"Инфляция 15% чейин өсөт". Улуттук банктын маалыматы, кендирди кескен кымбатчылык

Иллюстрация сүрөт.

Улуттук банк Кыргызстанда соңку бир жылдагы баанын өсүшү боюнча отчет жарыялады. Кескин кымбаттоо кызмат көрсөтүү, эт жана башка азык-түлүктө сезилген. Экинчи кварталда инфляция деңгээли 11% ашкан. Өлкөдөгү баа муну менен токтобой, жыл аягына чейин инфляция 15% жетиши мүмкүн экени отчетто айтылган.

Кыргызстандын бийлиги өлкөдөгү кымбаттоону дүйнөдөгү абал менен байланыштырып келет. Кендирди кескен кымбатчылык элдин жашоосуна олуттуу таасир этүүдө.

Улуттук банк Кыргызстандагы инфляция августка карата 12% болгонун, жыл соңуна чейин 15% жетерин божомолдоп жатат.

Инфляциянын соңку он жылдагы рекорддук секириги 2023-жылдын февраль айында катталып, 15,9% чейин өскөн. Андан бери 3,6% чейин төмөндөп барып, быйылкы жылдын башынан тартып кайра жогорулай баштаган.

Улуттук банктын Акча-кредит саясаты башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы инфляциянын өсүшү дагы деле өр тартып баратканын айтат.

Айнура Мамбеткул кызы

“Биздин баа берүүлөрүбүзгө ылайык, жылдын жыйынтыгы боюнча инфляциянын динамикасынын 15% чейин жогорулашын күтүүдөбүз. Азыркы учурда жылдык маанидеги инфляция 12% калыптанды. Негизги факторлордон болуп Жакынкы Чыгыштагы кырдаал, ошонун кесепетинен келип чыккан басым болуп эсептелинет. Ал эми орто мөөнөт мезгил ичинде биздин көргөн акча-кредит жаатындагы чаралар инфляцияны 5-7% деңгээлиндеги максаттуу көрсөткүчкө алып келет деген ишенимдебиз”.

Мекеменин 2026-жылдын биринчи жарымындагы отчетунда кызмат көрсөтүү тармагындагы баалардын жогорку темпте өсүшү жалпы инфляцияга эң чоң салымын кошкону жазылган. Кафе-ресторандардагы 10-15% тейлөө акысын жоюу, тармакты фискалдаштыруу, азык-түлүк, отун-энергетика тармактарындагы жагдайлар баанын өсүшүнө кыйыр таасир кылган.

Улуттук банктын Акча-кредит саясаты башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы фискалдык реформалар кызмат көрсөтүү тармагындагы баанын өсүшүнө түрткү бергенин билдирди:

“Жыл башынан бери инфляция 7,5% калыптанды. Анын структурасында 21-августка карата азык-түлүк баасы 6,4%, азык-түлүк эмес товарлардын баасы 6,6% көтөрүлгөн. Негизги өсүш кызмат көрсөтүүлөргө болгон баалардын өсүшү болгон. Жыл башынан бери алардын баасы 11,3% жогорулаган. Кызмат көрсөтүүлөрдүн кымбатташына салыктык башкаруунун санарипке өткөнү таасир этти. Анын натыйжасында ресторандарда жана мейманканаларда баалар өскөн. Бул инфляцияга таасир этүүчү бир фактор болуп эсептелинет. Бирок, кийинки кездерде мунун натыйжасы жоюлушу күтүлүүдө”.

Импорттон көз каранды мамлекет катары Кыргызстанда инфляцияга адатта тышкы жагдайлар көп таасир кылат.

Маселен, дүйнө жүзүндөгү согуштардан улам мунай каатчылыгы бааларга таасир кылган негизги себеп болууда. Мындан Кыргызстан да четте калган жок. Геосаясий абалдын курчушу, мунай продукцияларынын наркынын өсүшү транспорттук-логистикалык жана өндүрүштүк чыгымдарды көбөйтүп, андан ары товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн баасына да жетти.

Улуттук банк отчетунда “экономикасы чакан жана ачык, импорттон көз каранды болгон Кыргызстан үчүн бул канал тышкы инфляциялык басымдын кыйла маанилүү булагы катары” сакталаары белгиленген.

Мекеменин отчетундагы маалыматтарга ылайык, бир жыл ичинде бензин 17,7%, дизель отуну 26,4% кымбаттады. Бул, өз кезегинде, бардык тармактарда баанын өсүшүнө түрткү берүүдө.

Жеткирүүчүлөр, дистрибьюторлор жана өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Гүлнара Ускенбаева күйүүчү майдын каатчылыгы логистиканы татаалдатканын айтууда.

Гүлнара Ускенбаева

“Ормуз кысыгындагы абал күйүүчү майдын баасынын өсүшүнө эң катуу таасир кылды – жүк ташуу эки эседен ашуун кымбаттады. Тенденция баалар дагы өсөрүн көрсөтүп жатат. Биздин мүчөлөрүбүз унаа табуу өтө кыйын болуп жатканын айтууда. Жадагалса өндүрүүчүдө товары бар болсо да биз дайым эле аны өлкөгө алып келе албай жатабыз. Анткени ылайык келген ташуучу жок. Маселен, мурда Орусиядан азык-түлүк алып келгенде ал жакка карай Вайлдберризге биздин тигүүчүлөрдүн товарларын алып кетишчү. Азыр Вайлдберриздин жагдайын көрүп турабыз. Андыктан азыр ал жакка унаа мурдагыдай болуп каттабай калды. Артка карай жүк жок”.

Муну менен катар электр энергиясы жана коммуналдык кызматтардын тарифтеринин, бюджеттик чыгашалардын, эмгек акынын көбөйүшү, калктын керектөөсүнүн өсүшү жана инвестициялык жигердүүлүктүн жогорулашы инфляциянын өсүшүнө таасирин тийгизген. Ошондой эле баага бизнес чыгымдарынын, анын ичинде энергия ресурстарына, ташууга жана эмгекке төлөөгө байланыштуу чыгымдардын өсүшү да кошумча болгон.

Евразия өнүктүрүү банкынын талдоочулары коммуналдык тарифтердин өсүшү баанын кымбатташына олуттуу таасир кылганын белгилеген. Былтыртан бери электр энергиясы 19,7%, суунун тарифи 12,8% өстү, газдын кымбатташы 10% ашты.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев инфляциянын ички себебин Кыргызстанда өндүрүштүн көлөмү чектелүү болгондугуна байланыштырууда.

Дастан Бекешев

“Биринчиден, электр энергиянын баасынын өсүшү. Экинчиден, бизде чыгарылган азык-түлүк өндүрүшү өтө аз. Үчүнчүдөн, атамекендик өндүрүш өтө көп көлөмдөгү товарларды чыгарбайт. Ошондуктан инфляция болуп атат. Азыр өкмөт ошону, биз кантип инфляцияны төмөндөтөбүз дегенди көрсөтүш керек. Себеби бул азыр Кыргызстанда эң чоң маселе болуп жатат. Көбүрөөк экономикалык мыйзамдарды иштеп чыгыш керек”.

Соңку жылдары Кыргызстанда бюджеттик тармактын кызматкерлеринин айлык-маянасы бир кыйла өсүп, аны жеке сектор да коштоп келет. Калктын сатып алуу жөндөмүнүн өсүшүнө керектөө насыяларынын жеткиликтүүлүгүнүн кеңейиши да кошумча түрткү берген.

Статистикага көз чаптырсак, быйылкы жылдын январь-июнь айларында реалдуу эмгек акы 15,3%, ал эми улуттук валютада берилген керектөө насыялары 16,5% өскөн.

Деген менен, Улуттук банктын 10-сентябрда жарыялаган сурамжылоосу көрсөткөндөй, Кыргызстан калкынын 15% гана негизги киреше булагы токтоп калган учурда 6 айдан ашык жете турган каржылык ресурска ээ. Ал эми 29% бир айдан алты айга чейин, дагы 32% бир айга өзүн камсыздай алат.

Эл аралык финансы институттары Кыргызстанда айлык акы бир нече жыл өзгөрбөй келип, анан кескин көтөрүлүп кетерин, мындай ыкма өлкөдөгү инфляцияга олуттуу тобокелдик жаратарын айтып келет. Эл аралык валюта фонду мамлекеттик башкаруудагы маянаны административдик персоналды кыскартуу аркылуу жана аз-аздап, бирок ырааттуу көтөрүүнү сунуштаган.

Ошентип, Кыргызстанда экинчи кварталда инфляциянын өсүшү 11% ашты. Күйүүчү майдын кымбатташы менен башка товарлардын баасы да өсүүдө.

Өлкөдөгү кымбатчылык Ош шаарында дагы сезилерлик байкалууда. Былтыр сентябрь айында эт 750 сомдон сатылса, быйыл 870 сомго жетүүдө. Айлык маянага иштеп, пенсия алган элдин катмары мамлекет төлөп берген каражат турмуш-тиричиликке жетпей жатканын айтп келет.

"Азаттыктын" Оштогу кабарчылары эл арасында сурамжылоо жүргүзгөндө төмөнкүдөй жоопторду укту:

- Эт элге аябай кымбат. 900-1000 сом кылып жиберсе болбойт да.

- Азыр эт 870 сом деп жатат. Кичине эле эт, калганы сөөк, май болуп калат экен. Бул чоң үй-бүлөлөргө эч нерсе болбой калат.

- Айлык жетпейт. Балдарым Москвада иштейт. Окуучуларга кийим кылып жатабыз. Жеткириш кыйын аябай. Үнөмдөгөндө, кечээ ушул базардан кийим кылып кеттик. 1 балага 20 миң сом болду. Жетпей калып бүгүн дагы алдык.

- Дары да кымбаттап кетти. Тамак-аш дагы, помидор 100 сом азыркы мезгилде.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Ош облусунун аймагында уй эти 770 сомдон, ал эми кой эти 880 сомдон ашырбай сатылышы керектигин билдирген. Бирок ага карабай баа өсүүдө.