үч жылдын аралыгында кызмат ордунан көтөрүлбөгөн же квалификациясын жогорулатуу үчүн окууга жөнөтүлбөгөн кызматкер жетекчиликтен мунун себебин жана окууга жөнөтүлгөн адамдын тажрыйбасы жөнүндө маалыматтарды сураганга укуктуу.
Өзүн Толгонай деп тааныштырган кыргызстандык бул абдан маанилүү мыйзам экенин белгилеп, "кыздар декреттик өргүүгө кетип калат деген негизде көп жумушка албай турганын" айтты. "Ал үчүн төрөбөгөн же жалгыз эле карьерага басым жасаган аялдарды, болбосо, эркектерди эле алыш керек болот", - деди ал.
"Биздин бир кесиптешибизге жетекчибиз абдан орой мамиле кылып, кадимкидей эле буллинг кылчу. Жумушка орношкондон көп өтпөй боюнда болуп калган. Дагы бир кесиптешибиз ушундай эле абалга туш болгон. Ал декреттен чыккандан жарым жылдан кийин кайра кош бойлуу экенин айтканда жумуштан кетүүнү талап кылган. Жаш балалуу аялдарды көбү жумушка албаган үчүн көп аялдар убагында төрөбөй калышты", - деп жазды социалдык тармактын honey88 аттуу колдонуучусу.
Мурдагы акыйкатчы, юрист Атыр Абдрахматова бул мыйзам маанилүү жана керектүү экенин белгилеп жатат:
Атыр Абдрахматова
"Кыргызстанда гендердик басмырлоо менен сексуалдык асылуу чынында кеңири тараган көрүнүш. Мисалы, ар бирибиз жумушта же кайсы бир жолугушууларда белден алып кучактап, өзүнө бекем кысуу адаты бар эркектерди жолуктурганбыз. Же болбосо жеке чектерибизди бузуп "качан турмушка чыгасың", "качан бала төрөйсүң" ,"төрөсөң декретке чыгасыңбы" деген суроону беримиш болуп ар кандай чектөөлөрдү колдонуу да жайылган. Андыктан, кабыл алынган мыйзамдарга өзгөрүүлөр маанилүү жана керектүү. Илгертен ар бир мыйзамда дискриминацияга жол берилбейт деген кепилдиктер каралган, бирок жалпы сөз менен жазылгандыктан иш жүзүндө колдонуш кыйын эле. Жаңы мыйзамдарга өзгөртүүлөр гендердик дискриминацияга, гендердик зомбулукка же сексуалдык асылууга кабылган адамдардын укуктарын коргоонун комплекстүү механизмин киргизди. Ал ички жол-жоболорду, мамлекеттик органдарга кайрылуу мүмкүнчүлүгүн жана соттук коргоону айкалыштырганы жаңы тажрыйбаны киргизүүгө да туура келет. Мыйзамга ылайык, эгерде арыз ээси дискриминация болгонун болжолдоого мүмкүндүк берген жагдайларды көрсөтсө, анда дискриминация болбогонун далилдөө милдети жоопкерге - иш берүүчүгө же башка жооптуу жакка жүктөлөт. Бул жабырлануучунун укуктарын коргоону кыйла жеңилдеткен маанилүү жагдайды мен кубаттайм. Бир гана күмөн жараткан жери, бул гендердик дискриминацияга, гендердик зомбулукка же сексуалдык асылууга барган тарапка жоопкерчиликти тактоо керек".
Укук коргоочулар буга чейин сексуалдык ыдык көрсөтүүнү, жумуштагы асылууну, харассментти аялдарга карата зомбулук деп эсептеп, сурамжылоо өткөрүшкөн. Ага катышкандардын 43% маал-маалы менен ушундай көрүнүштөр болуп турарын белгилешсе, 21% дайыма эле болорун айтышкан.
Суралгандардын 1,3% сексуалдык зомбулукка кабылганын, ал үчүн эч ким жооп бербегенин айтышкан. Суралган аялдардын 72,7% жетекчиликтен ыдык көргөнүн айтса, теңинен көбүнө сексуалдык асылуу алардын окуусуна, жумушуна таасирин тийгизгени белгилүү болгон. Ушундай мамилеге дуушар болгон студенттердин 6% башка окуу жайга которулганын, 24,3% иштен кеткенин билдирген.
Мындан сырткары сурамжылоого катышкандар бош убактысын бирге өткөрүү сунушу айтылып, кучактаган, өпкөн, эч керек болбогон жерде сылап-сыйпаган учурлар тууралуу айтышкан.
Дагы караңыз
Бишкектеги жүрүш: Кыз-келиндер коопсуз жашоону талап кылдыБылтыр 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата Бишкекте өткөн тилектештик жүрүшүндө кыз-келиндер, укук коргоочулар "жашоонун бардык тармактарында, коомдук жайларда, үйдө, жумушта, саясатта жана активизмде аялдардын коопсуздугун камсыздоону" бийликтен суранышкан. Ошондой эле жүрүштүн катышуучулары “Аялдарга каршы ыдык көрсөтүүгө, асылууга, мазактоого көңүл буруп, эң жакын арада харассментке каршы мыйзам кабыл алууну" талап кылышкан.
Укук коргоочу жана юрист Анара Ниязова Кыргызстанда абал көңүл жылытарлык эмес деп эсептейт.
Анара Ниязова
"Кыргызстанда абал жакшы эмес. Бейөкмөт уюмдар бир эмес, бир нече изилдөө өткөргөн. Ачык маалымат жок, анткени аялдар коркот. Мисалы, мага милиция кызматында иштеген аялдар кайрылышкан. Аларга жумушка орношкондо "генерал болуу кыялың барбы?" деп сурашат дейт. Ооба десе, анда турмушка чыкпа, төрөбө деп айтышат экен. Жумуш берүүчүгө кош бойлууларды алуу пайдасыз, анткени декреттик өргүүсүн төлөш керек. Балдары барларды "сен улам больничный" ала бересиң дешет. Анан баланы кароо милдетин ким алат, аталар карабайт ооруган учурда. Кандай жоопкерчилик, ушундай жагдай болсо кимге кайрылыш керек, акыйкатчыгабы, соткобу же Эмгек инспекциясынабы, ошонун механизми так белгилениши керек. Ошондо мыйзам иштейт", - дейт Ниязова.
Мыйзамдагы жоопкерчилик жана жаза
Документ гендердик теңчиликти чыңдоого, үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алууга жана эмгек чөйрөсүндөгү коопсуздукту күчөтүүгө багытталган. Жогорку Кеңеш мыйзамдын долбоорун 2026-жылдын 4-июнунда кабыл алган. Долбоорго 40тай депутат демилгечи болгон. Алардын бири депутат Камила Талиева Кыргызстан Гендердик теңчилик боюнча эл аралык конвенцияга кошулганы менен иш жүзүндө милдетин аткарбай жатканын айтып сындаган.
Кылмыш-жаза кодексинин 189-беренесине өзгөртүү киргизилип, адамдын тең укуктуулугун жынысына же башка белгилерине карата бузган, ошондой эле укуктарын ишке ашырууга тоскоолдук кылган аракеттер үчүн айып пул же эркиндигинен ажыратуу жазалары каралды.
Кылмышы аныкталган адам эки айдан бир жылга чейинки түзөтүү жумуштарына тартылат же 20-50 миң сомго (200дөн 500 эсептик көрсөткүч) чейин айып пул салынып, эки жылга чейин кызматка бара албайт. Мындан сырткары эки жылга чейин эркиндигинен ажыратылат.
Кыргызстанда аялдардын бийликтеги орду, мамлекеттик жетекчилик кызматтардагы жетишсиздиги тууралуу маселе эгемендик алгандан бери улам көтөрүлүп келип, 2009-жылы өлкө гендердик теңдик жөнүндөгү мыйзам кабыл алган. Анда бир жыныстагы кызматкерлердин саны жалпы жамааттын 30% кем болбошу керек деп жазылган. Бирок коомчулукта бул талап көбүнчө эмгек акысы аз төлөнгөн, социалдык кызматтарда эле сакталып келе жатканына дооматтар бар.
Жогорку Кеңеште да айым депутаттардын аздыгы көп жылдан бери талкууланып, өткөн парламенттик шайлоодо аялдар үчүн туруктуу квота киргизилген. Учурда Жогорку Кеңештеги 87 депутаттын 29у же 30% айымдар.