Дональд Трамп өзүнүн социалдык баракчасына Тегерандын 10 пункттан турган талабы тууралуу учкай айтып өткөн, бирок ал тууралуу Ирандын мамлекеттик телеканалынын маалыматынан кийин толук белгилүү болду.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы Алекс Рауфоглу Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин Иран боюнча мурдагы директору Нэйт Свенсон менен маектешти.
- Дипломатиялык аракеттерди сөз кылсак. Пакистан ок атууну 45 күнгө токтотуу шарты камтылган эки баскычтуу макулдашуунун долбоорун сунуш кылды. Иран кайсы талаптарга эч качан көнбөйт деп ойлойсуз? Кандай компромисстерге барышы мүмкүн?
- Иран согуш бир нече айдан кийин кайрадан тутанбайт деген кепилдиктердин берилишин көздөйт. Алар ок атуу убактылуу эмес, туруктуу токтосун деген талап коюшууда. Ошон үчүн кыска мөөнөттүү сунуштарды четке кагып жана башка шарттарды талап кылып келет.
Экинчиден, Иран Ормуз кысыгын көзөмөлдөөдөн экономикалык пайда табууну каалайт. Муну кенемте деп атаганы менен иш жүзүндө мунай ташыган бул маршрутка байланыштуу экономикалык концессиялар туруктуу киреше алып туруу инструментине айланышы ыктымал.
Дагы караңыз
АКШ менен Иран атышууну эки жумага токтотту, Ормузда кемелер өтө баштадыАкыркы күндөрдө Ирандын өзүнө болгон ишеними артып жаткандай. Эмнелерге жете аларына ашыкча ишенип турат. Талаптары кеңейип, эми Ливандагы согуштук аракеттер өңдүү, мурда Тегерандын позициясынын чордонуна чыкпаган регионалдык алкактагы маселелерди камтып калды. Бул өз кезегинде байгенин баасын жогорулатып, келишимдин ишке ашуусун алыстатты.
- Иранда жетекчилик алмашты. Прагматикалык фракция пайда болду деген белгилер барбы же ашынган консерваторлор көзөмөлүн күчөтүүдөбү?
- Ирандагы система абдан жабык. Өлкөгө жакындан көз салган кишилерге да чечимдерди ким кабыл алып жатканын же бийлик кандайча бөлүштүрүлгөнүн баамдоо кыйын.
Ошол эле маалда катаал саясатты жүргүзүүнү жактаган эскичил саясатчылар күчтүү болуп калды. Айрымдары соңку окуялардан пайдаланып алдыга суурулуп чыкты, таасирдүү фигураларга айланды. Жалпы тенденция катаал саясатты жүргүзгөндөр чечимдерди кабыл алууга көбүрөк катышып калганын көргөзүүдө. Бул бара-бара бийликтин толук консолидациясына алып келеби же жокпу, азырынча айтуу эрте. Мындай өткөөл процесстер бир күндө аяктабайт.
- Президент Трамптын ирандыктар эркиндикке жетүү үчүн инфраструктарынын талкаланышына да макул болууга даяр деп айтканы бар. Сиз бул ойго кошуласызбы?
- Ирандын коому түрдүү. Албетте режимдин кулашын каалаган кишилер бар, башкалары аны катуу колдошот. Калктын маанилүү бөлүгү ушул эки топтун ортосунда болуш керек жана аман калуунун амалын издөө менен алек деп ойлойм.
Элдин жапырт мобилизация ыктымалдыгы төмөн деп ойлойм. Айрым топтор Тегеранга кысым көрсөтүүнү улантууну колдосо, башкалары согуштун аякташын каалашат. Жалпылап айтуу кыйын, менимче, элдин өзүнөн да түрдүү жооп түшсө керек.
Азыркы кырдаалда элди көтөрүлүүгө чакырык таштоо абдан опурталдуу болуп калат. Нааразылык акциялары ырайымсыз, күч менен басылган, коопсуздук күчтөрүндө каршы тарапка өткөндөр аз болду. Ирандыктарды көчөлөргө чыгууга шыкактоо сезилерлик жыйынтыкка алып келбестен, адам өмүрлөрүн тобокелге кептеши ыктымал.
Дагы караңыз
Трамп Иранды эки жумага бомбалоону токтотту, Иран Ормуз кысыгын ачууга макул болдуУзак мөөнөттүү перспективадан алганда, Ирандын жетекчилигиндеги чечим кабыл алуу жараянына таасир этүүгө көңүл буруу зарыл. Иранды ким башкарбасын, алардын тандоосу өлкө турукташып, өнүгөбү же жаңжалдын сазына батып, обочодо калабы деген маселеге таасир этерин түшүнүүгө тийиш.
- Сиз Тегеран азыркы окуяларга былтыркы июнда болгон соккулардын уландысы катары караганын айткансыз. Ал эми АКШ муну жаңы башталыш деп сыпаттайт. Иран үчүн бул жашап кетүү күрөшү. Вашингтон менен Тегеран ортосундагы фундаменталдуу ажырым дипломатиялык мунаса табуу ыктымалдыгына кандай таасир этүүдө?
- Бул эң чоң тоскоолдук. АКШ алдыга тез жылууну көздөйт, Иран болсо тарыхый таарынычтарга жана өткөн чактагы аракеттерге көбүрөөк көңүл бурууда. Муну менен катар Вашингтон өзөктүк келишимден чыкканын жана андан кийинки окуяларды эске алганда ортодо терең ишенбөөчүлүк орногон. Бул өз кезегинде сүйлөшүүлөрдү татаалдаштырууда.
2025-жылкы жаңжалдан кийин Ирандын позициясы мурдагыдан да катаал болуп калды. Ийкемдүүлүк азайды, жетекчилик мунасага келүүгө эмес, узак тирешке даярдыкка көбүрөөк көңүл буруп жаткандай.
- Жаңжал создугуп кетсе, Иранга каршы турган өлкөлөрдүн биримдигине кандай таасир этиши мүмкүн? АКШ менен өнөктөштөрдүн ынтымагы сакталабы же Тегеран менен өз-өзүнчө макулдашууга аракеттенишеби?
- Пикир келишпестик жаралышы толук ыктымал. Европалык да, Перс булуңундагы өлкөлөр да өз позицияларын кайра карап чыгып, АКШ менен да, Иран менен да алакаларына түзөтүү киргизүүдө.
Кыска мөөнөттүү көз караштан алганда, алар өз ара макулдашып иш алып барып жатышат. Жаңжал уланган сайын ошол өлкөлөргө өз кызыкчылыктарын көбүрөөк ойлоого, балким Тегеран менен өзүнчө макулдашууга туура келиши мүмкүн.
Биз европалыктардын жана Перс булуңундагы мамлекеттердин аракеттеринде андай жылышка азыртадан эле күбө болуудабыз. Сыягы ошол ажырым убакыт өткөн сайын даана сезиле баштайт.